Чучук тууралуу жазгандары үчүн британиялыктын өлкөдөн депортацияланышына байланышкан окуя Кыргызстанда чоң талкуу жараткан.
«Пикир» рубрикасындагы материалдардын авторлорунун көз караштары Kloop.kgнин позициясы менен дал келбеши мүмкүн.
Болгондо да бул жолкусунда талаш-тартыш мурдагыдан катуу болуп, акарат кылуулар кыйла көп кездешти, а кээ бир учурларда коркутууларга чейин да жетти.
Эмнеге бул тема кыргыз коомчулугунун мынчалык кыжырын келтирди? Келгиле, түшүнүүгө аракет кылып көрөлү. Мен болушунча ачык болууга аракет кылам.
***
Бул окуя Кыргызстан коомчулугунун эң терең көйгөйлөрүнүн бирин — калктын кыргыз тилдүү бөлүгү менен орус тилдүү бөлүгүнүн ортосунда калыптанган принципиалдуу түшүнбөөчүлүк, тешиксиз дубал көйгөйүн ачык көрсөттү.
Фэйсбуктагы жазуу тууралуу окуя тез эле көңүл борборунда болбой калды. Шотландиялыктын ал кылыгы тууралуу талаш-тартыштар кыргыз иденттүүлүгү жана ал тууралуу тамашаларды айтуу жөнүндөгү кызуу талкууларга өтүп кетти.
Мен бул окуянын айланасындагы карама-каршылыктуу позициялардын ортосундамын десем болот. Мен кыргызча ысымды алып жүргөн Кыргызстандын орус тилдүү жашоочусумун, ошол эле маалда менин өздөрүн кыргыз деп эсептеп келген ата-бабаларым бар.
Балким менин бул абалым эки тарапты тең түшүнүүгө жардам берээр? Аракет кылып көрөйүн.
***
Бул калктын кыргыз тилдүү бөлүгү (же жалпысынан этникалык кыргыздар) өзү жана өзүнүн иденттүүлүгү тууралуу тамашаны жакын кабыл алып, абдан кыжырданган алгачкы учур эмес.
Буга окшогон окуя 2013-жылдын жазында болгон. Анда норвегиялык Ylvis тобу өз өлкөсүндөгү телеберүүдө ырдап жатып кыргыз тилиндеги адепсиз сөздөрдү пайдаланган — өлкөнүн кыргыз тилдүү жашоочуларынын көбү аны мазактоо катары кабыл алышса, орус тилдүүлөрү алардын анын эмнесине ыза болуп жаткандыктарын түшүнбөй таң калышкан.
Кызыгы, бул сыяктуу тамашаларга кыргыз тилдүү калктын курч реакциясын көрсөтүүсү жогорку жактан эч ким тарабынан башкарылбайт жана көзөмөлдөнбөйт. Ал реакция табигый түрдө пайда болот.
Ал реакция кимдир бирөөнө жагып, башкаларынын кыжырын келтириши мүмкүн, бирок азыр ал маанилүү эмес. Азыр өлкөнүн орус тилдүү калкы кыргыз тилдүү калктын бул сыяктуу тамашаларга эмне себептен таарына тургандыгын түшүнүп алуусу маанилүү.
Досторумдун бири Фэйсбуктагы комментарийинде, Кыргызстандын аймагында кыргыздар тууралуу тамашалоо расизм болушу мүмкүн эмес, анткени кыргыздар өлкөдө көпчүлүктү түзө тургандыгын жазды.
Бирок мен мындай көз караш менен толук макул эмесмин, өзгөчө конкреттүү азыркы шартта. Кырдаал кыйла оорураак жана чаташкан. Менимче, этникалык кыргыздардын көбү азыркыга чейин совет бийлиги учурундагы жана ага чейинки Орусия империясындагы азчылык сезиминен кутула элек.
Менин оюмча, сан жагынан көп экенине карабастан этникалык кыргыздардын көбү өз маданияты тууралуу тамашаларды расизм катары эсептешет — болгондо да көпчүлүккө карата азчылык тараптан айтылган күндө дагы.
Бүгүн бул тууралуу өтө аз айтышат, өзгөчө орус тилдүүлөр чөлкөмүндө, бирок этникалык кыргыздардын көбү, өзгөчө алардын кыргыз тилдүүлөрү совет бийлиги маалында белгилүү бир деңгээлде өзүлөрүн чынында эле кемсинтилген катары сезип келишкен.
