15-октябрдан тарта Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү Киев жана Бөкөнбаев көчөлөрүнө бир багыттуу кыймыл киргизилди. Жол кайгуул кызматы алгачкы үч күндө көчөлөрдөгү жаңы тартиптер тууралуу билбеген айдоочуларга айып салбоону убадалады.

Бишкектин аталган көчөлөрүнө бир багыттуу кыймылдын киргизилери тууралуу Бишкек мэриясы бир ай мурда, 16-сентябрда эле билдирген болчу.

Эми Киев көчөсү менен жеке автоунаалар чыгышты көздөй гана жүрүшөт — Жаш Гвардия гүлбагынан Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөсүнө чейин. Коомдук транспорттор үчүн андагы эки багыттуу кыймыл сакталып калат.

Ал эми Бөкөнбаев көчөсү менен — Абдрахманов көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейин —  батышты көздөй жүрүүгө болот.

Андан сырткары эми кечки убакта автоунаалардын Чүй проспектисинин Ала-Тоо аянтындагы бөлүгү аркылуу өтүүсүндө чектөөлөр болбойт.

Бишкек мэриясы айдоочуларга шаардын борбордук көчөлөрү менен жүрүүнүн жаңы тартиптерин түшүндүргөн кеңири карта таратты.

map

Ошондой эле Токтогул (Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия гүлбагына чейин) жана Москва көчөлөрүндөгү (Жаш Гвардия гүлбагынан Ибраимов көчөсүнө чейин) бир башыттуу кыймыл сакталып калат.