КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Бул текстте тыбыштардын туура айтылышын так билүү үчүн Эл аралык фонетикалык алфавит пайдаланылат. Сиздер ал белгилердин тизмесин бул сайттан таап, алардын кайсыл тыбыштарда колдонуларын биле аласыздар.

Мен мекендештерим менен туристтерге көрсөтүүнү жактырган Бишкектеги ажайып жайлардын бири — бул Абдрахманов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан уникалдуу имарат.

saktyk-kassasy_2805-700x431-1

Ал кыргыздар 1928-1940-жылдар аралыгында колдонгон латын арибиндеги жазуу сакталып калган Бишкектеги жападан жалгыз имарат. Ал жазууну бишкектиктердин көбүнүн байкабай жүргөндүгү да таң калычтуу.

«Memlekettik emgek saqtьq kassasь — мамлекеттик эмгек сактык кассасы»

Тилекке каршы, ал жазууга 2011-жылга чейин өтө начар мамиле болуп келген. Анын советтик, андан кийин көз карандысыз кыргыз бийлиги үчүн да анча мааниге ээ эмес болгондугу көрүнүп турат. Кайсыл бир мезгилде — менимче, 2000-жылдардын ортосунда болсо керек, ал имаратта «Астра Клуб» деген казино ачылып, ал тарыхый жазуунун үстүнө өз көрнөгүн илип койгон.

Качан 2011-жылы казинолорго тыюу салынып, «Астра Клуб» имаратты таштап кеткенден кийин анын алынган көрнөгүнүн артында «emgek» жана «saqtьq» сөздөрүнүн e жана s тамгалары сынып түшүп калган.

memlekettik_1959-700x466-1

Социалдык түйүндөрдөгү ызы-чуудан кийин Бишкек мэриясы алардын ордуна шектүү материалдардан жасалма тамгаларды илип койгон. Бүгүнкү күндө алар өз түсүн өзгөртүүгө жетишип, башкача көрүнүп калышты.

Бул окуя бийликтин Кыргызстандын жаңы тарыхына, анын ичинде латын ариптеринин тарыхына болгон мамилесин ачык көрсөтүп турат. Мисалы, мен мектепте окуп жүргөндө Кыргызстандын тарыхы боюнча китептерде 1917-жылдан дароо эле 1991-жылга аттап кеткендиги таң калтырганы эсимде.

Негизинен Кыргыз ССРинин тарыхы жалпы СССРдин контекстинде, түздөн-түз Кыргызстандын аймагындагы окуялардын деталдуу талдоосусуз эле жалпысынан айтылат же болбосо Брежнев мезгилиндеги расмий советтик пропаганданын негизинде айтылат. Ал эми ал пропагандада кыргыздар пайдаланган латын арибине орун жок болуп калгандай.

Мен жок дегенде ошол боштуктун бир бөлүгүн болсо да толтурууну каалайм.

Яналиф

Кыргыз тили латын арибин 1928-жылдан 1940-жылга чейин пайдаланган. СССРде 20-жылдардын аягында латын арибине кыргыз тилин гана эмес, а ага чейин араб жазуусун колдонуп келген өлкөнүн славян эмес тилдеринин бардыгын өткөрүшкөн.

Түрк тилдүүлөрдүн латын арибине өтүүсүнүн башкы себеби катары араб жазуусу менен алардын фонетикасынын начар айкалышы айтылган.

«Эркин Тоо» гезити, 1926-жылдагы чыгарылышы — ал кезде араб жазуусу пайдаланылчу.
«Эркин Тоо» гезити, 1926-жылдагы чыгарылышы — ал кезде араб жазуусу пайдаланылчу.

Негизинен советтик түрк тилдүүлөрдүн латын арибинин үстүнөн Татарстанда иштешкен, ошондуктан анын атылышы да татарча болгон — «яналиф» (татарчадан яңа əлифба же «жаңы алфавит»).

Алфавиттер борборлоштурулган негизде түзүлгөндүктөн түрк тилдүүлөрдүн ар башка тилиндеги окшош тыбыштар бир эле мөөр тамгалар менен белгиленген. Өз кезегинде ал көптөгөн нерселерди жеңилдеткен (мисалы, мугалимдерди даярдоону же басма машинкаларды чыгарууну). Бирок СССРдеги бардык эле түрк тилдүүлөр Татарстанда ойлонулуп чыгарылган 33 белгинин толук топтомун пайдаланышкан эмес.

