Ички иштер министрлиги ок-дары сатып алгандан кийин травматикалык куралдардын ээлери алгачкы атылган бир нече гильзаны милицияга өткөрүп бериши керек деген сунуш киргизүүдө. Милициянын пикиринде, бул кылмыштардын бетин ачууга жардам берет.
Документ «Куралдар тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизет — долбоорго ылайык, травматикалык куралдардын ээлери ок-дары сатып алгандан кийин контролдук ок атуу жүргүзүп, алгачкы бир нече гильзаны ИИМге өткөрүп берүүлөрү керек болот.
Укук коргоо органдарынын пикиринде, бул окторду сарптоону көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет — мисалы, травматикалык курал колдонуу менен кылмыш жасалган учурда тергөөчүлөр ал жерде табылган гильзаларды гильзотекадагылар менен салыштырып, анын ээсин таба алышат.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламент жыйынында ИИМ 31 курал саткан дүкөн менен келишим түзгөнүн билдирди — ар бир курал-жарак, ок жана гильза сатууда алар тууралуу маалыматтар дароо эле гильзотекага киргизилет.
«Куралдын ээси участкалык милиция тарабынан чакырылат да, ээсинин көзүнчө гильзотекага үлгүлөрү тандалып алынат», —деп жазды 24.kg маалымат агенттиги министрдин орун басарынын айтканын.
Мыйзам долбоору «травматикалык куралдарды кылмыш кылуу максатында пайдаланылган учурлар көбөйгөндүктөн» улам сунушталды.
ИИМдин статистикасына ылайык, 2014-жылдын сегиз айында травматикалык курал колдонуу менен алты кылмыш жасалган.
«Өзүнүн мүнөздөмөлөрү жагынан травматикалык курал газ куралдарына караганда кыйла оор жаракаттарды алып келет. Анан да ал саламаттыкка өлүмгө чейин алып бара турган зыяндарды келтирүүчү куралдын жаңы түрү болуп саналат», — деп жазылган мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта.
Травматикалык куралга мыйзамсыз ээ болуу, аны алып жүрүү Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 241-беренеси менен каралып, күнөөлүү деп табылгандар эки жылга чейин эркинен ажыратуу же 10 миң сомго чейинки суммадагы айып пул төлөө жазасы менен жазаланышат.
Милициянын статистикасы боюнча, жалпысынан өлкөдө 7600дөн ашык даана травматикалык курал бар.
Макул жана каршы
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков «террористтик чабуулдардын көбөйүү коркунучу» жана «ал куралды колдонууну билбеген эси жок жаштардан» улам өзгөртүүлөр киргизилиши керек деп эсептейт.
«Албетте, эгер өзгөртүүлөр кабыл алынса [травматикалык куралдарды кылмыш жасоо максатында пайдаланууну] дароо эле жеңип же кайсыл бир кылмыш түрлөрүн бир нече эсеге кыскарта албайбыз, бирок айрым адамдарды куралды укукка каршы пайдаланууда башка кесепеттердин да болору тууралуу ойлондура алабыз», — деп эсептейт Медетбеков.
Ал мыйзам иштеп кетиши үчүн ИИМ куралдарды каттоо жана гильзаларды гильзотекага киргизүү боюнча чоң иш жасашы керек болот деп эсептейт.
Аты-жөнүн билдирүүнү каалабаган травматикалык куралдын ээси Kloop.kgге курган маегинде «ИИМ жарандарга ыңгайсыздык жаратуунун эсебинен өз жумушун жеңилдеткиси келип жатканын» билдирди.
«Бул абдан эле акылсыз идея деп ойлойм. Ал кылмыштуулук менен күрөшүүдө жардам бербейт, анткени криминалга курал-жарак ансыз деле жеткиликтүү. Алар өзүнө катталган куралды кылмыш жасоодо колдонгудай жинди эмес ал», — деди ал.
Куралдын ээсинин айтымында, ал өткөн жылы гильзаларын тапшырган.
«Мен аткандан кийин (менин окторум атылган жок деп 200 сом алышкан) болжол менен жарым жылдын ичинде бир нече жолу телефон чалышып, кайра ок атуу жүргүзүшүмдү өтүнүшкөн. Бул деген кимдин ок атуу жүргүзгөн-жүргүзбөгөндүгүн билүү үчүн аларда эч кандай нормалдуу электрондук гильзотеканын жоктугунан кабар берет. Демек, ал картотеканы окшоштуруп жасап, акча алып керектүүлөрдү кошуп жазып койсо болот деп ойлойм», — деди ал.