Жол кайгуул кызматынын тескөөчүсү 12-июнга караган түнү Чүй облусунун Москва районунда 23 жаштагы айдоочуга карата «ок чыгарган». Жыйынтыгында айдоочу ооруканада көз жумган. Учурда ИИМ бул боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүүдө.

ИИМдин басма сөз катчысынын айтымында, ЖКК кызматкерлери 12-июнга караган түнү «жол чырак кызыл күйүп турганда токтобой өтүп кеткен» «Ниссан Альмера» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Тилек Шабаевди токтотууга аракет кылышкан.

ИИМ айдоочу баш ийбестен, жашырынып кетүүгө аракет кылгандыгын, жыйынтыгында ЖККнын тескөөчүлөрү анын артынан түшкөндүктөрүн билдирүүдө.

«Сокулук районунун Асыл-Баш айылынынын жанынан алар эреже бузган айдоочуну кубалап жетишип, жолдо коркунуч жаратып жаткандыктан унааны токтотуусун талап кылышкан. ЖКК кызматкерлери эскертүү катары асманга бир нече жолу ок атышкан. Бирок айдоочу качып кетүүгө аракет кылган, ошол маалда куралдан ок чыгарылган», — деп билдиришти Kloop.kgге ИИМдин басма сөз кызматынан.

Шабанов «оор жараат» алгандан кийин аны «тез аранын ичинде Москва районунун аймактык ооруканасына жеткиришкен», бирок ал анда эсине келбеген бойдон көз жумган.

Учурда мекеме бул боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп жатат.

«Азыр тескөөчүлөрдүн аракеттерине юридикалык баа берилүүдө. Эгер кылмыш иши козголсо, анда ага карата тергөө башталат. А эгер ал куралды белгиленген максатта жана мыйзамдын чегинде пайдаланган деп аныкталса, анда албетте эч кандай жаза албайт», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Мекеменин басма сөз кызматы «тескөөчүнү каза болгон айдоочунун туугандарынан эч ким жашырбагандыгын» баса белгиледи. Бирок Шабановдун жакындары карама-каршы версияны айтып жатышат.

Каза болгон айдоочунун туугандары прокуратуранын кызматкерлери «ишти токтотуу» үчүн «ЖКК кызматкерин жашырып жатышат» деп эсептеп жатышат.

Алардын версиясы боюнча, Шабаев түн ичинде Москва райондук Каттоо кызматындагы кесиптештери менен бирге үйүнө кайтып келе жаткан. Анан аларды рулда формачан ЖКК кызматкер отурган унаа кубалап баштаган, ал кызматтык унаа болгон эмес.

«Ал автоунааны кубалап жеткен соң ок чыгарып баштаган. Биринчи ок Тилектин колуна, а экинчиси жүрөгүнө тийген», — деп жазган «24.kg» агенттиги туугандарынын айткандарын.

Туугандары ЖКК тескөөчүлөрү кызмат абалдарын ашыкча пайдаланышкан деп эсептеп, Шабановдун денесине экспертиза өткөрүлүшү керектигин билдирип жатышат.

«Бизде Тилектин тескөөчүнү сүзүп кетүүгө аракет кылбагандыгы тууралуу айтып жаткан күбөлөрүбүз бар. Ал Тилекти жеке унаа менен кубалаган, милиционердин ал аракеттеринин себептери белгисиз», — деп билдиришкен алар.