Башка тилдердей эле кыргыз тилин да латын арибине өткөрүүгө 1926-1927-жылдары, латын арибин киргизүү тууралуу акыркы чечим чыгарылган 1926-жылкы Бакудагы Түркологиялык конгресстен көп өтпөй даярдап башташкан.

Кыргыз грамматикасы китебинин мукабасы, 1930-жылдар. Сүрөттү Бактияр Шаршеев жөнөттү.
Кыргыз грамматикасы китебинин мукабасы, 1930-жылдар. Сүрөттү Бактияр Шаршеев жөнөттү.

Тарых

Ошол жылдары араб жазуусунан латын арибине өтүү процесси Түркияда да болуп жаткан. Көз карандысыздык үчүн болгон күрөш аяктагандан соң 1923-жылы Түрк Республикасы негизделип, анын лидери Мустафа Кемаль Ататүрк башка реформалар менен катар эле түрк тилин латындаштырууга киришкен, бирок консервативдик жана диний топтордун каршылык көрсөтүүлөрүнө туш болгон.

Ататүрк тилдин жазылышын өзгөртүү түрк тилин жарга барып такайт деген консерваторлордун билдирүүлөрүнө контраргумент катары советтик түрк тилдүүлөрдүн латын арибине өтүү фактысын пайдаланган.

Ататүрк Кайзери шаарынын тургундарына түрк тилин латын арибинде кантип жазуу керектигин көрсөтүүдө, 1928-жыл.
Ататүрк Кайзери шаарынын тургундарына түрк тилин латын арибинде кантип жазуу керектигин көрсөтүүдө, 1928-жыл.

Бирок советтик жана түрк тилчилери өз аракеттерин бири-бири менен макулдашышпаган окшойт, анткени «ататүрктүк» латын ариби менен яналифтин ортосунда кыйла айырмачылыктар болгон, а принципиалдуу окшоштугу бирөө гана — СССРде да, Түркияда да [ʃ] тыбышын «Ş» тамгасы менен (бүгүн ал тыбыш кыргыз тилинде «Ш» тамгасы менен белгиленет) белгилөө чечимине келишкен.

Ошондуктан менин окурмандарымдын түрк тилин жакшы билгендери үчүн да яналифте жазылган тексттерди окууга көнүп кетүү оңой болбойт.

Совет лингвисттери яналифте «W» тамгасынан башка латын арибинин бардык стандарттуу тамгаларынын пайдаланылышын табышкан.

Бирок ал 25 тамга түрк тилдеринин бардык бай фонетикасын көрсөтүү үчүн жетишсиз болгон.

Компьютеринде көрүнбөй калган колдонуучулар үчүн.
Компьютеринде көрүнбөй калган колдонуучулар үчүн.

Ошондуктан диакритикалык белгилери бар (орус тилинде андай белгилер «Ё» жана «Й» тамгаларында бар) тамгаларды киргизүү, же болбосо жаңы тамгаларды ойлоп табуу чечими кабыл алынган.

Жыйынтыгында яналифке сегиз кошумча белги киргизилген.

Алардын бешөөсү стандарттуу латын тамгаларына негизделген, бирок диакритикалык белгилерге ээ болушкан. Алар «Ç», «Ɵ», «Ş», «Ƶ» жана Юникоддун белгилер базасына жакында эле киргизилгендиктен сиздердин компьютериңиздерде көрүнбөшү мүмкүн болгон таң калычтуу «Ꞑ» тамгалары болушкан.

Советтик лингвисттер тарабынан дагы үч тамга ойлонуп табылган жана алар жеке мен үчүн кыйла эле кызык сезилди — «Ə», «Ƣ» жана «Ь» тамгалары ага чейин латын арибинин негизинде түзүлгөн дүйнөдөгү бир дагы алфавитте пайдаланылган эмес.

33 тамгадан турган яналифтин толук версиясы.
33 тамгадан турган яналифтин толук версиясы.

Кыргыз яналифи

Жалпысынан яналифтин биротоло бекитилген версиясында 33 тамга болгон, бирок кыргыз тилинде колдонууга алардын бардыгы тең өткөн эмес.

Мисалы, кыргыз тилинде татар, казак жана азербайжан тилдеринде бар болуп, «Ə» тамгасы менен белгиленген [æ] тыбышы жок, ошондуктан ал тамга кыргыз алфавитине киргизилген эмес.

Жыйынтыгында, расмий түрдө 1928-жылдан тарта колдонулуп баштаган латын арибинин негизинде түзүлгөн расмий кыргыз алфавити 30 тамгадан турган («Ə» тамгасынан сырткары кыргыз тилине «Ƶ» жана «H» тамгаларын да киргизбей эле коюу чечими кабыл алынган болчу).

