Бишкектин «Жашылдандыруу» ишканасынын башчысы Анвар Атантаев Kloop.kgге борбордогу бактар «жашоо циклинин аяктоочу баскычында» экендигин билдирди.

Атантаев Бишкектеги бактардын абалына көптөгөн факторлор таасир эте тургандыгын айтты, Мисалы, алардын ичинде газдангандык жана аэрациянын (желденүүнү) жоктугу дагы бар.

«Бактар өзүнүн жашоо циклинин аяктоо баскычында турушат. Алардын жашап туруусуна кыйла олуттуу шарттар керек. […] Абанын тамыр системасына жетиши үчүн аларды жашоосуна зарыл болгон көлөмдөгү жер аянты менен камсыз шарт», — деди ал.

Атантаевдин айтымында, тамыр системасы аба менен камсыз болушу үчүн бактар брусчатка менен кысылбоосу керек.

«Бактарды өз убагында кесип, эскилерин, кургап калгандарын алып, алардын ордун жаңы бактар, көчөттөр менен толтуруу зарыл», — деди «Жашылдандыруу» ишканасынын башчысы.

Экологиялык коопсуздук боюнча башкармалыктын улук тескөөчүсү Расулбек Жусупов шаардагы бактардын абалын «начар» деп баалайт.

«Негизинен сугат суу жетишпейт. Кээ бир бактар эски. Бактарды кесүү иштери жүргүзүлбөйт. «Жашылдандыруу» ишканасы анын бардыгына өз убагында көз салып туруусу керек болчу. Бирок андай иштер жүргүзүлбөй эле», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Анын айтымында, бактардын жакшы абалда болушу үчүн «Жашылдандыруу» ишканасы аларды өз убагында карашы керек.

«Биз «Жашылдандыруу» ишканасын күнөөлү деп эсептей алабыз. Алар өз убагында бактарды кыйып, көчөттөрдү отургузуп, эмендерди карашы керек болчу. Бактар үчүн таптакыр туура келбеген дары. Мындан кийин алар кандай жыйынтык күтүп жатышты эле?» — деди Жусупов.

Автор: Азамат Кубанычбек уулу.