Бул көз караштын каршылаштары СССР маалында Кыргызстанда өнөр жай, искусство, транспорт инфраструктурасы жана башка нерселердин өнүккөнүн айтып жооп бериши мүмкүн жана бир четинен алардыкы туура болот.
Бирок ошол эле маалда СССР убагында кыргыз тилинин популярдуулугун арттырууга эч ким кам көргөн эмес — андай аракеттер эрте сталиндик доордо эле аяктаган. Ошондуктан кыргыз тилинде көбүнчө этникалык кыргыздар гана (аларга кошумча тилдеги окшоштуктардан улам жеңил болгондуктан Кыргызстанда жашаган этникалык өзбектер да) сүйлөшкөн жана сүйлөп келишет. Кыргыз тилинде сүйлөгөн этникалык орустардын пайыздык көрсөткүчү абдан эле төмөн. Улутуна карабастан Бишкектин жашоочуларынын кыргыз тилинде сүйлөгөндөрүнүн саны да аз.
Бардык жакта СССР элдеринин достугу тууралуу жарыяланып келгени менен кыргыз маданияты Кыргыз ССРиндеги жана жалпы СССРдин башка улуттагыларынын маданиятына абдан начар жайылган. Ооба, кайсыл бир кыргыз салттары шаардыктар менен башка улуттагыларга өткөн, бирок кыргыз маданиятындагы нерселердин көбү анын ичинде эле кала берген.
Кыргыз маданиятынын чегинен чыккан сейрек кубулуш — бул максым суусундугу. Ал дагы 90-жылдардын башынан тарта гана массалык популярдуулукка жеткен, а ага чейин басымдуу түрдө кыргыз үй-бүлөлөрүнүн, болгондо да көбүнчө шаарга караганда айылдык үй-бүлөлөрдүн суусундугу болуп келген.
Андан сырткары менин эскерүүлөрүм жана менден улуу муундун айткандары боюнча, кыргыз тилинде билим берүү (мектептеги жана жогорку окуу жайындагы) орус тилдүү билим берүүгө караганда начарыраак болгон.
Мен мында СССРдин кыргыздарга жана алардын маданиятына карата саясатынын туура же туура эмес болгондугун талкуулагым деле келбейт — ал тема кандайдыр бир маанидеги жооп болбой турган өзүнчө бир көп томдуу изилдөөлөр үчүн. Мен болгону айрым фактыларды келтирип, өз жыйынтыктарымды чыгарып жатам.
***
Менимче, этникалык кыргыздардын көбү өздөрүн колониялаштырылган катары сезишкен. Алар өздөрүн ошентип сезишкени туура же туура эмес болгондугу маанилүү эмес. Бирок андай сезимдер болгон жана мен өзүмдүн бала кезимдеги байкоолордун жана алардын баары тууралуу ачыгыраак айтууга мүмкүн болгон 90-жылдардын башында үй-бүлөлүк тар чөйрөдө уккандарымдын негизинде тыянак чыгарып жатам.
Көптөгөн этникалык кыргыздар ал сезимдерден бүгүнкүгө чейин кутула элек. Өзгөчө кыргыз тилдүүлөр. Өзгөчө Бишкектин сыртында жашагандар.
Мен жөн гана жагдайды баяндап берем. Кыргызстан деген аталыштагы өлкөдө туулуп, кыргыз тилдүү чөйрөдө өскөн жана орусча начар сүйлөгөн адамды элестетсеңер. Анын биринчи жолу өз өлкөсүнүн борбору Бишкекке келип, анда орус тилисиз жашап кетүү дээрлик мүмкүн эмес экенин, а кыргызча сүйлөсө аны эч ким түшүнбөстүгүн билген учурду элестеткиле.
Бирок көйгөй мында деле эмес — акыры биз дүйнөдөгү жалгыз көп тилдүү өлкө эмеспиз го.
Көйгөй ал адам орусча сүйлөбөгөндүгү же акцент менен сүйлөгөндүгүнөн улам өзүнө карата жийиркеничтүү мамилеге туш боло турганында.
