Кыргыз «уикипедиясы» жарым жылда үч эсеге көбөйдү

Кыргыз «уикипедиясы» 2012-жылга 4500дөн ашуун макала менен кирип келди. Былтыр июлда анда 2 миңге жетпеген макала болгон. Мындай көрсөткүч веб-баракчанын толтурулуусуна арналган жолгушуу иш-чарасын өткөрүп турушкан «уикипедисттердин» активдешүүсүнүн натыйжасында болуп жатат.

Бул дүйнөдөгү эң көлөмдүү энциклопедиянын кыргыз тилдүү версиясынын жакшы өсүп келе жаткан мезгили. Анткени буга чейин анда жылына орто эсеп менен жүздөгөн макала жайгаштырылып турган. Ал эми 2011-жылдын июль айынан 2012-жылдын январь айына чейинки убакытта ага 3 миңдей макала кошулган.

Кыргыз «уикипедиясынын» авторлорунун бат-баттан жолугушуулары менен өсүү темпи байкалууда.

Мындай жолугушуулардын бири акыркы жолу 2011-жылдын декабрь айынын ортолорунда Ысык-Көл дубанынын Бостери айылында өткөрүлгөн. Жолугушууга өлкөнүн ар тарабынан 50дөй активист-ыктыярчылар келип, үч күндүн ичинде 500дөй макала жайгаштырышкан.

«Алгачкы жылдарда бир аз жайыраак өнүккөн, 2011-жылдан бери кыргыз «уикипедиясындагы» макалалардын саны өсүүдө», — деди энциклопедияда Aidabishkek деген лакап аты менен белилүү болгон кыргыз «уикипедиясынын» администратору Аида.

Активдүү «уикипедисттердин» арасында «Азаттык» үналгысынын кыргыз кызматынын мурдагы мүдүрү Тынчтыкбек Чоротегин да бар. Ал кыргыз «уикипедиясында» 300дөн ашуун макаланы башынан баштаган, ал эми анын кызматтык тизмесинен 1000ден ашкан толуктоо жана өзгөртүү киргизгендигин көрүүгө болот.

«Азырынча жаш муундарга бул алгачкы гана кадам болуп турат. Кирген макалалардын деңгээли жана сапаттары ар кыл, көпчүлүгү көңүлгө төп келбейт. Бирок, көч жүрдү буюрса түзөлө бермекчи»,— деп билдирди энциклопедия авторлорунун санынын өсүүсү тууралуу Чоротегин.

«Уикипедисттердин» чогулуштарына көмөк көрсөтүп келаткан башкы демөөрчү «Сорос-Кыргызстан» кору, макалалардын санынын өсүшүн «чоң жетишкендик»,- деп эсептейт.

«Сорос» бир гана жолугушууларды эле эмес— ошондой эле өлкөнүң беш университетин (КУУ, КТУ, ОшМу, НарынМУ,МУК) зымсыз интернет менен камсыздаган. Бир жылдык зымсыз интернет үчүн ар бир университет 1000ден макаланы кыргыз «уикипедиясына» киргизүү шарты каралган.

Биргелешип иштөөнүн жыйынтыгы 2012-жылдын сентябрында чыгарылмакчы. Ошондо келишимге кирген беш университеттин студенттеринин кыргыз «уикипедиясына» кошкон салымы аныкталмакчы.

Университеттер бул демилгенин ийгиликке жетишине ишенишет — Кыргыз улуттук университетинин басма сөз катчысы Жээнбек Эралиевдин айтымында, студенттер келишим аягына чыккандан кийин деле «уикипедияга» макала жайгаштырууну уланта беришет.

«Биздин студенттер макалаларды өз алдынча жайгаштырууну өздөштүрүштү. Керек болсо бул иш-чарага мугалимдер дагы тартылат»,— деп билдирди Эралиев.

Мамлекеттин колдоосу

Кыргыз тилин интернетте өнүктүрүү демилгесин мамлекеттик органдар да жашы кабыл алышты — мисалы, Кыргызстан президентинин аппараты өлкөнүн мамлекеттик тилин «Гугл-Транслейт» кызматына киргизүү долбоорун колдогон.

Мамлекеттик тил комиссиясынын башкы адиси Мундузбек Абдыжапар уулу, кыргыз «уикипедиясын» аларда болгон маалыматтардын электрондук версиясы менен камсыздай ала тургандыгын айтып, тил комиссиясы жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бирок анын айтымында мамлекеттик комиссиядагы болгон маалыматтар «уикипедиянын» стандарттарына туура келбейт.

«Биз баарын кайра текшерип, уикипедиянын стандарттарына жараша жазып чыгууну чечтик»,—деген пикирин билдирди ал.

«Уикипедия», дүйнөдөгү эң чоң интернет-энциклопедия жана дүйнөнүн бардык тилдеринде версиялары бар — эң кур дегенде, уикипедиянын түптөөчүлөрү ошондой деп билдиришет.

Дүйнөдө эң белгилүү веб-барактардын арасында алтынчы орунда турган «уикипедия» баракчасы бардык материалдар катардагы интернет-колдонуучулар тарабынан жазылып-текшерилип тургандыгы менен белгилүү.

Алар стандарттарды сактоого милдетүү. Энциклопедиянын башкы принциптеринин бири — бул баланстын сакталуусу болуп саналат. Тагыраак айтканда, макалада кимдир бирөөнүн жеке тандоосу, ой пикири жана автор тарабынан баа берүүчү сөздөрдүн колдонулбоосу керек.

Энциклопедиянын ачык болгондугу көпчүлүк учурда андагы маалыматтардын так жана туура экендигинен күмөн саноонун себеби болуп калат. Бирок англис жана немец тилдериндеги версияларына жүргүзүлгөн көлөмдүү изилдөөлөр жалпы жонунан «уикипедияга» ишенүүгө болот деген тыянакка келишкен.

Мисалы, британиялык «ПиСи Плас» журналы 2008-жылы уикипедиянын англис тилиндеги баракчасын «Британника» жана «Уорлд Бук» энциклопедияларынын компьютердик чыгарылыштары менен салыштырып көрүп, уикипедияга маалыматтарды кийирүүдө каталар кетирилген жана колдонуучулар аларды кайра текшерүүлөрү керек болсо да, жалпысынан энциклопедиянын көпчүлүк бөлүгү «баалуу жана так маалыматтар» менен толтурулган деген жыйынтык чыгарышкан.

Кыргыз уикипедиясы англис тилиндеги уикипедияга караганда салыштырылгыс түрдө аз. Англис уикипедиясында 2012-жылдын башына карата 4 миллиондон ашуун макала жайгаштырылган.

Ошентсе да кыргыз уикипедиясы өзүнүн эң динамикалык өсүүсүн баштан өткөрүп жаткан кезинде, Борбор Азиядагы башка белгилүү тилдердеги макалалардын саны боюнча артта калып келе жатат — өзбек тилинде 7 миңден ашуун, тажик тилинде 9 миңден ашуун макала бар. Орто Азияда макалалардын саны боюнча лидерлик казак уикипедиясында, анткени анда 120 миңден ашуун макала бар.

Орус уикипедиясы 800 миңден ашуун макаласы менен 8-орунду ээлейт.

Редакторлор: Бектур Искендер жана Айгуль Гуламидин кызы
Автор: Элмурат Аширалиев