Депутаттар Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кызматтан бошотуу маселеси боюнча эки күндүн ичинде үч жолу добуш берүү өткөрүшүп, милдеттүү түрдө биометрикалык каттоодон өтүү тууралуу мыйзамга макул болбогондугу үчүн аны кызматтан кетирди. Сооронкулованын өзү аны кызматтан бошотуу маселеси «өткөн жок, бирок депутаттар аны аягына чыгарышты» деп эсептейт.
Сооронкулованы кызматтан кетирүү үчүн 83 киши добуш берип, 22 парламентарий каршы болгон. Бул Жогорку Кеңешке аны Конституциялык палатанын судьялыгынан кетирүүгө мүмкүндүк берди. Сооронкулованы бошотуу үчүн 80 депутаттын добушу керек болгон.
Күн мурун депутаттар эки жолу добуш берүү өткөрүп, судьяны кызматынан бошото алышкан эмес: биринчи добуш берүүдө анын кызматтан кетирилишин 77 депутат колдосо, экинчисинде 75и колдогон. Анда төрага Асылбек Жээнбеков бул маселе боюнча добуш берүүнү 30-июнга калтырган болчу.
Сооронкулованы кызматынан кетирүү маселеси ал милдеттүү түрдө биометрикалык каттоодон өтүү тууралуу мыйзамды «антиконституциялык» деп атагандан кийин көтөрүлгөн. Анын мындай пикири сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрүн кыжырдантып, алар Сооронкулованын судьялыктан кетишин талап кылышкан.
Үчүнчү жолку добуш берүү талкуусуз өткөрүлдү, а Клара Сооронкулованын өзүн парламент жыйынына чакырылган жок.
Клара Сооронкулова Kloop.kgге берген маегинде депутаттардын чечимине «таң калбагандыгын» билдирди.
«Кандай комментарий болушу мүмкүн? Толук чектен чыккандык жана мыйзамсыздык. Кечээ эки жолу добуш беришкен — маселе өткөн эмес, бирок алар аны аягына чейин чыгарышты — түрдүү ыкмаларды пайдаланып, депутаттар менен иштешти», — деп эсептейт Сооронкулова.
Конституциялык палатанын экс-судьясы 2015-жылдын күзүнө белгиленген парламенттик шайлоого катышышы мүмкүндүгүн жокко чыгарган жок.
«Саясат менен алектенем. Эгер сен саясат менен алектенбесең, саясат сени менен алектенет деп коюшат го. Мына азыр ошондой жагдай болууда. Саясат менен алектенүүгө туура келет», — деди Сооронкулова.
Үчүнчү жолкусунда
Депутаттар Сооронкулованы үчүнчү жолку аракетинде гана кызматынан кетире алышты — буга чейинки эки жолку добуш берүүдө парламент Конституциялык палатанын судьясын кетирүү үчүн тиешелүү сандагы добуш топтой алган эмес.
29-июнда кыргызстандык ЖМКлар Сооронкулованы кызматынан бошотуу маселеси күн тартибине КСДП фракциясынын басымы менен киргизилгендигин билдиришкен — фракциянын мүчөлөрү судьяны бошотуу маселесин Сооронкулованын катышуусусуз эле талкуулоону колдошкон.
«Парламентте бардык тиешелүү документтер бар: Сотторду тандоо кеңешинин чечими, президенттин сунуштамасы, сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча профилдик комитеттин чечими. Ошондуктан аны укпай эле коюуга болот», — деп жазган «КирТАГ» агенттиги КСДП фракциясынан депутат Галина Скрипкинанын айткандарын.
Сооронкулованы бошотуу
Клара Сооронкулова милдеттүү биометрикалык каттоодон өтүү тууралуу мыйзамга каршы пикирин документке каршы чыккан укук коргоочулардын доо арызын карап жаткан Конституциялык палатанын 27-майдагы жыйынында билдирген.
Сооронкулова укук коргоочулардын доо арызы боюнча башкы баяндамачы болгон жана мыйзамдын «Конституцияга каршы келерин» айткан. Өз кезегинде бул сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрүнүн нааразычылыгын жараткан ― депутаттар судьяны кызматынан кетирилишин талап кылышкан.
Соттор кеңеши судьяны кызматтан кетирүү тууралуу чечимди 18-июнда кабыл алган. Сооронкулова ал чечимди «мыйзамдын бардык ченемдери тепселип аткарылган» «буйрук» деп атаган.
Анын айтымында, Конституциялык палатанын судьясын кызматтан кетирүү чечими «эки аптада» эмес, а эки ай ичинде кабыл алынат. Сооронкулова анда аны кызматтан алуу боюнча чечим депутаттардын ага «жазасын берип, тынч эс алуусу үчүн» «тез» кабыл алынып жаткандыгын болжолдогон. 30-июндагы жыйын парламенттин бул сессиядагы акыркы жыйыны болот.
Анда биометрикалык маалыматтарды топтоого каршы болуп келген доочулардын бири, «Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов президент менен депутаттар «өзүлөрү отурган бакты ынта менен кыйып жатышат» деп билдирген.
«Бардыгына даяр болуу керек. Качан өлкөдө талаш-тартыштарды чечип бере турган күч жок болгондо, а ал күчтөр соттор гана, адилеттүүлүккө болгон суроо-талап канааттандыраарлык эмес бойдон калат, адамдарда агрессия топтолот. Саясий лидерлер нааразычылык энергиясын билгичтик менен пайдаланышууда. Бийлик өзү отурган бакты ынта менен кыйып жатат», — деп билдирген укук коргоочу.
Жогорку Кеңеш биометрикалык каттоо тууралуу мыйзамды 2014-жылдын жайында кабыл алган — анда Кыргызстандын бардык жарандарын өз биометрикалык маалыматтарын тапшырууга милдеттендиришкен.
2015-жылдын апрелинде депутаттар шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырышкан. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, кыргызстандыктар өз биометрикалык маалыматтарын тапшырбаса парламенттик жана президенттик шайлоолорго катыша алышпайт.