Билим берүү министрлигинин башчысы Эльвира Сариева алдыдагы парламенттик шайлоого КСДПнын атынан талапкер катары катышуудан баш тартты. Ал «жогорку окуу жайлары менен илимий тармактардагы маанилүү өзгөрүүлөрдү аягына чыгарышы керектигин» билдирди.
Сариева 24-август күнү кечинде алдыдагы өзгөрүүлөрдү аягына чыгаруу үчүн билим берүү министри кызматында калуу ниетин билдирди.
«Мен баштаган ишти аягына чейин чыгаруу керек деп эсептеп келгем жана азыр дагы ошондой ойдомун. Дал азыркы учур өтө маанилүү. Окуу жылынын башталышы жана алдыдагы жогорку окуу жайлар менен илимий тармактагы өзгөрүүлөр. Булар боюнча саясий чечим кабыл алынган жана аларды аягына чейин чыгарам», — деп билдирди ал.
Эльвира Сариева президенттик Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын (КСДП) шайлоо алдындагы тизмесинин 16-сабына жазылган — бул орунда парламенттин кийинки чакырылышында мандат алуу ыктымалдыгы кыйла жогору болуп эсептелет.
«Биздин партия Жогорку Кеңешке талапкерлердин тизмесинин 16-сабына жазып мени ырааттуу түрдө колдоп келет. Бирок менин командам билим берүү системасында ишин жаңы гана баштады, бизде алгачкы системалуу жыйынтыктар бар. Мындайды эч качан эч ким жасай элек болчу», — деп билдирди билим берүү министри.
Сариева мекеме башчылыгында турганда билим берүү системасындагы эң көп талкууга алынган жана көзгө урунган өзгөрүүлөр — мектептеги тамактанууну уюштуруунун жаңы системасын түзүү, мугалимдердин айлыктарын көбөйтүү жана милдеттүү мектеп формасын киргизүү.
Сариева билим берүү министри кызматына 2014-жылдын декабрынын аягында дайындалып, тогуз айдан бери иштеп келет. Ага чейин ал социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр, андан мурун КСДПнын атынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.
Сариевага чейин билим берүү министри кызматын Канат Садыков ээлеп турган, ал абитуриенттерди жогорку окуу жайына мыйзамсыз кабыл алууга байланышкан чуулуу окуялардан кийин кызматтан кеткен.