Талкуулардын чыгышына 28 панфиловчунун эрдигин «миф» деп атаган Орусиянын Мамлекеттик архивинин башчысы Сергей Мироненконун айткандары себеп болду. Анын билдирүүсү кыргызстандык интернет колдонуучулардын арасында кызуу талкуу жаратты.

Мироненко өз билдирүүсүн 11-июнь күнү Москвада өткөн Орус басма сөзүнүн бүткүл дүйнөлүк конгрессинде жасаган. Анда ал 1948-жылдагы иликтөөлөргө шилтеме жасоо менен 28 панфиловчунун эрдигин «өз жашоосун жашап өткөн миф» деп атаган.

«Мифтерге жармашууну токтотуу керек. Дубосековонун алдындагы салгылашта 50 немис танкасын токтоткон делинген эч кандай 28 панфиловчу болгон эмес. […] Анын бардыгын аскер прокуратурасы 1948-жылы эле аныктаган», —деп жазган «Радио Свободы» анын айткандарын.

Панфиловчулар — Иван Панфиловдун аткычтар дивизиясынын 1941-жылы Москваны коргоого катышкан аскерлери. Дивизиянын көпчүлүк бөлүгү Казак жана Кыргыз ССРлеринин аскерлеринен турган. Алардын 28и Москванын алдындагы салгылашта душмандын танкалардан турган колоннасын токтоткондугу менен өзгөчөлөнүшкөн.

Мироненконун айтымында, эрдиктин ойдон чыгарылгандыгы тууралуу материалдар жашыруун сакталган. Ал конгрессте аны мындай билдирүүгө «чындыкты айтуу милдети» түрткөндүгүн айтты.

Кыргызстандын Мамлекеттик архивинин башчысынын орун басары Елена Романова Kloop.kgге берген маегинде Орусиянын Коргоо министрлигинин архивинде «Панфилов дивизиясына» аскерге чакырылгандар тууралуу документтердин бар экендигин айтты.

«А анда президент Москвадагы «панфиловчу-баатырлардын» эстелигинин ачылышына эмнеге барып келди? Ата мекен үчүн согушуп курман болгон адамдардын эрдиктерин кантип миф деп айтууга болсун?» — деп нааразычылыгын билдирди ал.

Мироненконун билдирүүсү интернеттин кыргызстандык колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жаратты. «Дизель» форумунун колдонуучулары Орусиянын Мамархивинин директорунун «орунсуз сөзүнө» нааразы болушууда.

«Албетте, панфиловчулар дагы, Москва дагы болгон эмес, согушту биз эмес а америкалыктар жеңип аягына чыгарышкан, а мүмкүн биз Германияга кол салгандырбыз?», — деп жазган Гугл аттуу колдонуучу.

«Дизелдин» Бухарбай деген колдонуучусу расмий адам тарабынан мындай билдирүүнүн жасалышын «кемсинтүүгө барабар» деп эсептейт.

«Биздин мекендештерибиздин, алардын ичинде мурунку СССРдеги мекендештерибиздин эрдигинен күмөн саноо, болгондо да Орусия Федерациясынын расмий адамы тарабынан – бул кемсинтүү», — деп жазган ал.

Форумдун кээ бир колдонуучулары Мироненкону АКШнын пайдасына «тыңчылык кылууга» айыпташты.

«Мамлекеттик департаментчилер бардык жакта, Орусия Федерациясынын Мамархивинин директору кызматын да ээлеп алышыптыр», — деп эсептейт Obama Barack аттуу колдонуучу.

Өз пикирин жазгандардын арасында 28 панфиловчунун болгондугунан күмөн санагандар да болушту. Bai Lang деген колдонуучу Мироненконун пикири менен макул.

«Силердин эч кимиңер ал салгылашты сүрөттөгөн же изилдөөлөр көрсөтүлүп күбөлөндүргөн документтерди көргөн эмессиңер. Ошондуктан тигил тараптыкы же бул тараптыкы туура деп толугу менен чечкиндүү болболбой эле койгонубуз оң. Бирок мен ээлеген кызматына жараша Сергей Мироненко кыйла эле көп маалыматка ээ дегенге ыктайм», —деп жазган Bai Lang.

Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Чолпон Турдалиева Мироненко «кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн» иштеп жатат деп эсептейт.

«Эмнеге бул маалыматты биз ЕАЭБге киргенден кийин азыр көтөрүп чыгып жаткандыктары түшүнүксүз. Мени Мироненко мырзанын кимдин кызыкчылыгы үчүн мындай маалыматты чыгарып жаткандыгы кызыктырып жатат», — деп билдирди Турдалива Kloop.kgге берген маегинде.

Анын пикиринде, 1948-жылы жарыяланган бир эле документ менен же Мироненконун гана сөздөрү менен чектелүүгө болбойт.

«Ал кезде өтө күчтүү цензура болгон. Эгер эрдик болбогондо кабарчылар өз ойлорунан чыгарып жаза алышмак эмес. Мен 28 панфиловчунун эрдиги болгон деп эсептейм», — деди профессор.

Сүрөттө: Панфиловчу-баатырлардын мемориалы, Дубосеково, Москва облусу.

Булак: Ирина Марееванын блогу