Жогорку сот Азимжан Аскаровго карата өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды

Азимжан Аскаровдун тергөө иши боюнча райондук жана областык соттордун өкүмүн Жогорку Сот өзгөртүүсүз калтырды. Ошого карабастан укук коргоочулар жана адвокаттар мындай чечим менен макул эмес, бирок алар ушундай болоорун билишкен.

Азимжан Аскаровдун сот иши бир нече жолу жылдырылган. Бирок, 20 -декабрда Жогорку инстанция Аскаровдун ишине чекит коюп, Джала-Абад областтык сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

«Жогорку соттун чечими акыркы жана кайра каралбайт» деп билдирди жогорку соттун басма сөз кызматы. Аскаров менен биргеликте дагы төрт адам өмүр бою эркинен ажыратылды.

«Эркиндин үнү» укук коргоо борборунун жетекчиси Сардар Багишбековдун айтымында, соттун өкүмүн БУУнун адам укуктары комитетинен кайра карап чыкса болот, же болбосо жаңы тастыктоочу далилдер пайда болгондо сот иши кайра каралышы мүмкүн.

«Ак үйдөгү адамдардын» кызыкчылыгы болгондуктан соттун өкүмү «саясий» көрүнүш, бул нерсе мурун эле белгилүү болгон. Ошондуктан соттун чечими бизди таң калтырган жок»,- дейт укук коргоочу.

«Өкүм чыгарууга аябай так убакыт тандап алышкан. Отунбаева милдеттерин өткөрүп берди —анын бул жерде тиешеси жок. Жаңы президент Атамбаев келди-ал азырынча иш менен тааныш эмес, Жаңы жылдын алдында эл аралык уюмдарын көпчүлүгү эс алууга кетишет — албетте бул ишке азырынча эч ким көңүл бурбайт»,-дейт Багишбеков.

Жогорку Соттун пресс-релизинде «Сот ачык, эл аралык жана мамлекетик эмес уюмдардын катышуусу менен өттү» деп жазылган.

Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов соттун чечими ушундай болушу тууралуу «Эркиндик үнү» уюмунун пикири менен макул экенин билдирди.

«Жаңы сот системасы түзүлгөнгө чейин ишитин каралбашына аракет кылдым»,-дейт адвокат.

Адвокаттын айтымында, Перизат Абакированын жетекчилигиндеги жогорку соттор коллегиясы Токтакуновдун арыздарын четке кагып, адвокатка «лицензияңарды алып салабыз» деп коркутууга алган.

Аскаров — өзбек улутунан — милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүндө жана 2010-жылы Кыргызстандын түштүк аймагында этникалык кагылышууларды уюштургандыкта күнөөлөнүп жаткан.

Жогорку Соттун өкүмүнөн кийин, Кыргызстандын укук коргоочулар кеңеши Аскаровдун күнөөсүздүгүн жана Сулаймановдун өлүмүнө тиешеси жоктугун тастыктаган маалыматтарды таратышты.

Алардын айтымында, Аскаровдун адвокаты, кыйноолордун колдонулгандыгын тастыктаган далилдөө жана тергөө процессинде документтердин фальсификацияланышын тастыктаган документтерди берген.

Сулайманов каза болгондо Аскаров жанында болбогондугун тастыктаган күбөлөрдүн сөздөрү да сот ишинде көрсөтүлгөнү айтылган.

Аскаровдун адвокаты жогорку соттун чечимин эл аралык деңгээлде кайра карап чыгуу үчүн БУУнун адам укуктары комитетине арыз даярдап жатат.
БУУнун кыйноолор боюнча атайын кабарчысы Хуан Мендес декабрь айынын башында Кыргызстанга келип кеткен. Мендес Аскаровдун иши боюнча соттун өкүмүнө сын-пикирин билдирип, соттун чечимин «катуу жана адилетсиз» деп билдирген.

«Аскаров жашоого ыңгайсыз өтө начар жерде кармалат экен»,-деп айткан атайын кабарчы.

2011-жылы Аскаров, «People in need» укук коргоочу уюму тарабынан берилген чехиялык «Адам Адамга» [Homo Homini] сыйлыгына ээ болгон. Бул сыйлык демократия жана адам укуктары үчүн күрөшкө салым кошуп келген адамдарга гана берилет.

Укук коргоочуга бир эле Кыргызстандан жан тарткандар болбостон, чет мамлекеттик өкмөттөрдөн, уюмдардан жана Мартин Шин сыяктуу активисттер да укук коргоочунун сот ишин адилеттүү өтүшү тууралуу кайрылуусу менен бийлик өкүлдөрүнө кайрылган.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Эльдияр Арыкбаев жана Люловь Шевченко