Кыргыз тилинин латын арибинин негизинде түзүлгөн тамгалары төмөндөгүдөй болгон:

Эми кыргыз яналифинин эң кызыктууларына көз чаптырсак.

Таң калычтуу «Ƣ» жана «Ь» тамгалары

«Ƣ» тамгасы [ʁ] тыбышын же кекиртектен чыгуучу «Г» тыбышын белгилөөдө колдонулган. Бүгүнкү күндө кыргыз тилинде бул тыбыш үчүн атайын бир өзүнчө тамга жок, ал «Г» тамгасы менен гана белгиленген.

Мисал: «мага» ат атоочу яналифте «maƣa» деп жазылчу, анткени анда дал «Г» кекиртектен чыгуучу тыбышы пайдаланылат.

«Ь» белгиси — бул кирилицадагы ичкертүү белгисинин калькасы, бирок яналифте ал бүгүнкү күндө «Ы» кыргыз тамгасы менен белгиленген [ɤ̆] тыбышын көрсөтчү.

Мисал: «сагын» этишинде кекиртектен чыгуучу «Г» тыбышы да, «Ы» тамгасы да бар. Ошондуктан мисалы «Мен сени сагындым» фразасы латын арибинде төмөндөгүдөй деп жазылган: «Men seni saƣьndьm».

«C» жана «Ç» белгилеринин өзгөчө пайдаланылышы

Бирок ал бүгүнкү күндүн көз карашы менен караганда гана өзгөчө сезилет. Түрк тилин билгендер анда «C» тамгасы [dʑ] тыбышын, а «Ç» тамгасы [tɕ] тыбышын көрсөтөрүнө көнүп калышкан.

Кыргыз тилинде баары башкача болгон.

Мисалдар:

  • «Челек» сөзү яналифте «celek» деп жазылчу. Эгер кыргыз тили түрк алфавитин пайдаланганда, анда ал сөз «çelek» деп жазылмак;
  • «Жарым» деген сөз яналифте «çarьm» деп жазылмак.
Бул сүрөттө «C» тамгасы бүгүнкү «Ч» тамгасынын ордуна пайдаланылгандыгы көрүнүп турат. Анын «Cet elderde» деген темасы бүгүн «Чет элдерде» деп жазылмак.
Бул сүрөттө «C» тамгасы бүгүнкү «Ч» тамгасынын ордуна пайдаланылгандыгы көрүнүп турат. Анын «Cet elderde» деген темасы бүгүн «Чет элдерде» деп жазылмак.

«Y» тамгасынын «скандинавиялык» пайдаланылышы

Дүйнөдө даниялыктардын жана норвегиялыктардын тилинде латын арибиндеги «Y» тамгасы [y] тыбышын көрсөтүү үчүн колдонулат. Эмнегедир ал практика яналифке да өткөн. Кийин дал ушунун таасири астында кыргыз тилинде бүгүнкүгө чейин колдонулуп келе жаткан «Ү» кириллица тамгасы түзүлгөн шекилдүү.

Мисал: «үмүт» сөзү яналифте «ymyt» деп жазылчу.

Кийин кириллицага өтүп кеткен жаңы «Ɵ» тамгасы

Советтик лингвисттер «O» тамгасынын негизинде диакритикалык «Ɵ» белгисин ойлоп табышкан. Ал гректердин фитасына абдан окшош, бирок андан айырмаланып [ø̆] үндүү тыбышын көрсөтөт. Кийин ага окшош белги кыргыз кириллицасына киргизилген.

Маанилүү учур! Юникод белгилеринин маалыматтар базасында латын арибиндеги «Ɵ» жана кириллицадагы «Ɵ» тамгалары бар, алар техникалык жактан бири-бининен ажыратылып көрсөтүлгөн! Бирок анын бул дүйнөдө менден башка дагы кимге маанилүү экенин билбейм.

Мисал: «көпөлөк» сөзү яналифте «kɵpɵlɵk» деп жазылчу.

«Q» тамгасы кекиртектен чыгуучу «К» тыбышы үчүн

Латын арибиндеги «Q» тамгасы бүгүнкү күндө кыргыз тилинде өзүнчө бир тамга катары белгиленбеген [q] (кекиртектен чыгуучу «К») тыбышын көрсөтчү.

Мисал: «калыс» сөзү яналифте «qalьs» деп, а «Кыргызстан» сөзү «Qьrƣьzstan» деп жазылчу.

