Оштун борборундагы Навои атындагы сейил бакта көрүнүшү көздү анчалык кубандырбаган Як-40 учагы турат. Ал көптөн бери оңдоодон өткөн эмес: учак өз түсүн жоготуп, сырты дат басып калган.
Материалдын түп нускасы Гүлдина Чилдебаеванын фэйсбук-баракчасына жарыяланган
Бул учактын борбордук сейил бакта пайда болушунун тарыхын Оштун өзүндө жашагандардын көбү деле билбесе керек.
Колдонуудан чыгарылган Як-40 учагы оштук ишкер, маркум Косим Соипов тарабынан орнотулган.
Соиповдун уулунун айтымында, учакты сейил бакка ажыратылган түрүндө алып келип, ал жактан кайрадан чогултууга туура келген.
Соипов алгач учактын ичине Советтер Союзу тараган маалда кинотеатрдын популярдуу альтернативасы эсептелген видеосалон ачкан.
Кийин видеосалондор модадан калгандан соң Соипов учагын фотосалонго айландырган.
Бирок 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуулар маалында учакка кол салуу болгон — белгисиз адамдар анын айнектерин талкалап, ичинде болгон нерсенин баарын алып чыгып, бир аз бөлүгүн өрттөп да жиберишкен.
Бүгүнкү күндө учактын ичине кирүү эч кандай деле кыйынчылык туудурбайт — жүргүнчүлөр кирчү эшиги ачык, а айнектери дагы деле талкаланган бойдон.
Учактын ичинде жүргүнчүлөрдүн креслолору менен учкучтардын отурчу жеринде тийиштүү жабдуулар жок.
Учактын мурда жүргүнчүлөр салону катары кызмат кылган бөлүгүндө азыр кийилген кийим-кече, тамактын калдыктары жана идиш-аяктар жатат — Оштун жашоочуларынын айтымдарында, азыр учакта дайыма үй-жайсыз адамдар түнөшөт.
Соиповдун уулу келечекте учакты оңдоодон өткөрүп, анда жайкы кафе ача турганын айтты.
Бирок учак азыркы кейиштүү абалында да шаардын эң таанымаал (жана өзгөчө) символдордун бири бойдон калуусун улантып келет.