Кыргызстанда жолбун иттер көйгөйү көптөн бери эле бар. Алардын санын азайтуу боюнча бийликтин бардык аракеттери натыйжасыз болуп келет. Бишкектин мэриясы менен жаныбарларга жардам берчү кыргыз фондунун өкүлдөрү Kloop.kgге көйгөйдү чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору тууралуу айтып беришти.

Бишкек бийлиги 2011-жылдан тарта жолбун иттерди атып баштаган.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, 2014-жылы 10 миңден ашык жолбун ит атылган, а ал үчүн шаардык бюджеттен 3,5 млн. сомго жакын каражат бөлүнгөн.

Мэриянын басма сөз катчысы Мусуркул Кабылбеков Kloop.kgге берген маегинде ар бир атылган ит атайын комиссия тарабынан жазылып, андан соң алар көмүү үчүн шаар четиндеги таштанды төгүлчү жерге жеткирилерин айтты — анда алар үчүн атайын чуңкур каралган.

«Адатта атуу иштери жарандарга коркунуч туудурбас үчүн адамдар аз кезде, таң атпай жүргүзүлөт», — деди Кабылбеков.

https://soundcloud.com/kloop-1/ri63mnlfkbnh?in=kloop-1/sets/kloop-media#t=0:00

Анын айтымында, атылган иттердин көбү жаңы конуштарга туура келет. «Тазалыктын» жумушчулары иттерди атууда «алардын кам көрүлгөн сырткы көрүнүшү жана кынжысынын бар-жоктугуна карап» аныкташат.

Ал жолбун иттердин көбөйүшүнүн башкы көйгөйү «кожоюндарынын жеңил ойлуулугу» болуп эсептелерин айтты.

«Тилекке каршы адамдар ит багып алууга жеңил ойлуу мамиле кылышат, кийин аларды көчөгө кубалап жиберишет, анан албетте ал иттер жолбун иттердин тобуна кошулушат», — деп эсептейт мэриянын басма сөз катчысы.

Бишкекте иттердин атылышы 2011-жылы көптөгөн сын-пикирлерди жараткан — активисттер менен борбордун бир катар жашоочулары мэрияга иттерди бычууну же аларды бага турган жай ачууну сунушташкан.

«Биз бычуу менен алектенбейбиз. Ит багуу жайын кармап турууга көп каражат кетет», — деп билдирди Кабылбеков.

Мэриянын маалыматы боюнча, 2014-жылы Бишкекте иттердин адамды тиштеп алган 2381 учур катталган, алардын ичинен жолбун иттердин саны — 506, а үйдө кармалган иттердин саны 1875ти түзгөн.

«Биринчи кезекте биз жолбун иттердин кол салуусунан балдарды, жашоочуларды коопсуздандырышыбыз керек. Биз эпидемиологиялык абалга көз салышыбыз керек», — деди Кабылбеков.

Анын айтымында, орточо эсеп менен кыш мезгилинде болжол менен 500, а жазында 1500 ит атылат.

Атуу 16чы жана 20-калибрдеги курал менен ишке ашырылат. Мэриянын басма сөз катчысы шаар бийлиги борбордо иттердин көбөйүп жатышы көйгөйүн чечүү боюнча бейөкмөт уюмдар менен өз ара кызматташпастыгын айтты.

Жаныбарларга жардам берген «Жашоо укугу» кыргыз фондунан атуу жолбун иттердин санынын көбөйүшү көйгөйүн чечпестигин айтышты. Алардын пикирлеринде, көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу — бул иттерди бычуу.

«Жашоо укугу» фонду өз ишин 2011-жылы баштаган. 10 ыктыярчы иштеген ит багуу жайында 40ка жакын ит бар.

«Кыргызстанда иттерди бага турган жайлар таптакыр жок. Мамлекет тандап алган жалгыз жол — бул аларды атуу. «Тазалыктын» маалыматтары боюнча, 2011-жылы Бишкекте 20 000 жолбун ит болгон, бирок биздин баамыбызда, алардын саны — 30 000, ошондой эле дагы 100 000ге жакын көзөмөлсүз иттер бар. Эмнеге жолбун иттер пайда болот? Анткени алар багып алууну каалаган адамдарга караганда көп туулушат. Көйгөйдү чечүүнүн иттерди бычуудан башка жолу жок», — дейт фонддун негиздөөчүсү Алла Кобцова.

Ыктыярчылар тарабынан куткарылган иттер сөзсүз түрдө бычылат. Ар бир 40 иттин өзүнүн каймана аттары бар. Ыктыярчылар иттерге сый мамиле кыла тургандыктарын айтышууда.

«Бизде «Жекшембидеги ата» деген аталыштагы долбоор бар, анда бул жакка бир нече киши келип, иттерди сейилдетүү менен алектенишет», — деди ыктыярчы Надежда Боголюбова.