«Кызыл Кыргызстан» («Qьzьl Qьrƣьzstan») гезитинин 1935-жылдын 4-апрелиндеги санынын башкы бети.
«Кызыл Кыргызстан» («Qьzьl Qьrƣьzstan») гезитинин 1935-жылдын 4-апрелиндеги санынын башкы бети.

«J» тамгасынын «немис тилинде» колдонулушу

Яналифте [j] тыбышы немис тилиндегидей эле «J» тамгасы менен белгиленчү. Бүгүн ал «Й» кыргыз тамгасы менен белгиленет.

Маанилүү учур! Бүгүн кыргыз тилинде «Ё», «Ю» жана «Я» тамгалары пайдаланылат, алардын ар бири [j] тыбышынан башталган эки тыбыштын кошулуусунан турат. Яналифте мындай болгон эмес, ошондуктан мисалы «Ю» тамгасы «JU» тамгаларынын айкалышына туура келчү.

Мисалдар:

  • «Май» сөзү яналифте «maj» деп жазылган;
  • «Таяк» сөзү яналифте «tajaq» деп жазылган;
  • «Коён» сөзү «qojon» деп жазылчу.

Өзгөчөлүү «B» кичинекей тамгасы

Мен жогоруда жазгандай, яналифте сыртынан латын арибиндеги кичинекей «b» тамгасына абдан окшош болгон өзгөчөлүү «Ь» тамгасы бар болгон. Чаташуулардын болбошу үчүн кичинекей «b» тамгасын яналифте «ʙ» тамгасына алмаштырышкан. Баса, бул белги Юникоддо өзүнчө жайгаштырылган!

Мисал: «Белек» сөзү яналифте «belek» деп эмес, а «ʙelek» деп жазылчу. Же мисалы, «ата-бабалар» деген сөз «ata-ʙaʙalar» деп жазылчу.

Гезит бетинин сол бөлүгүндөгү макаланын аталышындагы яналифте жазылган өзгөчөлүү кичинекей «ʙ» тамгасына көңүл буруңуздар.
Гезит бетинин сол бөлүгүндөгү макаланын аталышындагы яналифте жазылган өзгөчөлүү кичинекей «ʙ» тамгасына көңүл буруңуздар.

Компьютерде көрсөтүү кыйын болгон өзгөчөлөнгөн «Ꞑ» белгиси

Бүгүнкү күндө кыргыз тилинде «Ң» тамгасы менен көрсөтүлгөн [ŋ] тыбышы ал кезде «Ꞑ» тамгасы менен белгиленчү. Эгер «Ꞑ» тамгасы сиздердин компьютериңиздерде көрүнбөсө таң калбайм — ал белги Юникодго жакында эле киргизилген жана азырынча «Таймс» шрифтинде арип стилинде гана бар.

«Х» тамгасы «икс» болуп эсептелчү эмес

Анткени ал [h] же [x] тыбышын көрсөтчү. Бул «X» тамгасы дал ушул тыбыштар үчүн колдонулган сейрек кездешүүчү практика. Ал практика заманбап латын арибине азербайжан жана өзбек тилдери үчүн өткөн.

Мисал: «махабат» сөзү яналифте «maxaʙat» деп жазылчу.

Кыргыз тилинин грамматикасы китебинин кыргыз тили үчүн «бөтөн» болгон «V», «F» жана «X» тамгалары пайдаланылган учурлар менен аларды пайдалануу себептери түшүндүрүлгөн барагы.
Кыргыз тилинин грамматикасы китебинин кыргыз тили үчүн «бөтөн» болгон «V», «F» жана «X» тамгалары пайдаланылган учурлар менен аларды пайдалануу себептери түшүндүрүлгөн барагы.

Мунун бардыгы практикада кандай болот?

Азыркы учурда жазылган тексттерди яналифке которуу кыйла кызык.

Мисалы,Москвада «Астра» деген музыкалык лейбл ачкан кыргызстандык Улукбек Канашевдин маегинин үзүндүсү төмөндөгүдөй болот:

«Lejʙldin negizgi maqsatь — muzьqanttardьn relizderin: ьrlarь menen alʙomdorun çajьltuu. Biz alardь Google Store, iTunes sьjaqtuu çerlerde sataʙьz, internette çajьltaʙьz. Oşondoj ele ʙiz konsertterdi ujuşturaʙьz, alʙomdordun ʙetacarlarьn ɵtkɵrɵʙyz, kee ʙirde Orusijanьn ajmaqtarьn qьdьrƣan ancalьq coᶇ emes turlardь ujuşturaʙьz».

