Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн жаңы бөлүмү чиновниктерди пара алууга азгырган «оюндук жагдайларды» түзөт. Эгер мамлекеттик кызматкер азгырыкка туруштук бере албаса, анда ал мыйзам алдында жооп берет.

Премьер-министр Темир Сариев июндун башында өкмөттө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүм түзгөн. Бул кызматтык кылмыштардын алдын алууга багытталган Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик орган эмес.

Аталган бөлүмдүн башчысы Тилек Саякбаев Kloop.kgге берген маегинде алардын өкмөттөгү бөлүмү укук коргоо органдарынын милдеттерин кайталабастыгын билдирди. Азыр коррупцияга каршы бөлүмдөр дээрлик бардык күч органдарында бар.

«Укук коргоо органдары өз иштери менен алектене беришет, а биз болсок эскертүүнүн, коррупциянын ушул дэңгээлинин төмөндөшүнүн үстүнөн иштейбиз. Айырмасы ушунда», — деди ал.

Саякбаевдин айтымында, алардын бөлүмү коррупция көп мамлекеттик органдарды аныктап, ишеничсиз чиновниктерди текшерет. Ал бөлүм пара сунуштабастыгын, а «оюн жагдайларын» түзө тургандыгын айтты — мисалы, жарандын мамлекеттик кызмат менен пайдалангысы келип, чиновникке аны тез аранын ичинде бүтүрүп берүүнү сунуштайт.

«Эгер мындай кырдаалда чиновник чагымга туруштук бере албаса, ал документтештирилип, мамлекеттик органдардын жетекчилигине берилет», — деди Саякбаев.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова Kloop.kgге берген маегинде өкмөттүн алдындагы жаңы бөлүм укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү ишмердүүлүгүн координациялайт.

«Бул бөлүмдүн натыйжалуулугу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бардык аракеттердин координациясы өкмөттүн аппаратынын деңгээлинде топтолуп жаткандыгында. Координациянын жоктугу — буга чейинки башкы көйгөй болуп келген», — деди ал.

Коррупцияга каршы күрөш — учурдагы бийликтин саясатынын башкы багыты. Ал президент Алмазбек Атамбаев тарабынан  2011-жылы өлкө башчысы болуп шайлангандан кийин негизги багыт катары көрсөтүлгөн.

«Бүгүнкү күндө көптөгөн криминал авторитеттер кармалышты. Эртеби- кечпи кылмышкерлердин бардыгы тең жазаланышат. Коррупция — бизди ичибизден жеп жаткан башкы көйгөйүбүз. Мен бул кубулушту түп тамырынан бери жоготууга болгон ыйгарым укуктарымды пайдаланам», — деп билдирген ал 2011-жылдын декабрында.

Учурдагы бийлик тушунда эң чуулгандуу корруцияга айыптоолор болуп Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевге жана кезинде Салык кызматы менен Социалдык фондду башкарган оппозициялык депутат Акматбек Келдибековго карата козголгон кылмыш иштери эсептелинет.

2014-жылы Кыргызстан Transparency International уюмунун коррупцияны кабылдоо индексинде 27 упай алып, 170 өлкөнүн ичинен 136-орунга жайгаштырылган — ал өлкөнүн 2012-жылдан берки биринчи жолу позициясын жакшыртуусу болгон. Ага чейин Кыргызстан ал индексте 177 өлкөнүн ичинен 150-орун болчу.

Авторлор: Айсулуу Бердалиева жана Жибек Кубаныч кызы