Маалымат технологиялар форумунда «Tili.kg» билим берүү долбоору кыргыз тилин үйрөнүүдө өзүнүн сайтын сунуштап, мугалимдерди колдонучуулар үчүн онлайн-сабактарды иштеп чыгууга чакырды. Мындан сырткары кең тармактуу интернеттин өнүгүшүнө интерактивдүү телеберүү, каржы тармагын камсыздоо жана дистанциондук билим берүү боюнча долбоорлор сунушталды.
Кыргыз тилин үйрөтүүчү «Tili.kg» сайты бир жума мурун интернетте ачылган. Бул долбоор маалыматтык технология форумунда (КИТ) биринчи жолу көрсөтүлдү.
Сайттын негиздөөчүсү Александр Туманов жана Самат Жукешов, «долбоор толук иштелип бүтө элек, каттоолор боюнча көйгөлөр бар»,-экенин моюнга алып, бирок алар колдонуучулардан интернет куржунунда жок сөздөрдү кошууга жана кыргыз тилин үйрөнүүнү каалоочулар үчүн мугалимдерден тапшырмаларды жазууга жана долбоорго кошулуусуна чакырып кетти.
«Константин Юдахиндин сөздүгү жана Тилек Мамутовдун онлайн-сөздүгүнүн жардамында кыргыз сөздүк базасы түзүлдү. Бирок ал сөздөр эскирип бараткандыктан жаңы булактардан жаңы сөздөрдү издеп жатабыз»,-дейт Жукешов.
Негиздөөчүлөрдүн айтымында, колдонуучулар сөздүктөрдү колдонуп, сабак окуп, кино тасмаларды көрүү менен тажрыйба түрүндө үйрөнүп жана онлайн чатта кыргыз тилин өнүктүрө алат.
Жукешовдин «Клоопко» берген интервьюсунда, жакынкы аралыкта сөздөрдү орусчадан эмес башка тилдерден да которууга мүмкүн болоорун белгилеп өттү.
«Гугл Транслэйт долбоорунда иштеп жаткан балдар менен кызматташып жатабыз. Балким башка тилден орус тилине которулган соң кыргыз тилине которуу механизмин ишке киргизишибиз мүмкүн»,-дейт Жукешов.
«Манас» университетинин мугалими Марат Жапаров «Клоопко» берген интервьюсунда аталган сайтка кирип кыргыз тилин үйрөнүүсүн студенттерине сунуштаарын билдирди.
«Өзүм да бул сайтты колдоном, себеби бул пайдалуу. Бирок бул долбоордун курамында мыкты адистердин жоктугу эң негизги көйгөй болууда »,-дейт Жапаров.
Сайттын негиздөөчүлөрү, дагы бир көйгөй катары каржы булагынын жоктугун айтып, азыркы күндө инвестиция булагын издеп жүргөндүгүн кошумчалап кетишти.
Жукешовдун маалыматында, бир жуманын ичинде сайтка 2000 колдонуучу кирген.
4G системасы жана интерактивдүү телеберүүнүн пайда болуусу
Мындан сырткары КИТте интернеттеги жаңы система жана IP-телеберүү долбоору көрсөтүлдү.
«Сайма Телеком» компаниясынын сатуу боюнча менеджери Самат Абдылдаев «Клоопко» берген интервьюсунда, алардын мекемеси Бишкекте төртүнчү муундагы интернет LTE (Long Term Evolution)тармагын ишке киргизгендигин билдирди.
«Юсб-модем аркылуу 4G технология базасында интернет берүү кызматын көрсөтүп жатабыз»,-дейт Абдылдаев.
Мындан сырткары, төртүнчү муундун байланышын кабыл алуучу телефонго сим-картаны салып, колдонууга мүмкүн экенин билдирип өттү компаниянын өкүлдөрү.
WiMax зымсыз интернет технологиясы менен иштеген, 4G байланышын сунуштаган «ГлобалАзия» компаниясынын өкүлдөрү да форумга катышкан.
Эки компания тең ылдамдыгы секундасына 4 мгбит болгон интернет кызматы менен камсыз кылып келет.
«Сайма Телекомдун» техникалык жабдыктары 5300 сом болуп, интернет үчүн бир айлык акысы 5000 сом. «Глобал Азиянын» жабдыктары 300 доллар болуп, бир айлык акысы секунтуна 256 кбит ылдамдыгындагы эң арзан интернет үчүн 500 сомдун тегерегинде болот.
Интернет аркылуу интерактивдүү телеберүү кызматын сунуштаган «ZOR TV» компаниясы форумда өзүнүн кызматтары жөнүндө кененирээк маалымат берип өттү. Каалоочулар телеберүүгө жаңы жылдын алгачкы күндөрүнөн тартып кошула алышы мүмкүн экенин билдирди.
IPTV — бул интернет аркылуу телеберүү кызматы, сүрөттүн сапаты эң жогорку деңгээлде «High Definition» форматында көрсөтүп, кинотасма же телеберүү боюнча маалымат алуу, каалаган кинону көрүү жана эң мыкты үн кызматы менен камсыздайт.
Азырынча «ZOR TV» телеберүүсү 30 каналага кошулуу мүмкүнчүлүгүн берет. Сыналгыга кошулуу үчүн жабдыктарга 100 доллар керектелет , абоненттик айлык акысы 500 сомду түзөт.
Ошондой эле «Акнет» интернет-провайдери «IPTV» кызматын кыргызстандыктарга сунуштап келет.
Форумда электрондук (дистанциондук) билим берүү, электрондук өкмөт, интернетте жарнамалоо жана акча табуу долбоору жөнүгдө да маалыматтар көрсөтүлдү.
«Кньюс» кабар агенттигинин маалыматы боюнча форумга миңден ашуу адам катышты.
Которгон: Бермет Абдыкадырова.
Редактор: Айгул гуламидин кызы
Автор: Бермет Иманалиева