Жогорку Кеңеште төрт фракциядан турган парламенттик көпчүлүк коалициясы түзүлдү: КСДП, «Ата-Мекен», «Кыргызстан» жана «Өнүгүү — Прогресс». Оппозицияда «Бир Бол» жана «Республика — Ата-Журт» партиялары калышты.

2-ноябрда парламенттеги төрт фракциянын лидерлери коалициялык макулдашууга кол коюшту. Парламенттин жаңы көпчүлүк коалициясы «Туруктуулук, ишеним жана Жогорку Кеңештеги жаңы мүмкүнчүлүктөр» деген аталышка ээ болуп, анын курамына президенттик КСДП, «Ата-Мекен», «Кыргызстан» жана «Өнүгүү — Прогресс» фракциялары кирди.

Коалициянын лидери болуп социал-демократтардын башчысы Чыныбай Турсунбеков тандалды, анын курамына жалпысынан 80 депутат кирди.

Парламентте 28 депутаттык мандаты менен «Республика — Ата-Журт» жана 12 мандаты менен «Бир Бол» фракциялары оппозицияда калышты.

Макулдашууга кол коюлгандан кийин Турсунбеков «Республика - Ата-Журт» «аны менен баары кызматташууну каалабагандыктан улам» көпчүлүк коалициясына кирбегендигин айтып түшүндүрдү.

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери менен көптөгөн маселелер боюнча бир пикирге келдик, бирок ал фракция менен баар эле альянска биригүүнү каалабагандыгын айтып коюу керек», — деп билдирди ал.

Жаңы түзүлгөн коалициянын лидери Жогорку Кеңеш 4-октябрдагы жыйынында парламент төрагасы менен премьер-министрди бекитип, жаңы өкмөттүн түзүмүн талкуулашы керектигин айтты.

Коалиция төрагалыкка Асылбек Жээнбековду, а премьер-министрликке Темир Сариевди көрсөттү. Эки саясатчы тең бул орундарды парламенттин мурдагы чакырылышынын иши аяктаганга чейин ээлеп турушкан болчу.

«Биз эмнеге Темир Сариевди тандап алдык? Биринчиден, бүгүнкү күндө өлкө үчүн туруктуулук өтө маанилүү. Экинчиден, ал беш жылдык ишинде өзүн жакшы жактан көрсөттү. Ага азыр ишеним бар», — деп түшүндүрдү Чыныбай Турсунбеков Сариевдин өкмөт башчылыгына көрсөтүлүшүн.