12-январдан баштап ар бир каалоочу каалаган аталыштагы жогорку деэгээлдеги доменди катоого арыз бере алат. Серепчилер домендерди каттоо кымбатка тураарын белгилеп, анын баасы жарым миллион АКШ долларын түзөөрүн билдирди.
.com, .org жана .ru менен бүткөн интернет-адрестери мындан ары .pepsi, .london деген аталыштар менен толукталышы мүмкүн,- деп билдирет Би-би-синин орус тилдүү кызматы.
Сайттардын аталышын тескеп келген«Айкэнн» америкалык уюму, кошумча домендердин пайда болушун «атаандаштыкты өркүндөтүү» жана «интернетте тандоо эркиндиги» үчүн керек экенин айтып өттү.
Мындай домендик реформаларга каршы чыккан АКШнын соода-сатык боюнча федералдык комиссиянын айтымында, домендердин көбөйүшү «ситеманы кыянаттык менен пайдаланууну» жаратып, интернет-алдамчыларын издөөнү татаалдаштырат.
«Айкэнндин» директорлор кеңешинин мурунку төрагасы Питер Денгейт Траш, «реформалоо көптөн бери керек болчу» деген пикирде.
«1985-жылдагыдай- азыркы күндө миңдеген колдонуучуларга бир нече аталыштагы домендерди жаратууну эч ким кылмак эмес»,- деп жазган Би-би-си Питер Денгейт Траштын сөзүн.
.mobi жана .info домендерин жетектеген «Афилиас» компаниясынын жетекчилеринин бири Джонатан Робинсон, биринчи деңгээлдеги домендерди каттоого «жарым миллиондой АКШ доллары» керектелээрин айтып өттү.
Серепчилердин айтымында, домендерди каттоого арыз берүү 185 миң доллар тургандыктан, интернет-адресге бардык эле каалоочу ээ боло бербейт.
Домендерди каттоо учурунда коомдук уюмдар үчүн киберсквоттерлердин пайда болушу коркунуч туудурат. Себеби алар кайсы бир уюмдун атындагы интернет-адрести сатып алышып кийин эки-үч эсе кымбат сатышы ыктымал.
Эл аралык валюта Фонду «Айкэнн» компаниясынан .imf доменин киберсквоттерлерден коргоону өтүнгөндүгүн «Рейтерс» кабар агенттиги декабрь айында маалымдаган. Анткени imf Эл аралык валюта фондунун аббревиатурасы болуп саналат.
Биринчи деңгээлдеги домендерди каттоого 2012-жылдын апрель айына чейин арыздарды тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар.
Географиялык аталыштагы домендер
Мекемелердин аттарынан тышкары географиялык аталыштардын катталышына да арыздар берилип жатканын, домендерди каттоого арыз берүүдө жардам берген компаниянын өкүлү Стюарт Дарем айтып өттү.
Даремдин айтымында Улуу Британиянын борбору .london жана Нью-Йорк шаарынын .nyc домендеринин келечеги кең жана потенциалы чоң.
« 20 же 30га жакын Веллингтон (Жаңы Зеландиянын борбору) деген аталыштагы шаарлар бар болуш керек »,-деп айтты Денгейт Траш.
«Айкэнн» компаниясынын мурунку жетекчиси келечекте бул маселени чечип, домендерди каттоодо талаштар болбойт деген үмүттө.
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Эльдияр Арыкбаев