Ош шаардык травматологиялык бөлүмү: Тайгалактын кесепетинен 15ден ашуун жарандар кайрылышты

Ош шаардык травматологиялык бөлүмүнүн башкы догдурунун айтымында, жолдордун тайгалактыгына улам, бул бөлүмгө үч күн катар бир топ адамдар жаракат алып кайрылууда. Мэриянын жол башкармачылыгынын билдирүүсүндө, жол-жумушчулар "күн сайын" тайгалакка каршы иш чараларды жүргүүзүдө.

Ош шаардык травматологиялык бөлүмүнүн Кайрулла Кахаров дарыгердин "Клоопко" берген интервьюсунда, күн сууктугуна байланыштуу, жолдор ээрибей, башка күндөргө салыштырмалуу адамдар "көбүраак" кайрылышууда.

"Алар кокустуктан буту-колун сындырып келип жатышат. Сыныктын мүнөзүнө карап алар бир, бир жарым ай,эң аз дегенде жыйырма күн [дарыланып] жүрөт",—деп айтты дарыгер.

Ош шаардык ооруканасынын трамватологиялык бөлүмүнүн башкы догдуру Махмуд Баатыровдун айтымында, алардын бөлүмү бир гана оор жаракаттары менен кайрылгандарды жаткырат.

«Кече эки аял кайрылган, көчөдө кетип жатып, жыгылып тайып кеткен, бүгүн кайрылгандар бар. [Абалы] Жеңилдерин үйүнө жөнөтөбүз, көбүнчө алардын буту сынат, тайгаланып колу сынат»,—деди Баатыров.


"Тайгалактан жабыр тарткандар"

Ош шаарынын тургуну Нургазы жолдо тайгаланып "каттуу" жыгылды. Шаардык травматологиялык бөлүмүндө жыгылган адамдардын катарында туруп диагнозу азырынча белгисиз.

"Кече кечиндеси тайгаландым,түнү менен оруп уктатпады,азыр билбейм врач айтат да. Сынганбы, чыкканбы»,—деп кейиди ал.

Ош медициналык колледжинин студенти Айганыш окууга баратып автобустан түшөөрү менен тайып жыгылды.

"Анан бул жакка кайрылдым,[травматолгиялык бөлүмүнө] келип рентгенге тарттырдым, эми врачка кирем ал көрүп анан диагноз коет. Жер тайгалак,көпчүлүгү жыгылып жатат",—деп айтты студент.

Ош шаардык жол башкармачылыгынын орун басары Равшан Даарыбековдун билдиргенине караганда, атайын кышка карата 16 кар күрөөчү техника колдонулуп, күн сайын иш чаралалар жүргүзүлүүдө.

"Биз эрте менен саат беште ишке кетебиз, саат сегизге чейин жол тазаланат,химикалык туз,шыбак көмүрдүн майдасы колдонулат.Биз 513 киломметрге көзөмөл жүргүзөбүз.[...]60 жумушчу бар. Биз бурулуштарга өйдө-ылдый жерлерге, машиналар [музда] токтогондон кийин жүрүп албай калат, ошол жерлерге себилет",-деп түшүндүрдү Даарыбеков.

Айдоочулардын ою

Көпчүлүк айдоочулардын айтуусунда, жолдор бир тарабынан гана химикалык кошулмалар менен камсыздалган.

Айрыкча аялдамаларда жана бурулуштарда тайгалак болуп, автоунааларга кыйынчылыктарды жаратат.

"Карга чейин жаман эле,кардан кийин да жаман. Сеппейт [жолдорду]. Шаардын ичи, сырты. Карда бардыгы секин жүрөт, пробка болот" ,- деп нараазы болду Талант Шүкүров

Айдоочулардын айтымында, кышка карата атайын даярданышат. Автоунааларына кышкы акумулятор жана балон алгандарын айтышты.

Ал эми айдоочу Жалилдин да тайгалак жолдого каршы иш чаралар "жакшы" жүрбөгөнүн да белгиледи.

«Жол тайгак,жолду караган эч ким жок,чала эле кум себилген. Болгону эки, үч жерге себилген. Ноокатскийге [көтөрүлүш жол] салгыла дейт, өзү ал жакка мүмкүн эмес. Эрте мененки маршурттар кудай сактап ал жерден эптеп чыгышыптыр. Ал жер дагы тазаланган эмес",—деп айтты айдоочу.

Редактор: Айзат Шакиева