Эл аралык «Хьюман Райтс Вотч» укук коргоо уюмунун өкүлү Мира Риттманнды «персона нон грата» деп атап, анын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө тыюу салышты. Азырынча кыргыз бийлигинин мындай аракетинин себептери белгисиз бойдон калууда.

Риттманнды Кыргызстанга 2015-жылдын 2-декабрында киргизбей коюшкан ― «Хьюман Райтс Вотчтун» (ХРВ) сайтындагы билдирүүгө ылайык, аба майдандагы паспорт текшерүү маалында анын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынганын билдиришкен.

ХРВнын маалыматы боюнча, Риттманн ― укук коргоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы ― Бишкекке учуп келери менен депортацияланган, а өлкөгө кирүүгө тыюу салуу тууралуу жазма буйрукта анын «персона нон грата» деп жарыяланганы жазылган.

Эл аралык уюмдан жазма буйрукта Кыргызстандын миграциялык көзөмөл эрежелеринин бузулгандыгы тууралуу жазылып, бирок анда кандай эреже бузуу экендиги так көрсөтүлбөгөндүгүн билдирип жатышат.

«Риттманнды Кыргызстанга киргизбей коюуга эч кандай шексиз жана негиздүү себептер жок. «Хьюман Райтс Вотч» бийликтин бул аракетин өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышына нормалдуу көзөмөл жүргүзүү боюнча уюмдун мүмкүнчүлүктөрүнө түздөн-түз кийлигишүү катары баалайт», ― деп жазылган ХРВнын билдирүүсүндө.

ХРВнын аткаруучу директору Кеннет Рот Кыргызстандын бийлигинин бул аракетин «мурун болуп көрбөгөн» жана «күтүүсүз» деп атады.

«Биздин изилдөөчүбүздүн Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынышы ― кыйла тынчты алган белги. Кыргыз бийлиги тез аранын ичинде тыюуну алып, өз ишмердүүлүгүн кысымдарсыз улантуусу үчүн Риттманндын Бишкекке кайтып келүүсүнө уруксат берүүсү керек», ― деп жазылган уюмдун расмий сайтында Роттун айткандары.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге Риттманндын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынгандыгы тууралуу «эч нерсе билбестиктерин» айтышты. ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин өкүлдөрү бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болуп жатышат.

«Хьюман Райтс Вотчтун» билдирүүсүндө бул Риттманндын Кыргызстанда иштөөсүнө тоскоолдук кылуу боюнча алгачкы аракет эмес экендиги жазылган ― 2015-жылдын июнунда кыргыз бийлиги анын өлкөдө иштөөсүнө берилген уруксат кагазынын мөөнөтүн узартуудан баш тарткан. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мөөнөтүн узартууну «максатка ылайыктуу эмес» деп эсептеген.

ХРВ Кыргызстанда

«Хьюман Райтс Вотч» ― мамлекеттик органдар тарабынан адам укуктарынын сакталбагандыгы үчүн Кыргызстанды бир нече жолу сынга алган эл аралык укук коргоо уюму.

ХРВ 2015-жыл үчүн берген отчетунда өлкө бийлиги адам укуктары тармагындагы жетишкендиктерин «басмырлоочу» демилгелер жана атайын кызматтагыларды укук коргоо уюмдарынын ишине кийлигиштирүү менен «кыйратып жаткандыгын» белгилеген.

Эл аралык укук коргоо уюму кыргыз бийлигинин жарандардын тынчтык чогулуштарын өткөрүү эркиндигине болгон укуктарын бузуп жатышы жана абактардагы кыйноо фактыларынын «жазасыз» калып жаткандыгы боюнча тынчсызданууларын билдирген.

2015-жылдын мартында ХРВ Европа лидерлерине кайрылып, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотуп, «гейлерге каршы» жана «чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзамдарды кабыл албашы үчүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге «басым жасап коюу» талаптары менен чыккан.

Азимжан Аскаров ― 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуу маалындагы бир нече кылмыштарга айыпталып, 2010-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган базар коргондук укук коргоочу. Аскаровдун өзү дарегине айтылган айыптоолордун баарын четке кагып келет.

«Гейлерге каршы» мыйзам долбооруна ылайык, «салттуу эмес сексуалдык байланыштарды пропагандалоого» тыюу салуу сунушталууда ― мыйзамды бузгандарга карата бир жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратуу кылмыш жазасы каралган.

«Чет элдик тыңчылар тууралуу» мыйзам боюнча, «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарга карата көзмөлдү күчөтүү сунушталууда. Бирок ошол эле маалда документте «саясий ишмердүүлүк» катары эмнелерди эсептесе болору так көрсөтүлгөн эмес.

Эки мыйзам долбоору тең демилгечилеринин талаптарына карабастан парламенттин мурдагы чакырылышы тарабынан кабыл алынган эмес.

«Хьюман Райтс Вотч» уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысын өлкөгө Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине 2016-2018-жылдар аралыгына мүчө болуп тандалгандан бир ай өткөн соң киргизбей коюшту.