Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден үч ай өткөн соң кыргыз-казак чек арасындагы жашылча, мөмө-жемиш жана дан эгиндерине болгон фитосанитардык көзөмөл алынды.
Экономика министрлигинин басма сөз кызматы фитосанитардык көзөмөл 19-ноябрдан тарта алынып башталарын билдирди. Көзөмөл кыргыз-казак чек арасындагы төмөнкү көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде алынат:
- «Чоң-Капка»
- «Чалдыбар»
- «Ак-Жол»
- «Ак-Тилек»
- «Каркыра»
- «Токмок»
Чек арадагы фитосанитардык көзөмөл Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке толук укуктуу мүчө катары киргенден туура 100 күн өткөндөн кийин алынууда.
Фитосанитардык көзөмөлгө алына турган азык-түлүктөрдүн тизмесине жашылча, мөмө-жемиштер, дан эгиндери, бак-дарактар, гүлдөр, үрөндөр жана тамеки чийки заттары кирген. Тизмедеги азык-түлүктөрдүн толук тизмесин бул жерден көрүүгө болот.
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын директору Таалайбек Айткулов Kloop.kgге курган маегинде чек арадагы фитосанитардык көзөмөлгө визуалдык карап чыгуу жана инспекторлор тарабынан документтерди текшерүү киргендигин айтты.
Анын айтымында, чек арадагы көзөмөл алынгандан кийин кыргыз фермерлерине эл аралык үлгүдөгү сертификатты гана көрсөтүү жетиштүү болот.
«Сертификат эл аралык деңгээлде аккредитациядан өткөн жергиликтүү лабораториялардын лабораториялык экспертизадары тарабынан 30 күндүк мөөнөткө берилет», ― деди Айткулов.
Ал Кыргызстанда сертификатты Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан эки лабораториядан алууга болорун кошумчалады.
Айткуловдун айтымында, көзөмөл алынгандан кийин өндүрүүчүлөрдүн «убактылары үнөмдөлөт», анткени буга чейин аларга эки сааттап кезек күтүүгө туура келип турган.
«Буга чейин Орусияга товар алып бара жаткан өндүрүүчүлөргө казак-орус чек арасындагы бажы бекеттеринде да кезек күтүп турууга туура келген», ― деп кошумчалады ал.
Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү процессинин жүрүшүндө өлкө бийлиги интеграциялык биримдикке кошулгандан кийин экспорту көбөйө турган тармак катары айыл-чарба өндүрүшүндөгү жашылча, мөмө-жемиш, дан эгиндерин, ошондой эле мал чарба тармагында эт менен сүттү атап келишкен.
Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соода-сатык тармагы боюнча мааалыматтар базасындагы маалыматтарга ылайык, жогоруда аталган азыктарды экспорттоо үчүн негизги рыноктор болуп Казакстан, Орусия жана Түркия эсептелет.
Ал маалыматтар базасына ылайык, баарынан да аталган азыктар Казакстанга көп экспорттолот. Эгер 2012-жылдын июну менен 2015-жылдын июлундагы маалыматтарды салыштыра турган болсок, анда жашылчаларды экспорттоо 27 эсеге кыскарган, ал эми жемиштердин экспорту болжол менен 100 миң АКШ долларына азайган.
Жашылча-жемиштердин экспортун көбөйтүп, аны жыл бою сатуу үчүн Кыргызстандын фермерлери 2013-жылдан тарта активдүү түрдө күнөскана бизнесин өнүктүрө башташкан ― Айыл чарба министрлигинин 2015-жылдын февралындагы маалыматы боюнча, 2013-жылдан бери жалпысынан 470 күнөскана курулган.