Мунун бардыгы тең «Кыргызстан кыргыздар үчүн» же «Кыргызстанда баары кыргызча сүйлөшү керек» деген сыяктуу ультраоңчул идеялардын пайда болушуна себеп болушу мүмкүн. Анткени андай маанайлардын баары тең таарынычтан куралат эмеспи. Ал эми кыргыздарда алардын маданиятына тоотпогон мамиле кылып жаткандай сыяктанган таарыныч сезими абдан чоң. Чучук менен болгон окуя муну өтө даана көрсөттү.
Өз кезегинде анын баары орус тилдүүлөргө карата кыргыз улутчулдук көрүнүшүнүн пайда болушуна алып келет.
Тилекке каршы, мен өлкөнүн эки негизги тил коомчулугунун бул коркунучтуу туңгуюкту жоюуга кандайдыр бир аракет кылып жатканын көрбөй жатам. Кыргызстанда орус тилдүүлөр өлкөнүн масштабында өздөрүн тили түшүнүксүз азчылык катары сезген, а кыргыз тилдүүлөр борбордун масштабында өздөрүн тил жагынан азчылык катары сезген абдан жаман жагдай түзүлүп калган.
Бирок биз бул көйгөйдүн бар экенин моюнга алуудан коркобуз. Биз — Кыргызстандын кыргыз тилдүү жашоочулары менен орус тилдүү жашоочулары — ал тууралуу үн катпай, өз маданий чөлкөмүбүздө кете берүүнү артык көрөбүз. Ал тууралуу качып кутулгус цивилдүү кагылышуулар болгондо гана эстейбиз.
Мен мындай абал эки же андан көп басымдуулук кылган тили бар, ошол эле маалда андагы маданияттар бири-бирин түшүнүүнү үйрөнүшү үчүн эч ким тарабынан эч нерсе кылынбаган өлкөлөрдө гана болот деп айтуудан чарчабайм.
***
А бул жерде чучуктун кандай тиешеси деп сурашыңар мүмкүн? А мен ал окуя жогоруда мен баяндаган бардык нерсенин лакмус кагазы болуп калды деп айтам.
Кыргызстандын орус тилдүү жашоочуларынын көбү, ошондой эле чет өлкөлүктөр кыргыз маданияты менен салт-санаалары тууралуу тамашалар кыргыз тилдүү жашоочуларды канчалык деңгээлде таарынтып, ыза кылаарын түшүнүшпөйт.
Өлкөнүн орус тилдүү жашоочуларынын көбү СССРдин курамынан чыккандан чейрек кылым өткөнүнө карабастан кыргыз тилдүү калктын басымдуу бөлүгүнө кыргыз тили менен маданияты дагы деле (кеминде орус тилдүү борбордун ичинде) кемсинтилип жаткандай сезилип атканын түшүнүшпөйт.
Өз кезегинде кыргыз тилдүү жашоочулардын көбү ал окуяда орус тилдүүлөр менен чет өлкөлүктөрдү Фэйсбуктагы акмактык билдирүү эмес, а ал ишке милициянын кийлигишип, анын иштөө ыкмалары (өзгөчө күтүүсүздөн эле британиялыктын документтеринен көйгөй таап чыгышы) көптөгөн күмөн саноолорду жаратып жатканы түйшүккө салып жатканын түшүнүшкөн жок.
Кыргыз тилдүү жашоочулардын көбү орус тилдүүлөрдү кыргыз маданиятына карата айтылган кемсинтүүлөргө гана реакция жасап, а башка маданияттарга карата жасалган фобияларга көңүл бурбай коюуга даяр болгон өлкө бийлигинин ыраатсыздык жана ылгоо аракети көбүрөөк чочулата тургандыгын түшүнүшпөйт.
Көптөгөн кыргыз тилдүү жашоочулар орус тилдүүлөр да көп убактарда өздөрүн кемсинтилген катары эсептей тургандыктарын түшүнүшпөйт! Жагдайдын канчалык деңгээлде парадоксалдуу экенин байкап жатасыңарбы?
Биз ортобуздагы бири-бирибизди түшүнүшпөгөн бул туңгуюкту ошол бойдон калтыра берсек, бул сыяктуу окуялар ал туңгуюкту тереңдеткенден тереңдете берет.
Андыктан баарыбызга тең жөн гана бири-бирибизди угуп көрүүгө мезгил жеткен жокпу?