Жогорку Кеңештин экс-депутаты Урмат Аманбаева 13-ноябрда коррупцияга айыпталып, тогуз жылга кесилип, үй-мүлкү мамлекетке алынсын деген чечим чыкты. Октябрь райсотунун бул чечимине каршы Аманбаеванын жактоочусу жогорку сот инстанциясына кайрылганы жатат
Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан.
Узак убакыттан бери созулуп келаткан иш боюнча өкүмдү коомчулук түрдүү кабыл алды. Айрымдары саясий буйрук дешсе, башкалары ал чоң саясий фигура, оппозиция болбогонун белгилешип, камоонун себебин башкадан көрүшөт.
Башкы прокуратура Аманбаевага карата 2014-жылдын ноябрында кылмыш ишин козгогон. Ал Ошто кургак учукка каршы медициналык борборунда башкы бухгалтер болуп турганда коррупциялык схемаларды түзгөн деп айыпталган.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, Ош облустук кургак учукка каршы күрөш медициналык борборундагы коррупциялык айла-амалды бир канча адамдан турган топ жүргүзгөн. Аны ошол кезде башкы бухгалтер болуп турганда Урмат Аманбаева жетектеген жана андан башка ошол борбордун башчысы, дарыкананын жетекчиси, дары-дармек компаниясынын өкүлү, медайымдар жана башка адамдар кирген.
Тема боюнча: Депутат Аманбаева дары-дармек сатып алууда коррупциялык иштерге барган деп айыпталууда
Алар кургак учукка өтө зарыл дарыларды керек өлчөмүнөн ашыра жазып келишкен. Ал жазылган дарылардын акчасын топтун мүчөлөрү кымырып алып турушкан. Мындай ыкма 2009-жылы башталып, 2013-жылга чейин уланган жана андан мамлекеттик казына 17 миллион сомдон ашык чыгым тарткан деп прокуратура билдирет.
Аманбаева аталган борборго 2008-жылы башкы бухгалтер болуп орношуп, 2010-жылы парламентке депутат болуп шайланып келген.
Чуулгандуу иш боюнча кийинчерээк мандатынан ажыратылып, а тургай жакында өткөн шайлоодо да талапкерлер тизмесинен чийилди.
Акыркы сот отурумдарында айыптоочулар аны күнөөлүү деп таап, 17 жылга эркинен ажыратууну сураган. Райсоттун чечимине байланыштуу Башкы прокуратуранын позициясы азырынча белгисиз. Ал эми Аманбаеванын адвокаты Жыргалбек Бабаев бул дүйшөмбүдөн тарта жогорку инстанцияга кайрылмай болууда:
- Бул жерде юридикалык далил жок. Эксперттердин корутундусу боюнча 15 млн. сом зыян келтирилген дейт. Ал кимге, ооруканагабы, мамлекеткеби - бул белгисиз. Аманбаеванын аракети менен ал чыгымдын ортосунда байланыш жок. Анткени ал жерде бухгалтердик мыйзам бузуу болгон эмес. 2010-жылы ал депутат болуп кетсе, негизги иштер ошондон кийин болуп атса, кандайча бул киши ага тиешелүү болуп калат?
Учурда экс-депутат Бишкектеги №1 СИЗО кармалууда. Анын бир тууганы, мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев тарапташтары Аманбаеванын акталышын талап кылып жатышканын, бирок азырынча митингге чыкпай тургандыктарын айтты.
Экс-депутат Равшан Жээнбеков мурдагы кесиптеши дал инисинин айынан куугунтукка кабылды деп түшүнөт. Анын оюнча, бийлик коррупция менен күрөшүү урааны менен өзүнө жакпаган адамдарды кодулоону улантууда:
- Иниси акыйкатчы катары бийликке жакпаган көз карашты карманып, саясат жүргүзгөн үчүн эжеси Аманбаева илинип калды. Кыргызстанда коррупция менен шугулданган, бирок бийликтин көзүн караган жүздөгөн адамдар бар. Кээ бир адамдар бийликке жакпаганы үчүн коррупция менен күрөштүн курмандыгы болушууда.
Аманбаевага өкүм чыгардан бир күн мурда Биринчи Май райондук соту экс-спикер Акматбек Келдибековду актаган эле. Бул иштерге тыкыр көз салып келаткан саясат талдоочу Бакыт Бакетаев Келдибеков саясий салмагы, саясий күчтөрдүн колдоосу артында бошоп кетти деп эсептейт. Ал эми Аманбаевага байланыштуу чечимде сотторго таасир берчү күчтөр, кандайдыр бир саясий басым болбогонун белгилеп, экс-депутаттык саясий куугунтукка калды дегенден алыс:
- Аманбаева президентке, өкмөт башчыга катуу сын айткан жок. Оппозицияга деле кошулган жок. Бул жакта саясий деле өңүт жок. Келдибековго окшоп таасирдүү эмес, саясий күчтөр аны колдоп чыгышкан жок. Тарапташтары чыгып, жолду торогон жок. Андай кылганда балким чечим башкача болмок.
Бул чуулгандуу иш боюнча экс-депутаттан тышкары дагы үч адам жоопко тартылып, Кургак учук борбору менен биргеликте акча кымырган деген БУМ ЖЧКсынын жетекчиси Манзура Улуходжаеванын үй-мүлкү конфискацияланып, өзү сегиз жылга эркинен ажыратылды.
Ушул эле иш боюнча айыпталып жаткан Кургак учукка каршы борбордун мурдагы жетекчиси Акылбек Байсалов өткөн жылы декабрда өз үйүндө асынып өлгөн.