9-сентябрда Мамлекеттик салык кызматы менен Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) кызматкерлери унаа салыгын төлөбөгөндөргө каршы рейд өткөрүшүп, бир катар эреже бузган айдоочуларды аныкташты. Негизинен унаа салыгын төлөбөгөн айдоочулар алар салыкты 1-сентябрга чейин төлөө керектиги тууралуу билбегендиктерин билдиришти.

Борбордогу айдоочулардын унаа салыгын төлөгөн-төлөбөгөндүгүн текшерүү ишин Мамлекеттик салык кызматы менен Жол кайгуул кызматынын инспекторлору пландуу рейддин алкагында 9-сентябрда аткарышты. Рейддин жүрүшүндө аныкталгандай, айдоочулардын баары эле унаа салыгын өз учурунда төлөшпөптүр: кимдир бирөө «унутуп калган» болсо, башкалары салык төлөө керектиги тууралуу кабардар болбогондугун айтышты, а үчүнчүлөрү жөн гана «төлөгүсү келбегендигин» билдиришти.

Салык кызматынын Свердлов району боюнча инспектору Бакыт Курманбеков алар салык төлөнгөндүгү тууралуу дүмүрчөк кагаздардын тууралыгын дыкаттык менен жеринде текшерүүлөрү керектигин билдирди — айтымында, айдоочулар кээ бирде башка унаа номуру көрсөтүлгөн эски дүмүрчөктөрдү оңдоп жасап алышат.

«Ушул жылы төлөндү деп жазылып турат. Аныктыгын текшере келгенде дүмүрчөк кагазда башка, а автоунаада башка номур тагылганы белгилүү болот», — деди Курманбеков.

Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы Азамат Самаков 1-сентябрда унаа салыгын төлөө мөөнөтү аяктагандыгын түшүндүрдү. Айтымында, бул тууралуу айдоочуларга «жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу» эскертилген.

Эми өз учурунда унаа салыгын төлөбөгөн айдоочулар эки миң сом өлчөмүндөгү административдик айып пул, ошондой эле салык төлөөнү кечиктирген ар бир күн үчүн туум төлөшү керек болот.

«Бир күндүк туумдун көлөмү төлөнбөгөн салыктын негизги суммасынын 0,09 пайызын түзөт. Аны дагы төлөө керек болот», — деди Самаков.