Анын бул айткандарынын түп нускасы төмөндөгүдөй болгон:

«Лейблдин негизги максаты — музыканттардын релиздерин: ырлары менен альбомдорун жайылтуу. Биз аларды Google Store, iTunes сыяктуу жерлерде сатабыз, интернетте жайылтабыз. Ошондой эле биз концерттерди уюштурабыз, альбомдордун бетачарларын өткөрөбүз, кээ бирде Орусиянын аймактарын кыдырган анчалык чоң эмес турларды уюштурабыз».

Би-би-си кыргыз кызматынын качкындар менен венгер полициянын чек арадагы кагылышуулары тууралуу жаңылыгынын үзүндүсү:

«Migranttar venger polisijasь menen qaƣьlьştь

Serʙijanьn cek arasьn ʙuzup kiryygɵ araket qьlƣan çyzdɵgɵn migranttarƣa venger polisijasь kyc qoldondu.

Bi-Bi-Sinin qaʙarcьsь ʙildirgendej, migranttar «Darʙazanь acqьla» dep, taş ьrƣьta ʙaştaşqanda, polisija alarƣa qarşь kɵzdɵn çaş cьƣaruucu gaz cьƣarьp, suu cacuucu vodomjottordu qoldonuuƣa ɵtkɵn.

Qaƣьlьş ʙolƣon ajmaqqa qoşumca atajьn polisija qьzmatkerlerinin qoşuundarь çana ʙrondolƣon texnikalar çɵnɵtylgɵn.

Çergiliktyy telekanaldar Serʙija tarapta polisijanьn çana tez cardam qьzmatьnьn unaalarьnьn turƣandьƣьn, oşondoj ele Vengrija tarapta kɵp sandaƣь polisijalardьn çyrgɵndygɵn kɵrsɵtyydɵ.»

Түп нускасы:

«Мигранттар венгер полициясы менен кагылышты

Сербиянын чек арасын бузуп кирүүгө аракет кылган жүздөгөн мигранттарга венгер полициясы күч колдонду.

Би-Би-Синин кабарчысы билдиргендей, мигранттар «Дарбазаны ачкыла» деп, таш ыргыта башташканда, полиция аларга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ чыгарып , суу чачуучу водометторду колдонууга өткөн.

Кагылыш болгон аймакка кошумча атайын полиция кызматкерлеринин кошуундары жана брондолгон техникалар жөнөтүлгөн.

Жергиликтүү телеканалдар Сербия тарапта полициянын жана тез жардам кызматынын унааларынын тургандыгын, ошондой эле венгрия тарапта көп сандагы полициялардын жүргөндүгүн көрсөтүүдө.»

Аягында материалымды Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы мен эң жакшы көргөн берене менен аяктагым келет:

Qьrƣьz Respuʙlikasьnьn Konstitusijasь

33-ʙerene

1. Ar kim maalьmattь erkin izdɵɵ, aluu, saqtoo, pajdalanuu çana anь oozeki, çazuu çyzyndɵ çe ʙaşqa ьqma menen çajьltuu uquƣuna ee.
2. Ar kim mamlekettik ʙijlik organdarьndaƣь, çergiliktyy ɵz aldьnca ʙaşqaruu organdarьndaƣь, mekemelelerdegi çe ujumdardaƣь ɵzy çɵnyndɵgy maalьmattar menen taanьşuuƣa uquqtuu.
3. Ar kim mamlekettik ʙijlik organdarьnьn, çergiliktyy ɵz aldьnca ʙaşqaruu organdarьnьn çana alardьn qьzmat adamdarьnьn, mamlekettik ʙijlik organdarь çana çergiliktyy ɵz aldьnca ʙaşqaruu organdarь qatьşqan juridikalьq çaqtardьn, oşondoj ele respuʙlikalьq çana çergiliktyy ʙydçetterden qarçьlanƣan ujumdardьn işteri tuuralu maalьmattardь aluuƣa uquqtuu.
4. Ar kimge mamlekettik organdarьn, çergiliktyy ɵz aldьnca ʙaşqaruu organdarьnьn çana alardьn qьzmat adamdarьnьn qaramaƣьnda ʙolƣon maalьmattardь aluuƣa kepildik ʙerilet. Maalьmat ʙeryynyn tartiʙi mьjzam menen anьqtьlat.
5. Ec kim adamdьn ar-namьsьn çana ʙedelin çamanattь qьlƣan çe kemsintken maalьmattardь taratqandaƣь ycyn qьlmьştьq çazaƣa tartьlьşь mymkyn emes.