Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бачабаздар үчүн механикалык бычууну киргизүү тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин демилгесине каршы пикирин билдирди. «Кырк Чоро» коомдук кыймылынын мүчөсү Жеңиш Молдокматов өлкө башчысынын пикири менен макул.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бачабаздарды механикалык бычууну колдой турганын билдирген. Бул тууралуу ал 24-декабрда өткөн ар жылдык маалымат жыйынынын жүрүшүндө айтты.

«Мен бачабаздар менен террористтер үчүн өлүм жазасы болсо дейм. Бирок бизде Конституция менен эл аралык милдеттенмелерибиз бар. Ошондуктан биз жаза катары механикалык бычууну киргизе алабыз»,— деген Атамбаев.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Далилдөө медицинасы боюнча адиси Бермет Барыктабасова Атамбаевдин позициясын «туура эмес» деп атап, аны менен макул болгон жок.

«Менимче, мында кандайдыр бир маалыматты бурмалоо болууда. Мен президентке материалдарды ким даярдай турганын билбейм — алар актуалдуулугу жана заманбаптыгы боюнча текшерилүүсү керек»,— деди Барыктабасова.

Анын айтымында, «бачабаз» сөзүн дарыгерлер адамга диагноз койгондон кийин гана пайдаланууга болот. Ал жашы жете элек балдарга карата зомбулук көрсөткөн адамды «зордукчу» же «кылмышкер» деп атоо сылыгыраак болорун айтты.

«Бачабаздык» түшүнүгү медициналык категорияга тиешелүү, бул ой-жүгүртүү процессине негизделген парафилдик [сексуалдык] бузулгандык. Жашы жете элек балдар менен секс тууралуу ошондой ойдо болгон адам дарыгерге өзү айтып, мойнуна алганга чейин ал диагнозду коюу абдан кыйын»,— деди Барыктабасова.

Анын айтымында, андай кылмышкерлердин абактарда болуу мөөнөтүн көбөйтүү керек.

«20 жылга чейин эркинен ажыратуу же өмүр бою камоо жазасы — бул эл аралык контексте эң натыйжалуу чечим деп эсептелет», — деди Барыктабасова.

«Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекова бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты, бирок Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон телефондук маегинде ал Бермет Барыктабасованын пикирин колдой тургандыгын айтты.

«Кырк чоро» коомдук кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов Атамбаевдин демилгесин колдоп, аны «президенттин позициясы кубандырып жатканын» кошумчалады.

«Балдарыбызды зордуктап, өлтүрүп жаткан бачабаздарга карата президенттин позициясы мени абдан кубандырды. Биз бул маселенин үстүнөн 2014-жылдын февралынан бери иштеп келебиз жана азыр да бачабаздарга өлүм жазасын киргизүү үчүн кол топтоп жатабыз. Бул абдан кубандырды»,— деди Молдокматов Kloop.kgге курган маегинде.

Химиялык бычуу

Парламенттин өткөн чаркылышынын депутаттары Дастан Бекешев менен Турсунбай Бакир уулу 2013-жылдын башында тестостерондун синтезин убактылуу токтотчу гормоналдык дары-дармектерди ичүүнү сунуштаган «бачабаздарды химиялык бычуу» тууралуу мыйзам долбоорун демилгелешкен.

Химиялык бычуу механикалык бычуудан кылмышкер узак убакыт бою алгач камакта, кийин эркиндикте дары-дармектерди ичип жүргөнү менен айырмаланат. Андан сырткары анын натыйжасы кайра мурдагы калыбына келет.

Химиялык бычуу тууралуу мыйзам долбооруна карата коомчулуктун реакциясы ар кандай болгон: айрымдары аны көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу деп колдошсо, башкалары ал кылмышкердин андан ары кылмыш кыла берүүсүнө тоскоол болбостугун айтышкан.

2013-жылдын жайында Алмазбек Атамбаев мыйзамдын иштеши коюлган максаттарга жетпейт жана ал андай кылмыш кылгандар үчүн жазанын чыныгы катаалдантылышын камсыз кылбайт деп эсептеп, мыйзам долбооруна кол коюудан баш тарткан.