Өкмөт KG сериясындагы номерлерди беш эсеге азайтат

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов "KG" сериясындагы номерлерди 100дөн 21ге чейин кыскартууну тапшырды. Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаровдун айтымында, мындай чаралар өкмөттүн алдындагы органдарга карата колдонулат.

Өкмөттүн 9-январдагы отурумунда Өмүрбек Бабанов «KG» сериясындагы авто унаа номерлерин алып таштоо жөнүндөгү чечимине кол койду.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаровдун айтымында, KG номерлери вице-премьер жана министрлерде гана калат.

Каназаров Твиттердеги блогуна, KG номерлери өкмөттүн алдындагы органдардан да алынып салынат деп маалымдады.

Азыркы күндө өкмөттө KG сериясындагы 100 номер колдонулуп келет.

«Кабар» улуттук агенттигинин маалыматында, Бабанов - министрлер тарабынан жол эрежелери бузулса, KG номерлери алардан алынып салынат деп айткан.

Парламентте номерлердин кыскарышы

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын жетекчиси Роман Касымов,  2011-жылы ноябрдын аягында  төраганын жардамчыларына KG сериясындагы 36 номер бергенин маалымдаган.

КСДП жана «Ата Мекендин» депутаттары мурунку төрага Ахматбек Келдибековду, KG номерлерин мурунку депутаттарга, мамагенттиктердин жетекчилерине, мурунку прокурорлорго жана жеке компаниялардын өкүлдөрүнө жөнү жок таркаткан деп күнөөлөшкөн.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Ширин Айтматова жыйын учурунда, кээ бир депутаттар бир нече KG номерлерине ээ экенин билдирген.

Парламент ошол мезгилде токтом кабыл алып, KG сериясындагы номерлер президентке, депутаттарга, өкмөт өкүлдөрүнө, Жогорку жана Конституциондук Соттун төрагаларына берилээрин билдирген.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Бегимай Бекболотова