Өз укуктарыңдын сакталышы үчүнсүңбү?

Мыйзамсыздыкты жек көрөсүңбү?

Университетте сабактарды акчага бүтүрбөйсүңбү?

Пара бербейсиңби?

Тиешелүү жардам көрсөтүлбөгөн учурларга кабылдың беле?

Бир нерсе кылгың келип, бирок аны кандай ишке ашыруу керектигин билбейсиңби? Билим менен тажрыйба жетишпей жатабы?

Клоопко кел!

Клооп иликтөөчүлөр тобуна маалыматтарды топтоп иштеп чыга турган, булактар менен иштеп, съемкаларга чыгып, чиновниктерге сурамдар менен кайрыла турган жардамчы-үйрөнчүктөрдү издейт.

Сен төмөндөгүлөрдү үйрөнөсүң:

  • коррупция менен укук бузууларды кантип аныктап таанууну
  • фактыларды кантип издөө жана текшерүүнү
  • ачык маалыматтар менен кантип иштөөнү
  • коррупцияга далилдерди кантип табууну
  • маалымат булактарына карата кандай мамиле кылууну
  • кантип интервью алууну
  • мамлекеттик органдарга кантип сурамдарды түзүүнү

Бонустар:

  • мыйзам бузууларды ачыкка чыгарып, алар тууралуу окурмандарга билдирүү мүмкүнчүлүгү
  • иликтөөчү журналисттин атагы
  • Кыргызстандагы эң көп адам окуган онлайн-медиалардын бирине чыгаруу мүмкүнчүлүгү
  • «Клооптун» журналистика мектебинде бекер окуу
  • профессионалдуу байланыштар жана тажрыйба
  • редактордун сунуштоо баасы
  • келечекте жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү
  • со-автор катары катышкан иликтөөлөр үчүн калем акылар
  • иликтөөчү журналисттерге арналган эл аралык окутуулар менен иш-чараларга катышуу
  • улутуна, диний көз карашына, жынысына жана сексуалдык ориентациясына карап басынтуудан алыс болгон амбициялуу жаш командада иштөө

Талапкерлерге коюлган талаптар (артыкчылык катарында):

  • мыйзам бузуулар менен коррупциялык көрүнүштөрдү издеп таап, аларды иликтөө каалоосу жана даярдыгы
  • демилге жана энтузиазм
  • стресске туруктуулук
  • чыдамдуулук
  • компьютер менен интернетти колдонуунун базалык тажрыйбасы
  • коммуникабелдүүлүк
  • сабаттуулук

Орундардын саны: 2

Жаш боюнча чектөө: 18 жаштан улуу, белгилүү бир учурларда 18 жаштан кичүү талапкерлердин катышуусуна да мүмкүнчүлүк берилиши мүмкүн

Жумушта өткөрчү убакыт: эртең менентен баштап түшкө чейин (бир орун), түштөн кечке чейин (дагы бир орун), бир күн бою жүрүү мүмкүнчүлүгү да бар.

Kloop.kgнин иликтөөлөрүнөн мисал:

Билим берүү министрлиги 167 млн. сомдук мамлекеттик сатып алууларды жашыруудабы?
Бишкек: «Спайс» маңзатын Интернет аркылуу сата башташты
Кыргызстанга берилген 750 миң долларлык гумжардам кантип жеке бизнеске кеткен?

Төмөнкү электрондук даректерге жазыңыздар: ulugbek@kloop.kg, eldiyar@kloop.kg, же
+996 (772) 145 319 номуру аркылуу да байланышсаңыз болот.