КТРКнын жетекчилиги «Тоолуктардын ток-шоусу» берүүсүнүн алып баруучусун кызматтан кетирип, берүүнү жарым жылга жапты. Буга берүүнүн 2014-жылдын декабрындагы чыгарылыштарынын биринде Жазуучулар союзунун мурунку башчысы Абдрахман Алымбаевдин «улутчул маанайдагы» ой-толгоосу себеп болгон.
10-июнда Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) билдирүү таратты ― «Тоолуктардын ток-шоусу» берүүсүнүн чыгарылыштарынын бирин текшерүү үчүн түзүлгөн атайын комиссия ток-шоуну убактылуу жабуу жана алып баруучу менен түзүлгөн келишимди токтотуу чечимине келген.
Каналдын билдирүүсү боюнча, комиссия көрсөтүүдө өлкөнүн сот жана укук органдарында талаштын себеби болушу жана коомдо кайчы пикирди жаратуусу мүмкүн болгон билдирүүлөргө жол берилген деген жыйынтыкка келген.
«Комиссия аталган көрсөтүүдө айрым кызматкерлер тарабынан каналдын Редакциялык саясаты менен бекитилген КТРКнын аудиторясына жоопкерчиликтүү мамиле принциби бузулганын белгилейт. Эфирге берилген көрсөтүүнүн мазмуну жана форматы жетишээрлик деңгээлде кызматкерлер тарабынан көзөмөлгө алынган эмес деп эсептейт», — деп жазылган корпорациянын билдирүүсүндө.
Текшерүүнүн жыйынытыгы боюнча комиссия төмөндөгүдөй токтом чыгарган:
- «Тоолуктардын ток-шоусу» берүүсүн көрсөтүүнү 2015-жылдын октябрына чейин токтотуу жана анын концепциясын кайрадан карап чыгуу;
- берүүнү даярдоого жооптуу болгон «Ибарат» студиясынын продюсери Назира Аалы кызына эскертүү берүү;
- берүүнүн комментатору жана автору Гүлнара Пратовага сөгүш жарыялоо;
- берүүнүн алып баруучусу Мирхамид Токтогулов менен түзүлгөн келишимди 2015-жылдын октябрына чейин токтотуу.
Корпорациядан берүүнүн үстүнөн көзөмөл «күчөтүлөрүн» жана «Ибарат» студиясынын кызматкерлерине телеканалдын аудиториясына «жоопкерчиликтүүрөөк мамиле кылуу» буйругу бериле тургандыгын билдиришти.
КТРКнын жетекчилиги Алымбаевдин билдирүүлөрүн текшерүү менен алардын комиссиясы алектенбестигин белгиледи.
«Өлкөнүн тиешелүү укук коргоо жана сот органдары гана, мыйзамда бекитилген тартипте, жарандардын аракеттерине укуктук баа бере алышат», — деп жазылган корпорациянын билдирүүсүндө.
«Арстандар менен чөөлөр»
Ток-шоунун чуулгандуу чыгарылышы КТРКнын эфиринде 2015-жылдын 5-декабрында көрсөтүлгөн. Анда Жазуучулар союзунун мурунку башчысы Абдрахман Алымбаев этникалык кыргыздарды «арстандарга», а Кыргызстанда жашаган башка улут өкүлдөрүн «чөөлөргө» салыштырган.
Жарым жылдан кийин, 2015-жылдын май айында ал берүү тууралуу «МК-Азия» гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов жазып чыккан. Анда ал Алымбаевдин айткандарын «улутчул маанайдагы» билдирүү деп атап, мамлекеттик башкы каналды «улутчулдукту» пропагандалоого айыптаган.
«МК-Азия» гезитинин башкы редакторунун айтымында, ал берүүнүн аталган чыгарылышын кыргыз интернет-басылмаларынын сайттарын карап жатып кокустан көрүп калган.
«Бул сюжетти мекендештерибиздин көпчүлүгү көрбөй калган болуш керек деген ойдомун, анткени берүү кыргыз тилинде болгон», — деп жазган анда Бабакулов.
Журналисттин ал билдирүүсү Кыргызстандын саясатчылары менен маалымат каражаттарынын арасында кызуу талкуу жараткан, а Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Алымбаевдин айткандарында «улуттар аралык кастыкты козутуу» чакырыктарынын бар-жоктугун текщерүү үчүн экспертиза дайындаган.
«Кыргыз кыздары түрдүү улуттагы эркектерге турмушка чыгып жатышат, ошондой эле кыргыз жигиттери да [түрдүү улуттарга] үйлөнүп жатышат. Бул деген арстандын баласы чөөнүн кызын аялдыкка алгандай же чөөнүн баласы арстандын кызына үйлөнгөндөй эле», — деп жазган Бабакулов Алымбаевдин айткандарын.
Азырынча УКМКнын басма сөз кызматынан экспертизанын жыйынтыктарын көрсөтүшкөн жок жана Мамлекеттик тил комиссиясына кайрылуубузду өтүнүштү — бирок ал жактан да Kloop.kgнин кабарчысынын суроолоруна жооп бере алышкан жок.
Улутчулдукту козутуу айыптары
9-июнда Бабакулов «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасына 64 кишиден турган топ аны «улуттар аралык кастыкты козутууга» жана «экстремисттик материалдарды таратууга» айыптап, ага каршы УКМКга арыз жолдогондуктарын жазган.
Анын айтымында, Бабакуловго каршы жазылган арызга кол койгондордун арасында сойкуканалар менен секс-кызматтарын көрсөткөндөргө карата өткөргөн рейддери менен белгилүү «Кыргыз чоролору» кыймылынын мүчөлөрү дагы бар.
«Негизги дооматтар «айкөл кыргыз эли өз жеринде түрдүү улуттардын өкүлдөрүн: депортацияланган кавказдыктарды, качкын дунгандар менен түрктөрдү, байкуш өзбектер менен уйгурларды баш калкалаткан» деген пикирлерге негизделген. Анан Бабакулов пайда болуп, айкөл кыргыздар менен башка элдердин ортосуна бүлгүн салууда», — деп жазган «МК-Азиянын» башкы редактору.
Бабакуловдун социалдык түйүндөрдөгү жазууларына ылайык, ага каршы арыз жазгандар журналист Ош менен Жалал-Абаддагы улуттар аралык кагылышуулардын беш жылдыгынын алдында берүүнүн ал чыгарылышына көңүл буруп, «улуттар аралык мамилелер маселесин козгоп жатат» деп кыжырданышууда.
«Кыргыз чоролорунун» лидерлеринин бири Замирбек Көчөрбаев Kloop.kgге курган маегинде алар берүүдөн «улутчул маанайдагы эч нерсени көрбөгөндүктөн» улам журналист Бабакуловго каршы жазылган арыздын алдына кол койгондуктарын айтты.
«Биз ал берүүнү көрүп чыктык жана андан эч кандай улуттар аралык кастыкты козутууну көргөн жокпуз. Болгону Бабакулов өзү ошентип эсептеп жатат, ошондуктан биз [Кыргыз чоролору] УКМКга жолдогон ал арызга кол койдук», — деди Көчөрбаев.