Кыргызстан социал-демокартиялык партиясы (КСДП) делегаттарынын шайлоо алдындагы съездин өткөрүп, парламенттик шайлоодо партиянын атынан чыга турган талапкерлеринин тизмесин аныктады.
Президенттик КСДП партиясы— талапкерлеринин тизмесин аныктоо боюнча акыркы үч күндүн ичинде республикалык съезд өткөргөн бешинчи ири партия болду. Съезди парламенттеги социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков ачты.
Партиянын президиумуна Турсунбековдон сырткары экс-президенттин иниси Болот Отунбаев, парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков жана Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркулов кирди.
«АКИпресс» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, талапкерлердин тизмесинин алдыңкы үчөөсүнө фракция лидери Чыныбай Турсунбеков, парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана партиянын республикалык штабынын жетекчиси Данияр Аттокуров жазылышкан.
Тизмеде жетинчи сапка президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев жайгашкан. А «Ар-Намыстан» чыгып КСДПнын курамына кирген Дастан Бекешев онунчу болсо, Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов 11 сапка жайгаштырылган. Билим берүү министри Эльвира Сариева 16 сапта.
Турсунбеков жакынкы беш жылда Кыргызстан толугу менен «коррупциядан тазаланарын» билдирди.
«Эгер акыркы беш жыл ичинде биз коррупцияга каршы айоосуз күрөшүүдө саясий эркибиз менен чечкиндүүлүгүбүздү далилдесек, алдыдагы 5 жылда биз коррупциядан тазаланган коом болобуз», — деп билдирди ал.
КСДПнын парламент депутаттыгына талапкерлердин тизмесинин алдыңкы жыйырмасы (жергиликтүү ЖМКлардын маалыматтыр боюнча):
- Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынын парламенттеги лидери;
- Асылбек Жээнбеков, парламент төрагасы;
- Данияр Аттокуров, КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын башчысы;
- Галина Скрипкина, парламент депутаты;
- Марат Аманкулов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы;
- Ильхом Маннонов;
- Жанар Акаев, президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы;
- Маралбү Бианки;
- Мээрбек Мискенбаев;
- Дастан Бекешев, парламент депутаты;
- Иса Өмүркулов, Бишкектин экс-мэри;
- Асель Кодуранова;
- Кожобек Рыспаев, парламент депутаты;
- Улан Примов;
- Анвар Артыков, парламент депутаты;
- Эльвира Сариева, билим берүү министри;
- Мухтар Айнакулов;
- Торобай Зулпукаров, парламенттин вице-спикери;
- Тилектеш Исаев;
- 20. Евгения Строкова.
Парламенттик шайлоо
Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт — ал 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки Жогорку Кеңештин депутаттарын экинчи жолу шайлоо болот.
Шайлоого катышуу ниетин 30дан ашык партия билдирген. 25-августка чейин шайлоого катышууну каалаган партиялар талапкерлеринин тизмесин тактап, 5 млн. сомдук шайлоо күрөөсүн төлөөлөрү керек болот.
КСДП президент Алмазбек Атамбаевдин партиясы болуп эсептелет, бул тууралуу ал өзу да бир нече жолу билдирген. Өлкө башчысынын айтымында, алдыдагы парламенттик шайлоодо партиянын курамына «жаштар менен аялдар» киргизилет.
«Абройлуу талапкерлерге ээ күчтүү партиялар өтөт. Албетте эгер парламентке КСДП гана эмес, а оппозициялык партиялар дагы өтсө жакшы болот. Анткени эгер алар парламентке өтүшпөсө, көчөгө чыгышат. Бирок анын баарын Кудай өзү чечет», — деп билдирген президент 2015-жылдын июлунун ортосунда.