2016-жылдын 1-апрелинен тарта автоунаалардын жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурлары берилип баштайт.

Премьер-министр Темир Сариев 7-декабрда жаңы үлгүдөгү автоунаа номурларын киргизүү тууралуу буйрукка кол койду.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев автоунаалардын жаңы үлгүдөгү номурлары киргизиле тургандыгы жөнүндө 4-декабрда билдирген.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймактарынын номурдук белгилери буга чейинкидей латын тамгалары менен эмес, а сандар менен аныкталат.

• Бишкек — 01
• Ош — 02
• Баткен облусу — 03
• Жалал-Абад облусу — 04
• Нарын облусу — 05
• Ош облусу — 06
• Талас облусу — 07
• Чүй облусу — 08
• Ысык-Көл облусу — 09

Өкмөттүн пресс-релизинде жаңы номурларда «жасалмасын даярдоону оорлоткон» атайын шрифттер пайдаланыла тургандыгы жазылган.

«Ага номурдук белгилердин жасалмасын даярдоо учурларын жоюу зарылдыгы себеп болду. Алсак, «P» тамгасын «R» тамгасына, «B» тамгасын — «8» же «3» санына, а «O» тамгасын — «Q» тамгасына же тескерисинче кылып оңой эле оңдоп коюуга болот. Жаңы шрифттин уникалдуулугу конфигурациясы жана тамгалардын жазылышы боюнча дээрлик жаңыртып оңдоого мүмкүн эместигинде», — деп жазылган министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Өкмөттөн автоунаалардын жаңы мамлекеттик номурлары «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында киргизилип жатканын кошумчалашты — видеокөзөмөл камералары алардагы атайын шрифттерди «жакшыраак» окуйт.

12345396_209398712728120_9191964565147258014_n

12345621_209398696061455_7163377498595638368_n

12301771_209398686061456_3775017280414143324_n

12316633_209398732728118_7793280691295597700_n

12342789_209398742728117_7007959941598756628_n

Жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурлар 2016-жылдын 1-апрелинен тарта сатылып баштайт. Бирок Каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев 4-декабрда билдиргендей, учурда колдонуудагы номурлар автоунаа сатылганга чейин жарактуу болот.

Сарпашев депутаттардын, өкмөттүн чиновниктеринин жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин унааларындагы «KG» сериясындагы номурлар алынарын билдирген — аларда номурдун башка түрү болот.

«Бирок алар дээрлик айырмаланбайт деле. Министрлер үчүн жана жөнөкөй жарандар үчүн өзгөчөлүктөр болбойт, анткени жолдо баары бирдей», — деп жазган «КирТАГ» маалымат агенттиги анын айткандарын.

Андан сырткары ал эми автоунаалардын мамлекеттик номурларын жеке «Анкер» ЖЧКсы эмес, а мамлекеттик «Инфоком» компаниясы даярдай турганын билдирген.

«Жеке фирманын жүгүртүмү 1,6 млрд. сомдун айланасындагы сумманы түзөт, эми автоунаалардын номурларын даярдоодон түшкөн киреше өлкө бюджетине түшөт. Бул боюнча чечим кабыл алынган, кийинки аптадан тарта номурларды даярдоо жабдууларын сатып алып баштайбыз. Жабдуулар кымбат деле эмес, анан мамлекет номурларды даярдоого киришет», — деген анда Каттоо кызматынын башчысы.

«Спутник» жаңылыктар сайты автоунаалардын номурларынын баасы өзгөрбөстүгүн, бир комплектиси 1100 сомдон сатыларын билдирген.