Экономика министрлиги өлкө Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин Кыргызстандын ишкерлери үчүн кандай өзгөрүүлөр боло тургандыгын түшүндүргөн бир нече видео жарыялады.
Кыргызстан курамына Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армения кирген Евразиялык экономикалык биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болуунун алдында турат.
Формалдык түрдө өлкөнүн мүчөлүгү кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү жоюлгандан кийин башталары күтүлүүдө. Бажы көзөмөлү 12-августта, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга болгон расмий иш сапары маалында ачылат.
Кыргыз экспорттоочулары үчүн кошумча нарк салыгы тууралуу видео:
Казакстан менен болгон чек арадагы бажы көзөмөлүнүн жоюлушу Кыргызстандын ишкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө товарларын бажы төлөмдөрүсүз экспорттой алышат дегенди билдирет — тактап айтканда, кыргыз экспорттоочулары кошумча нарк салыгын төлөбөй калышат.
Кыргызстандагы экспортчуларга ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөгү буйрутма бергендерден товар үчүн жана башка төлөмдөрдүн төлөгөндүгү тууралуу документтерди алып, кошумча нарк салыгын төлөбөш үчүн аларды жергиликтүү салык органына барып көрсөтүүсү керек болот.
ЕАЭБге мүчө эмес өлкөлөрдөн товарларды импорттоо тууралуу видео:
Кыргызстанга ЕАЭБге мүчө эмес өлкөлөрдөн товарларды импорттоо үчүн кыргыз ишкерлери товардын альянстын атайын органдары тарабынан тастыкташтырылгандыгын билиши керек.
Мисалы, Кыргызстанга Кытайдан балдар оюнчуктарын алып келүү үчүн ишкер алардын Евразиялык биримдиктин техникалык регламенттерине дал келе тургандыгы боюнча деклорация же тастыктама алуусу керек болот.
Техникалык регламенттер — Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында жүгүртүүдөгү товарларга карата колдонулуучу атайын талаптар.
ЕАЭБдин техникалык регламенттери тууралуу видео:
Тастыктама же декларация товарлар ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймактарында жайгашкан тастыкташтыруу боюнча атайын органдарда текшерүүдөн өткөндөн кийин берилет. Тастыкташтыруу боюнча ал борборлор оюнчуктардын коопсуздук талаптарына шайкеш келе тургандыгын текшерет.
«3 жашка чейинки балдардын оюнчуктарында натуралдык терилердин, натуралдык булгаарылардын, айнектин, фарфордун, түк чыгаруучу резинанын, кагаздын, 3 миллиметр же андан кыска ички каптамасы жок шыкап толтурулган бүдүрлөрдүн, нымдуу чөйрөдө көлөмү 5 пайыздан көп өлчөмгө чоңойо турган оюнчук салгычтардын пайдаланылуусуна жол берилбейт», — деп жазылган ЕАЭБдин «Оюнчуктардын коопсуздугу тууралуу» документинде.
Тастыкташтыруу боюнча органдар
Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтына ылайык, азырынча Кыргызстанда продукцияларды тастыкташтыруу боюнча Евразиялык биримдиктин жогорку органы тарабынан жактырылган органдар жок.
Учурда Кыргызстандын бийлиги тастыкташтыруу иштери жүргүзүлүшү керек болгон 17 борборду тандап алышты, бирок азырынча алардын бири дагы Евразиялык экономикаоык комиссиянын аккредитациянан өтө элек.
Тастыкташтыруу боюнча Кыргызстандын аймагына эң жакын жайгашкан борборлор Казакстандын Алматы шаарында жайгашкан — анда продукцияларды тастыкташтыруу боюнча Казакстандагы жалпы 250 борбордун 48и жайгашкан.
Кыргызстан үчүн ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин бардыгы тең дароо күчүнө кирбейт. Кыргызстандын биримдикке кириши тууралуу келишимдер ратификацияланган 2015-жылдын 29-майынан бери өлкө үчүн азыр 34 техникалык регламенттин 15и иштеп жатат.
2015-жылдын 11-августуна карата Кыргызстан үчүн иштеп жаткан техникалык регламенттер:
Жеке коргонуу каражаттарынын коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 019/2011);
Парфюмериялык-косметикалык продукциялардын коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 009/2011);
Машиналар менен жабдуулардын коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 010/2011);
Газ түрүндөгү отун менен иштеген аппараттардын коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 016/2011);
Жарылып кетүү коркунучу жогору болгон чөйрөлөрдө иштөөчү жабдуулардын коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 012/2011);
Төмөнкү вольттогу жабдуулардын коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 004/2011);
Техникалык каражаттардын электромагниттик шайкештиги тууралуу (ТР ТС 020/2011);
Эгиндин коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 015/2012);
Кичи көлөмдөгү кемелердин коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 026/2012);
Ашыкча басым алдында иштеген жабдуулардын коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 032/2013);
Майлоочу майларга, материалдарга жана атайын суюктуктарга болгон талаптар тууралуу (ТР ТС 030/2012);
Жогорку ылдамдыктагы темир жол транспортунун коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 002/2011);
Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 018/2011);
Автомобиль жолдорунун коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 014/2011);
Айыл-чарба жана токой-чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 031/2012).
2016-жылдын 29-майынан тарта Кыргызстан үчүн иштеп баштай турган ЕАЭБдин техникалык регламенттери:
Темир жолдун кыймылдуу составынын коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 001/2011);
Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу (ТР ТС 003/2011);
Таңгактардын коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 005/2011);
Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 006/2011);
Балдар менен өспүрүмдөргө арналган азыктардын коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 007/2011);
Оюнчуктардын коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 008/2011);
Лифттердин коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 011/2011);
Жеңил өнөр жай өндүрүшүнүн продукцияларынын коопсузлугу тууралуу (ТР ТС 017/2011);
Азык-түлүктүн коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 021/2011);
Жашылча-жемиштерден даярдалган шире азыктарына карата техникалык регламент (ТР ТС 023/2011);
Май азыктарына карата техникалык регламент (ТР ТС 024/2011);
Эмерек буюмдарынын коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 025/2012);
Адистештирилген азык-түлүк продукцияларынын бир катар түрлөрүнүн, анын ичинде диеталык дарылануу жана диеталык-профилактикалык тамактануунун коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 027/2012);
Жардыргыч заттар менен анын негизинде даярдалган нерселердин коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 028/2012);
Азык кошулмалары, ароматизаторлор жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна болгон талаптар тууралуу (ТР ТС 029/2012);
Сүттүн жана сүт азыктарынын коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 033/2013);
Эттин жана эт азыктарынын коопсуздугу тууралуу (ТР ТС 034/2013).
Кыргызстан үчүн 2018-жылдын 29-майынан тарта иштеп баштай турган ЕАЭБдин дагы бир техникалык регламенти:
Автомобиль жана авиациялык бензин, дизель жана кеме отундары, реактивдүү кыймылдаткычтардын отуну менен мазутка болгон талаптар тууралуу (ТР ТС 013/2011).
Урматтуу окурмандар, эгер материал сиздерге пайдалуу болгон болсо, анда аны менен соцтармактарда бөлүшүп, Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча дагы эмнелерди билгиңиздер келип жаткандыгы тууралуу пикирлериңиздерди калтырыңыздар.