Жогорку сот Аида Исмаилованын «Республика — Ата-Журт» партиясынын тизмесинен чыгарылгандыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырды.  Буга чейин бул факты боюнча кылмыш иши козголгон болчу — Исмаилова БШКга партиядан чыгуу тууралуу арызды өзү эмес, а партиянын кызматкерлери бергендиктерин айтып ишендирүүдө.

Исмаилованы «Республика — Ата-Журт» партиясынын тизмесинен чыгаруу тууралуу БШКнын чечими боюнча Жогорку соттун жыйыны 22-октябрда өттү. Анда соттордун коллегиясы 15-октябрда БШКнын бул чечимин мыйзамдуу деп тапкан Биринчи май райондук сотунун токтомун жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Сот мындай чечимди кол жазмаларды аныктоо боюнча өткөрүлгөн экспертизанын негизинде кабыл алды. Экспертиза арыздагы дата менен мандаттын номуру Аида Исмаилованын эмес, а башка адамды колу менен жазылган деген жыйынтык чыгарган, деп жазды «АКИpress» маалымат агенттиги.

Жыйындын жүрүшүндө Исмаилованын өкүлү БШКнын сотко келип түшкөн арыздарды каттоо журналын көрсөтүүсүн талап кылды. Жооп катары Боршайкомдун мүчөсү Рашид Бекбасаров комиссияда андай журналдын жок экенин айтты.

«Республика — Ата-Журт» партиясынын басма сөз катчысы Мирсулжан Намазалиев Жогорку соттун чечимин «мыйзамга ылайык келбеген адилетсиз» чечим деп атады.

«Алардын эмненин негизинде мындай чечим кабыл алгандыктарын түшүнбөй турам. БШКнын чечими мыйзамдуу болгон, аны Биринчи май райондук соту тааныган. Бирок мен партия парламентте бир команда болуп, ант берген адамдар ал тууралуу эстешет деген үмүттөмүн», — деди Намазалиев Kloop.kgге курган маегинде.

Шайлоонун алдында «Республика — Ата-Журт» партиясынын талапкерлери үгүт иштерин жетектеп жаткан тилкелерден тийиштүү сандагы добуш топтой албай кала турган болушса, анда партиянын тизмесинен чыгабыз деп ант беришкен болчу.

Боршайком Исмаилованы партиянын тизмесине кайрадан киргизүү тууралуу чечимди партиянын өзү кабыл аларын белгиледи, деп билдирди 24.kg агенттиги.

18-октябрда Ички иштер министрлиги Аида Исмаилованын кайрылуусу боюнча кылмыш ишин козгогон — Исмаилованын айтымында, ал «Республика — Ата-Журттан» чыгуу тууралуу арызга кол койгон эмес.

Исмаилова БШКнын 20-октябрдагы жыйынында партиянын бардык мүчөлөрү арыздарга шайлоого чейин эле кол койгондуктарын, бирок ал өзү аны Боршайкомго бербегендигин жана документтеги дата башка адамдын колу менен жазылганын белгилеген.

Тизмеден чыгарылган талапкерлер

Жалпысынан шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Республика — Ата-Журттун» тизмесинен 55 талапкер чыккан — Боршайком аларды өздөрүнүн жеке арыздарынын негизинде тизмеден чыгарган. Партиянын пикири боюнча, ал талапкерлер өз тилкелеринде жетиштүү добуш топтой алышкан эмес.

16-октябрда партиянын тизмесинен чыгарылгандыгына нааразы болгон алты депутаттыкка талапкер Боршайкомдун алдына митингке чыгышкан. Анда алар «Республика — Ата-Журттан» чыгуу тууралуу арыз жазбагандыктарын айтышкан.

«Мен муну жазган эмесмин. Мында менин колум коюлган эмес. Ал жакка [парламентке] чип менен киришет, ал катталат. Кечээ анда мен таптакыр болгон эмесмин. Бул ачык эле бурмалоо. Мен сыяктуулардан 10го жакын адам. Мен муну териштирем», — деп билдирген митингде талапкер Кантемир Мурзабеков.

«Республика — Ата-Журт» партиясынын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов «Фэйсбуктагы» жеке баракчасына талапкерлер тизмесинен чыгарылгандардын нааразы болуп жатышына «таң калып жатканын» жазган.

«Алар кечээ эле бардык ачык шарттарды кабыл алышып, ант беришкен. Ал талапкерлер эгер мандатка жетиштүү колдоо таппай калышса, тизмеден өз эрктери менен чыга тургандыктарын айтып оозеки жана жазуу жүзүндө ант беришкен. Ал анттар тууралуу биз дайыма, ЖМКлар аркылуу да, шайлоочулар менен болгон жолугушууларда да айтып келгенбиз», — деп жазган ал.

Боршайком 20-октябрдагы жыйынында партиялардын тизмелеринен чыгарылган талапкерлердин даттануулары боюнча чечим кабыл албай тургандыгын билдирген.

«Биз «Республика-Ата Журттун» ички ишине кийлигишпей эле коюу чечимине келдик. Партия өзү чечсин», — деп билдирген анда БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов.

«Республика — Ата-Журт» — шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке өткөн партиялардын бири. Ал 120 орудуу парламенттен 28 мандат алат. Шайлоонун өзү 4-октябрда өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн башкы мыйзам чыгаруу органына алты партия өткөн.