«Манас» эл аралык аба майданы» компаниясынын жетекчилиги Египетте Орусиянын жүргүнчү ташыган А321 учагы кулап түшкөндөн кийин Бишкек менен Оштогу аба майдандардагы коопсуздук чараларын күчөттү.

«Манас» эл аралык аба майданы» компаниясынын басма сөз катчысы Алия Курбанова Kloop.kgге курган маегинде Бишкек жана Ош шаарларындагы аба майдандардагы коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, бардык физикалык тараптар, анын ичинде аба майдандын өзүнүн жумушчулары да «жарылуучу материалдар менен курал-жарактардын бар-жоктугун аныктоо боюнча» текшерүүлөрдөн өтүп жатышат.

«[Ошондой эле] персонал менен атайын автотранспорттордун аба майдандын аймагындагы көзөмөлгө алынган жана өзгөчө кайтаруудагы бөлүмдөрүнө болгон жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөө күчөтүлдү. Персонал толугу менен аталган бөлүмдөргө кирүүнүн алдында текшерүүдөн өтөт», — деди Курбанова.

Бишкектеги «Манас» аба майданынын биринчи терминалынын имараты.
Бишкектеги «Манас» аба майданынын биринчи терминалынын имараты.

Ал аба майдандардын жетекчиликтери аба кемелерин кайтарууну күчөткөндүктөрүн кошумчалады. Андан сырткары төмөнкү аракеттери көрүлүп жатканын билдирди:

— жүргүнчүлөр жана алардын өзү менен кошо учакка ала кире турган кичи жүктөрү мурдагыдан кылдат текшерилип баштады;

— борттогу тамактандыруулар менен азыктарды кылдат текшерилип баштады;

— жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн, почтасын, багажын, аба майдандын жумушчуларын жана экипаждарды текшерүү күчөтүлгөн.

«Жүргүнчү ташуу учагы менен жеткириле турган жүктөр менен почта жүктөөгө жөнөтүлөр алдында дагы бир жолу кароодон өткөрүлүп жатат», — деди «Манас» эл аралык аба майданы» компаниясынын басма сөз катчысы.

Оштогу эл аралык аба майдандын башкы имараты.
Оштогу эл аралык аба майдандын башкы имараты.

«Баары ошол бойдон»

Kloop.kgнин кабарчылары жакында эле Бишкектеги аба майдандан чет өлкөлөргө учкан Кыргызстандын жарандарына коопсуздук чараларынын күчөтүлгөнү боюнча суроо узатышты.

Каттамдардын биринин жүргүнчүсү болгон Улан аттуу бала аба майдандагы текшерүү «мурдагыдай эле» болгонун айтты.

«Текшерүү мурдагыдай эле өттү. Бирок бизде текшерүү дайыма эле негиздүү болчу», — деди ал.

Жакында эле Түштүк Кореяга учкан Алла дагы «Манас» аба майданындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү «мурдагыдай эле болгонун» билдирди.

Москвага учкан Индира Кирдибаева Kloop.kgге курган маегинде «Манас» аба майданында ар бир жүргүнчүлөрдү текшерүү пунктунда «текшерүү күчөтүлгөнүн» айтты.

«Текшерүү узакка созулду, кадам сайын багажды да, өзүбүздү да текшерүүнү күчөтүп жатышкан. Кырсыктан кийин кыйла сапаттуу жана кылдат текшерип башташыптыр», — деди ал.

Ош аба майданындагы кырсык

Кыргызстандын аба майдандарындагы коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү «Авиа Траффик» кыргыз компаниясынын учагынын Оштогу аба майдандын учуу-конуу тилкесинен чыгып кетишинин фонунда болууда.

Кыргызстандын аба майдандарындагы коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү «Авиа Траффик» кыргыз компаниясынын учагынын Оштогу аба майдандын учуу-конуу тилкесинен чыгып кетишинин фонунда болууда — учак кыймылдаткычтарынын бири иштебей калгандан кийин авариялык конуу жасаган болчу.

«Авиа Траффик» компаниясынын учагы Ош аба майданындагы авариялык конуудан кийин.
«Авиа Траффик» компаниясынын учагы Ош аба майданындагы авариялык конуудан кийин.

24-ноябрда Башкы прокуратура болжолдуу маалыматтар боюнча, Боинг 737-200 учагынын кыймылдаткычы менен гидравлика системасы 3000 метрлик бийиктикте иштебей калганын билдирди.

«Ош аба майданына жеткенден кийин аба ырайынын начардыгынан улам учак дароо эле конбостон экинчи жолу айланып келип конууга аракет кылган. Анда болжол менен 3000 метрлик бийиктикте учактын оң кыймылдаткычы менен гидравликалык системасы белгисиз себептер менен иштебей калган», — деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Авариялык конуунун жыйынтыгында учак 1500 метр сүрүлүп барып учуу-конуу тилкесинен чыгып кеткен.

Орусиялык А321дин кулап түшүшү

Кыргыз аба майдандарындагы коопсуздук чараларынын күчөтүлүшүнүн дагы бир себептеринин бири орусиялык «Когалымавиа» компаниясынын А321 учагынын 31-октябрда Египетте кыйрашы.

Учак Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарынан Санкт-Петербургга учуп, Синай жарым аралында кыйроого учураган. Авиакырсыктын жыйынтыгында 217 жүргүнчү жана 7 экипаж мүчөсү каза болгон.

Учактын кыйрап түшүүсү үчүн жоопкерчиликти эл аралык «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму алган, бирок орус бийлиги теракт ыктымалдыгын көпкө чейин четке кагып келген болчу.

Жүргүнчүлөрдүн ташыган А321 учагы Египеттин Синай жарым аралында кыйрагандан кийин.
Жүргүнчүлөрдүн ташыган А321 учагы Египеттин Синай жарым аралында кыйрагандан кийин.

Бирок кийин Орусия бийлиги А321 учагынын кыйрашын теракт деп атаган.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников авиакырсык колго жасалган бомбанын жарылуусунан улам болгонун, а Владимир Путин учактын кыйрашына күнөлүүлөр «жер шаарынын кайсыл бөлүгүндө болбосун кармалып, жазаланарын» билдирген.

Египет бийлиги теракт ыктымалдыгын моюнга алуудан баш тартышкан, бирок кийинчерээк Египеттин жаңылыктарын чагылдырган «Аль-Масри-аль-Яум» жаңылыктар сайты «тергөө комиссиясындагы булактарына» таянуу менен «кара кутулардын» чечмелениши кыймылдаткычтагы жардырууну күбөлөндүргөнүн билдирген.

Авторлор: Яна Чуркина жана Перизат Нурланова.