Асылбек Жээнбеков парламенттин жаңы төрагасы болуп дайындалды

Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары тарабынан Асылбек Жээнбеков парламентин төрагасы болуп шайланды. Ошондой эле дагы бир төрагалыка ат салышып жаткан «Ата-Журт» партиясынан талапкер Курманбек Осмонов 25 добушка ээ болгон. Мурунку спикер Ахматбек Келдибеков 14-декабрда кызматтык милдетин тапшырган.

21-декабрдагы Жогорку Кеңештин  пленардык отурумунда, көпчүлүк депутаттардын добушу менен Асылбек Жээнбеков төрага болуп шайланды.

Ал 116 добуштун 78 добушуна ээ болгон, ал эми оппозиция тарабынан көрсөтүлгөн «атажуртчу» Курманбек Осмонов 25 добушка ээ болгон.

Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги КСДП, «Ата-Мекен», «Ар-Намыс» жана «Республика» партияларынан түзүлгөн коалициондук көпчүлүктүн атынан  көрсөтүлгөн.

Жээнбеков депутаттарга ыраазычылыгын билдирип, ар бири менен тыгыз иштээрин белгилеп өттү.

Курманбек Осмонов «кесиптештериме таарынычым жок» деп билдирген.

«Жагдай кандай экенин баарыбыз эле билебиз. Мага добуш бергениңиздер үчүн ыраазычылыгымды билдирем»,-деди Осмонов.

Жаңы коалициянын 16-декабрдагы отурумунда 75 добушка ээ болгон Жээнбеков төрагалыка жалгыз талапкер болчу. Ошол кезде Жээнбеков менен бирге «Ар Намыстан» Абдрахман Маматкеримовдун да талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Жээнбековдон мурун төрагалык кызматта Ахматбек Келдибеков иштеген. "Анын криминалдык аталыктар менен байланышы бар",- деп  айыпталып, 14-декабрда кызматын тапшырган.

 Бийликти узурпациялоодо айыптоо

Жаңы коалициянын түзүлгөндүгү бүгүн расмий түрдө жарыяланды. КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков отурумдун ачылышында «Биримдик» деп аталган жаңы коалицияга төрт партия киргендигин айтты.

Мындан сырткары жаңы коалицияга Нариман Түлеевдин жетекчилигинде «Ата Журтчу» тогуз депутат кошулду.

«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев  оппозицияга кеткенин расмий түрдө жарыялаган.

Ошондон кийин Ташиев партиялаштары Ахматбек Келдибеков жана Жылдызкан Жолдошева менен биргеликте жаңы түзүлгөн коалицияны "мамлекетти узурпациялоодо" жана Алмазбек Атамбаевге баш ийүү менен биргеликте Жээнбековдун партиялашы деп айыпташты.

Бирок жаңы төрага, Жогорку Кеңеште бийликтин узурпацияланышы болбойт деп, ишмердүүлүгүн президенттин көрсөтмөлөрү боюнча эмес конституциянын чегинде алып бараарын айтты.

Ушул эле отурумда премьер-министрдин да шайланаары күтүлгөн. Коалициялык көпчүлүктүн атынан Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Бирок шайлоо болгон жок.

Эскерте кетсек, Бабанов вице-премьерлик кызматта иштеп  жана премьер-министрдин милдетин аткарып келген.

Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Улугбек Акишев