Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет теолог Кадыр Маликовго кал салгандардын тек-жайын аныктады. Атайын кызматтын билдирүүсү боюнча, алар «Ислам мамлекети» террористтик уюмунун жактоочулары.
26-ноябрда теолог Кадыр Маликовго кол салууга «Ислам мамлекетинин» жактоочуларынын тиешеси бардыгы тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 30-ноябрда билдирди.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, болжолдуу маалыматтар боюнча дин таануучуга кол салууга эки адамдын тиешеси бар: жерлиги Нарын облусу болгон 1987-жылы туулган Алибек Тилек уулу жана 1986-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган Ырыскул Бейшеналиев.
Алар «кол салгандан»кийин Кыргызстандан чыгып кетишкен, деп билдиришти УКМКдан.
«Көрсөтүлгөн адамдар кол салуудан кийин дароо эле, 2015-жылдын 27-ноябрына караган түнү Казакстандын аймагына чыгып, андан ары Түркияга учуп кетишкен», — деп жазды басма сөз кызматы.
Билдирүүгө ылайык, андан сырткары Ички иштер министрлиги «ал кылмыштуу топко көмөк көрсөткөн» дагы эки адамды аныктаган — азырынча алардын аты-жөндөрү айтылбай эле. Алардын үйүн тинтүүдө экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, атылбас курал-жарак жана ок дарылар табылган.
Кадыр Маликовго кол салуу
Кадыр Маликовго кол салуу 26-ноябрь күнү кечинде Бишкектин түштүгүндө, «Асанбай» кичи районундагы «Народный» дүкөнүнүн алдында болгон. Андан кийин ал Бишкектин №4 шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.
Маликов Кыргызстанда исламды изилдөө менен алектенген дин таануучу.
Ал 27-ноябрда өлкөдөгү экстремизмге каршы аракеттерди көрүү боюнча маалымат жыйынын өткөрүшү керек болчу. Ошондой эле ал «Ислам мамлекетинин» Кыргызстанга карата коркунучу тууралуу бир нече жолу билдирүүлөрдү жасаган.
Андан сырткары Маликов бачабаздык үчүн өлүм жазасынын киргизилиши боюнча өткөн акцияларга дайыма катышып келген. Ал «гейлерге каршы» жана «чет элдик тыңчы» мыйзам долбоорлорун колдойт.
Окуядан кийин Маликов ага «Ислам мамлекети» тараптан кол салуу болгонун билдирген.