12-январда Стамбулдун борборунда орун алган теракттан каза болгондор менен жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге болжолдуу маалыматтар боюнча Стамбулдагы теракттан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди.
«Болжолдуу маалыматтар боюнча, жаракат алгандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон эмес. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташып жатат», — деп билдиришти ТИМдин басма сөз кызматынан.
Мекеменин өкүлүнүн айтымында, кыргыз дипломаттары жаракат алгандар менен жабыр тарткандар жеткирилген «Хасеки» медициналык борборунда болуп кайтышкан.
«Маалымат дагы жаңыланат», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.
Жардыруу 12-январь күнү Стамбулдун Султанахмет борбордук аянтында орун алып, 10 киши каза болуп, дагы 15и жаракат алышкан.
Тема боюнча: Стамбулдун борборундагы жарылуудан кеминде он киши каза болду
Би-би-синин маалыматы боюнча, каза болгондордун көбү — Германиянын жарандары.
Түркия бийлиги теракттан кийин жардырууну «сириялык жанкечти» жасаганын билдирди. Алар теракт жасаган адам Түркияга жакында эле Сириядан келип,болжолдуу согушкерлердин тизмесинде болгон эмес деп божомолдошууда.
«Ислам мамлекети» террорчул тобуна кыршы биздей ынтаа менен күрөшүп жаткан башка өлкө барбы? Биз террорчул көрүнүштөргө каршы тырышкандык менен күрөшөбүз», — деп билдирди Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган.
Жардыруу болгон жерден алыс эмес жерде кыргызстандык Ажара Бекжанова жүргөн. Ал Kloop.kgге жергиликтүү полиция жарылууга абдан тез реакция жасаганын билдирди. Айтымында, дээрлик бир мүнөттөн кийин эле алар аянтта болушкан.
«…Адамдар дендиреп калышты, анткени Стамбулдун борборунда жардыруулар боло элек болчу. Андан кийин биз 40 мүнөттөн кийин кайра аянтка келдик, баары тынч экен. Полиция жарылуу болгон жерди курчоого алыптыр. Адамдар ары-бери басып жүрүштү…» — деди ал.
Султанахмет аянты — бир жагынан Көк мечит, экинчи жагынан ыйык София чиркөөсү менен курчалган Стамбулдун башкы туристтик жайларынын бири.