Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун төрасы Адиль Сейталиев - «каржы маселелери боюнча жыйынтыктмага көңү боштук» кылгандыгы үчүн кызматынан четтетилди. Сейталиев күнөөлөрдүн баарын «жөнү жок сөздөр» деп, сүрөтчүлөр союзунун жетекчилигин сотко берди.
Бул иш боюнча Биринчи май райондук соту, болуп өтчү жыйынды 28-январга белгиледи.
2011-жылдын сентябрь айында өткөрүлгөн «Эгемендүүлүк түстөрү: Коом. Убакыт. Замандаш» атуу көргөзмөдөн кийин Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун төрагасы кызмат ордунан четтетилген.
Союздун жетекчилиги, 2011-жылдан бери төрагалыкты аркалап келе жаткан Сейталиевге каржы маселелери боюнча нааразычылыктары бар экенин билдирди.
«Сейталиев милдетине жаңы киришкенде, март айында союздун кассасында 70 миң сомго жакын акча бар болчу, ал эми ноябрь айында биз тескерисинче карыз болуп калдык»,-дейт төраганын орун басары Таалай Курманов.
Эскерте кетсек Курманов Сейталиевтен мурун 12 жыл сүрөтчүлөр союзунун төрагасы болуп эмгектенген.
Сейталиев айтылган күнөөлөрдүн баары жөнү жок деп, декабрь айынын аягында союздун кезексиз чогулушун өткөрүүгө аракет кылган.
Бирок съездге 300 сүрөтчүнүн ичинен 69у гана келип, кворум болбой калган.
«Кворумдун болбошу үчүн жетекчилик съездди саботаждап жатат»,-дейт Сейталиев «Клоопко» берген интервьюсунда.
Жетекчилик съезддин катышуучуларына эч басым жасалган жок деп билдирди: «Сүрөтчүлөрдү чогултуш оор»-дейт Таалай Курманов.
Сүрөтчүлөр союзундагы финансылык бузуулар — Курмановдун жетекчилиги мезгилинде болгондугун жана ал үчүн 2006-2010-жылга чейинки финансылык ишмердүүлүгүнө аудит иштерин да жүргүзгөнүн кошумчалап кетти төрага.
Сейталиевдин айтымында, текшерүү учурунда «финасылык одоно бузуулар жана союздун мүлкү менен мыйзамсыз иш аракеттер» кылынганы айкын болгон.
Ошондой эле төрага, Ысык-Көл областынын Кажы-Сай айылындагы сүрөтчүлөр союзунун базасы жайгашкан жер участогу жөнүндөгү документтер толук эмес жана союзга тийешелүү эместигин билдирген.
«Биз каалаган учурда жер участогунан ажырашыбыз мүмкүн»,-деп жазган төрага арызында.
Ошол эле учурда Курманов, жер участогунун документтери менен эч кандай көйгөй жок экенин билдирип, жердин кызыл китеби анын сейфинде сакталуу экенин айтып өттү.
Оштун миллиондору
Ош шаарына бараткан жолдо жайгашкан монумент менен биргеликте Ош шаарынын администрациясы тарабынан үч эстелик жасоого буйуртма алгандыгын билдирип, андан сырткары сүрөтчүлөр союзуна 8 млн өлчөмүндөгү инвестиция таркандыгы тууралуу Сейталиев билдирип өттү.
Сейталиевдин айтымында, Ош шаарынын администрациясынан сүрөтчүлөр союзуна 6,5 миллион акча түшкөн.
Ушул эле сумманы сүрөтчүлөр союзунун Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Усен Ураимов да тастыктады.
Ош шаарынын вице-мэри Алимжан Байгазаков «Клоопко» берген интервьюсунда, сүрөтчүлөр союзу менен эстеликтердин үстүндө иш алып балганын тастыктады, бирок так сумманы так айта алган жок.
Азыркы учурда бажы тармагында иштеп, сүрөтчүлөр союзунан айлык маяна албастыгын жана кандайдыр бир нерсеге кол коюга акысы жок экенин билдирген союздун жаңы жетекчиси Таалай Усубалиевдин айтымында, Сейталиев сүрөтчүлөр союзун оор финансылык абалга алып келген.
«Адиль Сейталиев айткан сөздөрү жөн эле орунсуз сөздөр, эч кандай инвестициялар болгон эмес»,-дейт Усубалиев «Клоопко» берген интервьюсунда.
Сейталиев Биринчи май сотунун чечимине карабастан февраль айында сүрөтчүлөрдүн съездин кайра өткөрөөрүн айтты.
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Оксана Капишникова