Байыркы ислам укук таануучусу Серахсинин күмбөзү эки жылдай курулуп, 120 миң АКШ доллары коротулган.
«Дианет» түрк фондунун өкүлү Сакин Пнарбашинин айтымында, күмбөздүн курулушу 2009-жылы сентябрда башталып, быйылкы жылдын октябрь айында бүткөн.
Байыркы ислам укук таануучусу Серахсинин көрүстөнүнүн үстүнө жаңы күмбөз тургузулду. Серахси — Өзгөн жана Түркменистан мусулмандары арасында ислам укугу боюнча эмгектери менен белгилүү.
ОшМУнун теология факультетинин деканы Асылбек Алиевдин маалыматында, күмбөздүн курулушуна колдонуучу кыштар атайын Өзбекстандан алынып келинген. Алиевдин айтымында, бул орто кылымдын рухун чагылдырып турат.
Күмбөздү курууга атайын Кокон шаарынан өзбек усталары чакырылган.
«Отро кылымдын стилин жаратуучу усталар бизде, Ошто жок экен»,-дейт Алиев «Клоопко» берген интервьюсунда.
Күмбөз Өзгөн тарых музейинин карамагына өткөрүлүп берилет- каалоочулардын бардыгы кирип көрө алышат.
Серахи жөнүндө китепчелер даярдалып, беш тилге — орус, кыргыз, араб, түрк жана өзбек тилдерине которулган.
«Күмбөздүн ичин азырынча сүрөткө тартууга тыюу салынган, анткени расмий ачылышы боло элек»,- дейт Өзгөн археологиялык музейинин директору Авазбек Турсуналиев.
Өзгөн районунун бийлик өкүлдөрү күмбөзгө бараткан жолдогу үйлөрдү, көпүрөлөрдү оңдооруна сөз беришкен. Оңдоо иштери 2012-жылдын жаз айларында башталат.
Теология факультетинин деканы Асылбек Алиев, күмбөздүн ачылышын «жогорку деңгээлде» өткөрүлүшүн пландап жатат, ачылыш аземинеТүркия жана Кыргызстан мамлекетинин президенттери катышышы мүмкүн.
«Ачылыш аземин ноябрь айында өткөрөрлү деп чечкенбиз, бирок президенттик шайлоого байланыштуу бир аз убакытка жылдырганбыз. Эми ачылыш аземин 2012-жылдын май же апрель айында өткөрөлү деп жатабыз»,-дейт Алиев.
Имам Серахси
Серахси 1009-жылы Түркменстан жана Ирандын чек арасындагы Мерв жана Мешхед шаарларынын ортосунда жайгашкан Хоросандык Серахси шаарында төрөлгөн.
Бухара шаарында билим алып, ал жерде сабак берип, ислам укугу боюнча адистигин өркүндөткөн, ошондой эле Өзгөн жер алдындагы тарыхы боюнча эң мыкты эмгектерин жараткан,-деп жазылган күмбөздүн аталган китепчесинде.
«Серахси жогорку билимдүү жана эс-тутуму жакшы болгон. Аталган жер астында 14 жыл бою эч бир адабиятты колдонбостон 30 томдук китебин өзүнүн шакиртерине айтып берген»,-деп жазылат буклетте.
Серахси эмгектеринин көпчүлүгүн араб тилинде жазып, фарси тилин да колдонгон. Серахси 1090-жылы Өзгөндө каза болгон.
Которгон:Бермет Абдыкадырова
Редакторы: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Асел Таланбекова