В приюте фонда живут и породистые собаки, которых хозяева в старости выгнали из дома.  Сотрудники, такие как Надежда Боголюбова, заботятся о них до самого конца и стараются уделить им как можно больше внимания и любви.
Фонддун иттер багылган жайында асыл тукумдуулары да бар, алардын көбүн кожоюндары карып калган кезде кубалап жиберишкен. Надежда Боголюбова сыяктуу кызматкерлер аларды акыр аягына чейин карап, болушунча көбүрөөк көңүл бурууга аракет кылышат.
Тумар — одна из старожилов приюта. Слепая и хромая, она остается активной, прекрасно ориентируется на слух и играет с другими собаками.
Тумар — бул жакта көптөн бери багылып келе жаткан иттердин бири. Анын көзү көрбөйт, бир буту аксак, бирок ошентсе да активдүү бойдон калып, угуусунун жардамы аркылуу башка иттер менен жакшы ойнойт.
Подброшенным щенкам обычно сразу проводят эвтаназию —  фонд не может принять такое количество животных. Маленькой Жане повезло, что владелец участка сжалился над ней и взял ответственность за нее.
Адатта көрсөтпөй таштап кеткен күчүктөргө дароо эвтаназия ыкмасы колдонулат — фонд анчалык көп сандагы иттерди кабыл ала албайт. Кичинекей Жаненин жолу болду десек болот, анткени тилкенин ээси аны аяп, ал үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.
Собаки содержатся в самодельных вольерах.
Иттер колго жасалган капастарда кармалышат.
Заметно большое количество алабаев. Учредитель фонда Алла Кобцова объясняет это тем, что порода очень популярна, но многие хозяева не справляются с этими крупными собаками.
Алабайлардын санынын көптүгү байкалат. Фонддун негиздөөчүсү Алла Кобцова муну иттердин бул тукуму өтө популярдуу экендиги, бирок кожоюндары мынчалык чоң көлөмдөгү иттерди бага албай калып жаткандыктары менен түшүндүрүүдө.
Питомцы фонда, помимо корма, нуждаются в ласке и общении. Собачка  по кличке Муха все еще ждет своих будущих хозяев.
Фонддун иттери тамактан сырткары мээримге жана сүйлөшүүгө муктаж. Муха деген каймана аттуу ит дагы деле өзүнүн келечектеги кожоюнун күтүүдө.
Чтобы обеспечить безопасность всех питомцев, некоторых крупных собак приходится привязывать.
Мында кармалган жандыктардын бардыгынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кээ бир чоң иттерди байлап коюуга туура келет.
Вольф и Джамбул были спасены волонтерами фонда. Вольф глух и слеп. Когда его нашли, он был крайне истощен, поскольку не мог добыть какого-либо корма самостоятельно. Джамбула поймали во дворе элитной многоэтажки в центре города, где он был брошен своими бывшими хозяевами — у него была опухоль семенников.
Вольф менен Джамбул фонддун ыктыярчылары тарабынан куткарылышкан. Вольфдун кулагы укпайт, көзү көрбөйт. Качан аны табышканда ал өтө арык болчу, анткени өз алдынча бир нерсе таап жегенге мүмкүнчүлүгү жок болгон. Джамбулду болсо шаардын борборундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунан кармап алышкан, аны мурдагы кожоюндары таштап салышкан — ал кезде анын аталык бездери шишик болгон.
Учредитель фонда Алла Кобцова считает, что стерилизация является единственным путем эффективной и гуманной борьбы с проблемой бездомных животных.
Фонддун негиздөөчүсү Алла Кобцова жолбун иттер көйгөйү менен натыйжалуу жана гумандуу күрөшүүнүн жалгыз жолу аларды бычуу деп эсептейт.
Волонтер Ирина Соловьева готовит корм для питомцев фонда. Дежурные на собственные средства покупают продукты. Чаще всего собак кормят кашей, мясом и молочными продуктами.
Ыктыярчы Ирина Соловьева фонддун иттери үчүн тамак даярдоодо. Нөөмөтчүлөр азык-түлүктөрдү өз акчаларына сатып алышат. Көбүнчө иттерди ботко, эт жана сүт азыктары менен тамактандырышат.
Дежурные Надежда и Ирина приготовили для собак кашу с требухой.
Нөөмөттөгү Надежда менен Ирина иттер үчүн ичегиден ботко даярдашкан.
Для выгула собак у дежурных часто не хватает времени, поэтому фонд запустил проект «Воскресный Папа», который дает каждому желающему возможность приходить по выходным и гулять с одной или сразу несколькими собаками.
Иттерди серүүндөтүү үчүн нөөмөтчүлөрдө дайыма эле убакыт жетиштүү боло бербейт, ошондуктан фонд «Жекшембидеги ата» деп аталган долбоорду ишке киргизген. Анын алкагында каалаган адам дем алыш күндөрү келип, бир же бир нече ит менен сейилдеп келе алат.
Вольф является одним из любимцев «Воскресных пап» , с этим дружелюбным кобелем все охотно гуляют.
Вольф «Жекшембидеги аталардын» сүймөнчүктөрүнүн бири болуп эсептелет, аны менен бардыгы тең сүйүнүп сейилдеп келишет.
Джамбула успешно вылечили. О том, что у него была опухоль семенников, напоминает только лысый живот.
Джамбулду ийгиликтүү айыктырып алышкан. Анын аталык бездеринин шишиги менен жабыркагандыгы туралуу курсагындагы жүндөрү жок бөлүгү гана айтып турат.
Лючию недавно спасли из люка, в который она провалилась и не могла выбраться. Собака была крайне истощена и нуждалась в особом уходе.
Лючиянаны жакында эле түшүп кетип чыга албай жаткан люктан алып чыгышкан. Ит өтө арык жана өзгөчө кароого муктаж болчу.
 Учредитель фонда Алла Кобцова с собачкой Мухой.
Фонддун негиздөөчүсү Алла Кобцова Муха аттуу ит менен.
 Собакам часто бывает скучно и они всегда рады поиграть.
Иттер көбүнчө эригишет, ошондуктан алар кимдир бирөө менен ойноого дайым кубанычта болушат.

Авторлор: Дарина Капарова жана Анастасия Стрельникова.
Сүрөт: Анастасия Стрельникова.