Онтарионун Апелляциялык соту Кыргызстандын «Центеррадагы» 4 млн. акциясын камакка алуу чечимин жокко чыгарды. Акциялар «Систем Мюхендищлик» түрк компаниясынын сурамы менен 2011-жылы камакка алынган болчу.

Мамлекеттик «Кыргызалтын» компаниясынын басма сөз кызматы Онтарионун Апелляциялык соту Кыргызстандын «Центеррадагы» 4 млн. акциясын камактан чыгаргандыгын билдирди. «Центерра» алтын өндүрүүчү «Кумтөр» ири кенинин акцияларынын 100 пайызына ээлик кылат.

Акциялар 2011-жылдын апрелинде Бишкектеги «Ак-Кеме» мейманканасын «рейдерлик басып алуу» иши боюнча Кыргызстан менен соттошуп жаткан түркиялык «Систем Мюхендищлик» компаниясынын сурамы менен камакка алынган. 2005-жылы мейманкана учурдагы ээси Руслан Сарымсаковдун колуна өткөн.

2009-жылы Женеванын Эл аралык арбитраждык соту Кыргызстан түрк компаниясына 11 млн. АКШ долларын төлөп бериши керек деген токтом чыгарган, бирок кыргыз бийлиги компенсация төлөгөн эмес.

2014-жылдын апрелинде Онтарионун Жогорку соту Кыргызстан «Центеррадагы» акциялардын ээси болуп эсептелерин токтом кылып, акциялар менен үлүштүк кирешелердин бир бөлүгүн «Систем Мюхендищликтин» пайдасына берген. Ошол эле жылдын октябрында «Кыргызалтын» ал чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Онтарио сотунун Апелляциялык сотуна аппеляциялык арыз жолдогон.

19-июнда Апелляциялык сот «Кыргызалтындын» арызын канаттандырып, Жогорку соттун чечимин жокко чыгарды.

«Соттун токтомунда «Систем Мюхендищлик» түрк компаниясы Кыргыз Республикасын кабардар кылбагандыгы жана соттук материалдарды талаптагыдай бербегени менен «Мамлекеттик иммунитет жөнүндөгү» Канаданын мыйзамынын талабын бузгандыгы көрсөтүлгөн», ― деп жазылган мамкомпаниянын пресс-релизинде.

Ошондой эле «Кыргызалтын» өз билдирүүсүндө Онтарионун Апелляциялык соту компаниянын «Центеррадагы» акцияларын каалаган насыя берүүчү конфискация кыла алчу пайыздык чечимди дагы жокко чыгаргандыгын жазган.

«Кыргызалтындын» басма сөз кызматынан түркиялык компания бул чечим боюнча дагы даттана ала тургандыгын кошумчалашты.

Онтарионун Апелляциялык сотунун чечими Онтарионун Жогорку сотунун аппеляциялык бөлүмү тарабынан Кыргызстандын «Центерра» компаниясындагы 47 млн. акциясы камактан чыгарылгандан бир апта өткөн соң кабыл алынууда. Акциялар канадалык «Станс Энерджи» компаниясынын сурамы боюнча 2014-жылы камакка алынган болчу.

Тема боюнча: «Кыргызалтын»: Кыргызстандын «Центеррадагы» акциялары камактан бошотулду