Жаңы жылдык фейерверктерден эки өспүрүп жаракат алды

Жаңы жылдык майрамдоо түнү 14 жана 19 жаштагы өспүрүм улуттук ооруканага көз карегинин жаракаты менен жеткирилген. Жаңы жылдык түнү 170 адам госпиталдаштырылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында, эки өспүрүм улуттук оорукананын көз оору микрохирургия бөлүмүнө-көз карегинин контузиси диагнозу менен жеткирилген.

Жаңы жылдык фейерверктин жалындары өспүрүмдүн көзүнө тийип, ооруканага алып келүүгө себеп болгон. Өспүрүмдөрдүн мындан аркы абалы белгисиз.

31-декабрдан 2-январга чейинки үч күн аралыгында тез жардамды 1500дөн ашуун адам чакырган, алардын ичинен 800 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн, 200дөн ашуунуна жардам кеңеши берилип, 170ге жакыны ооруканага жаткырылган,- деп саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматты маалыматы менен тең бөлүштү.

«Жол кырсыктары боюнча 10 чакыруу түштү. Бычактан, ок атуудан жарадар болгон жана сабалган 13 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Көмүр газы менен 7 адам ууланып, анын бешөө ооруканага жаткырылды»,-дейт саламаттык сактоо министрлиги.

Башкы врач Гульнара Ташибекованын айтымында, тез жардам күнүнө 500 чакырууга чыгууга жетишет. Ал эми жаңы жылдык түндө 700дөн ашуун чакыруу түшүп, врачтар 550нө чыгууга жетишкен.

Жаңы жылдык түндө тез жардамдын 36 бригадасы иштеди. Ар бири «түшкү жана кечки тыныгуусуз» бир күндүн ичинде 22-23 чакырууну тейлөөгө жетишкен.

Ташибекованын айтымында, эң көп жумуш тез жардамдын ыкчам топ бөлүмүнө жана балдар бөлүмүндө болду. Алар түшкөн чакырууларга жана баарын тейлөөгө жетишпей жатышты.

«Шаардык поликлиникалар иштебегендиктен, жумуштун баары тез жардамга жүктөлдү. Негизги жүк балдар бөлүмүн тейлеген бригадаларда болду»,-дейт башкы врач.

Башкы врачтын орун басары Дмитрий Денисов, өлүмгө алып келген жаракаттар болгон жок, бирок өнөкөт оорулардан каза болгондор болду,- деп кошумчалап кетти.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Эльдос Казыбеков