Депутаттар чогулбагандыктан улам парламенттеги фракциялардын бири дагы 4-сентябрда фракциялык жыйындарын өткөрүшкөн жок. Буга чейин парламентарийлер 4-октябрда өтчү шайлоого чейин пленардык жыйындарды өткөрбөө чечимине келишкен.
Парламенттин катчылыгынан Kloop.kgге 4-сентябрда фракциялардын бирөөсү дагы пландалган жыйындарын өткөрбөгөндүктөрүн билдиришти. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан депутаттардын фракциялык жыйындарга чогулбагандыктарынын себептерин түшүндүрүп бере алышкан жок.
«Фракциялык жыйындар болгон жок. Аны [жыйын өткөрүү же өткөрбөөнү] фракция лидерлери аныкташат, ошондуктан биз себептерин билбейбиз. Анда мындай да: маселе болсо — жыйын өткөрүшөт, болбосо — өткөрүшпөйт», — деп билдиришти парламенттен.
«Республика» жана «Ата-Журт» фракцияларынан азырынча жыйын өткөрө электиктерин ырасташты, бирок анын себептерин айтып бере алышкан жок. Ал ортодо 2014-жылдын октябрында эле биригишкен бул эки партия 4-сентябрда Бишкекте съезд өткөрүшүп, шайлоо алдындагы программасын тааныштырышты.
Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн калган фракциялар менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
3-сентябрда парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков депутаттар 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого чейин пленардык жыйындарга чогулбай тургандыктарын билдирген.
Видео: Үгүт иштери башталган алгачкы түнү партиялар жарнак такталарын кантип илишти?
Жээнбековдун пикиринде, шайлоочулар депутаттардын ишин, алардын парламент жыйындарындагы сүйлөгөн сөздөрүн шайлоо алдындагы үгүт иштери деп баалашы мүмкүн — өз кезегинде бул сотто талаш-тартыштарды жаратышы мүмкүн.
«Координациялык кеңеш саясий партиялардан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесине кирген депутаттар мамлекеттик протоколдук иш-чаралар менен комитеттердин жыйындарын өткөргөндөн тышкары учурларда, кызматтык автомашиналар менен ага байланышкан чыгымдарды пайдаланбасын деген чечимге келди», — деп жазган парламенттин басма сөз кызматы Жээнбековдун айткандарын.
Учурдагы депутаттардын 92си 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого талапкер катары катышканы жаткандыктарынан улам ушундай болууда.
Кечээ zanoza.kg жаңылыктар сайты депутаттар жыйындарга катышпаган күндөрү үчүн акча ала бере тургандыктарын жазган.
Kloop.kg пленардык жыйындарга катышпагандыктарына карабастан депутаттар айлыктарынын канча бөлүгүн алууларын уланта бере тургандыктарын эсептеп чыкты — ачык маалыматтарга ылайык, ар бир депутат 2015-жылдын сентябрындагы ар бир иш күнү үчүн 3 миң 128 сомдон алышат.
Азыр парламенттеги 120 депутаттын 106сы беш фракциянын бирине мүчө — биз ал депутаттардын санын алардын бир күндүк айлыктарына көбөйтүп, жыйынтыгында 331 миң 563 сомдук сумманы алабыз.
Пленардык жыйындар өтпөй турган 10 күн үчүн депутаттар жалпысынан 3,75 млн. сом алышат.
Парламенттин юридикалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Канатбек Садыков Kloop.kgге курган маегинде депуттар баары бир комитеттерде, фракцияларда, тагыраагы аптанын пленардык жыйындар болбогон күндөрү иштерин уланта бере тургандыктарын айтып ишендирген.
«Жогорку Кеңеш кандай болсо да иштей берет, анын ишмердүүлүгү токтобойт. Парламенттин ишинин түрдүү формалары бар: комитеттерде талкуулоо, шайлоочулар менен иштешүү. Жогорку Кеңеш иштебейт деп айтуу туура эмес болуп калат», — деп билдирген анда Садыков.