Президент Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоону 4-октябрга белгиледи. Бул 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки Жогорку Кеңештин депутаттарын экинчи жолу шайлоо болот.
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону 2015-жылдын 4-октябрына белгиледи. Бул 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин Кыргызстандагы экинчи парламенттик шайлоо болот.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды», — деп билдиришти президенттин басма сөз кызматынан.
Шайлоо күнүнүн белгиленгендиги тууралуу 28-июлда, жарлыктын толук тексти мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине расмий басылып чыккандан кийин жарыяланат.
Буга чейин парламенттеги жана анын сыртындагы сегиз — «Ата Мекен», «Республика — Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек», «Күчтүү Кыргызстан», «Ар-Намыс», КСДП жана «Бир Бол» — саясий партияларынын өкүлдөрү шайлоого 4-октябрга даярданып жаткандыктарын билдиришкен.
Парламент депутаттарынын ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтү так аныкталбагандыктан улам парламенттик шайлоонун датасы сегиз ай бою депутаттар менен Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосунда талаш-тартыштарды жаратып келген.
Тема боюнча: Боршайком менен партиялар ортосунда шайлоону өткөрүү датасы боюнча талаш болууда
Шайлоолор тууралуу конституциялык мыйзамга ылайык, парламенттин жаңы чакырылышы үчүн жалпы элдик добуш берүү парламенттин учурдагы депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган айдын алгачкы жекшембисине белгиленет.
Боршайкомдун билдирүүсү боюнча, «депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү» мурунку парламенттин шайлоонун датасы, 2010-жылдын 10-октябрынан тарта башталат, ошондуктан шайлоо октябрда өтүшү керек.
Депутаттардын арасында айтылып жүргөн пикирге ылайык, мөөнөт депутаттардын ант берген күнүнөн, 2010-жылдын ноябрына карап аныкталышы керек, ошондуктан шайлоо ноябрда өтүшү керек.