Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы бажы көзөмөлүн расмий алуу салтанаты 12-августта «Ак-Жол» бекетинде болот, деп билдиришти кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан.
Кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүнүн алынышы Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болот дегенди билдирет.
Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге курган маегинде «Ак-Жол» көзөмөл бекетиндеги салтанатка Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев менен анын казак кесиптеши Карим Масимов катышарын билдирди.
Өкмөттөн ошондой эле салтанатка телекөпүрө аркылуу кыргыз жана казак президенттери Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев дагы катышарын кошумчалашты.
Ал күнү Назарбаев Кыргызстанга иш-сапары менен келип, Чолпон-Атада Атамбаев менен жолугат.
Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча документтерди ратификациялоо процесси 4-августта аяктаган — Казакстан интеграциялык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ичинен ал документтерге акыркы болуп кол койгон.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн биримдикке кириши үчүн тийиштүү болгон акыркы протоколдорго 2015-жылдын 8-майында Москвада кол койгон, а 20-майда ал документтерди Жогорку Кеңеш ратификациялаган.
Евразиялык биримдикке кирүү
Евразиялык экономикалык биримдик — Орусия, Казакстан жана Беларусь тарабынан түзүлгөн интеграциялык биримдик. 2015-жылдын 1-январынан тарта ага Кыргызстан менен Армения дагы кирет.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге кирүү жөнүндөгү макулдашууга 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон. Бирок ал анда өлкө 2015-жылдын май айында гана биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло ала тургандыгын билдирген.
Кыргызстан биримдикке кошулуу процессин 2011-жылдын жазында эле баштап, ал өлкө ичинде түрдүү талаш-тартыштарды жараткан.
2014-жылдын майында өлкө биримдикке кирүү боюнча 181 пункттан турган Жол картасын аткарып баштаган. Ошол эле жылдын күзүндө экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ал процессти өлкөнүн сырткы саясатынын «приоритети» деп атаган.
Жол картасы өз ичине тийиштүү мыйзамдардын, ченемдик-укуктук актылардын кабыл алынышын, бажы жана чек ара бекеттерин кайрадан жабдуу иштерин камтыган.
Кыргызстан 2015-жылдын 8-майында ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болот деп күтүлүп жаткан, бирок апрелдин аягында премьер-министр Темир Сариев биримдикке кирүү «кечеңдер жатканын» билдирген.
Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан жана Орусия сыяктуу ири сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептешет.
Каршы болгондор болсо Кытайдан келген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо менен алектенген ишкерлердин банкрот болуу ыктымалдыгынан, ошондой эле Орусиянын Кыргызстанга болгон саясий таасиринин күчөшүнөн кооптонуп келишет.
Кыргызстан ЕАЭБге кирээр алдында президент Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүнө иш-сапары менен барып, өлкө башчылары менен жолугушуп, бизнес-форумдарга катышкан. Ал европалык ишкерлерди Кыргызстандын ЕАЭБ менен Кытайдын рынокторуна чыгууга «ачкыч» болуп бере тургандыгына ишендирген.