Кыргызстандын түштүгүндө кар көчкүсү болушу мүмкүн

17-январдан 19-январга чейин Ош жана Жалал-Абад облустарында кардын көп жаашы күтүлүүдө жана анын негизинде кар көчкүсү болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлап өттү.

Гидрометборборунун аврияга каршы коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Борисов «Клоопко» берген интервьюсунда, акыркы күндөрдөгү шашылыш эскертүүнүн себеби тоолу аймактарда кардын улуу жаашы болууда,-деп билдирди.

Борисовдун айтымында, Кыргызстандын түштүк аймагында жайгашкан Ала-Бука — Чаткал, Сары-Таш — Эркештам жана Кара-Кулжа районундагы автоунаа жолдорунда кар көчкүсү болушу ыктымал.

Бишкек-Ош чоң жолу 17-январдан 19-январга чейин кооптуу бойдон калууда,-деп билдирди гидрометборборунун кызматкери.

«Бишкек-Ош жолунун 121- километринен 137- километрине чейин жана 198-километринен 265-километрине чейинки аралыкта кар көчкү коркунучу бар»,— дейт Борисов.

Борбордо аба-ырайы

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 17-18-январь күндөрү борбор калаабыз Бишкекте кар жаап, жолдор тайгак болот.

«Аба ырайы жана климат» сайтынын маалыматы боюнча 17-январда ородо калаабызда аба-ырайы -10,2 градус бойдон калууда.

Бирок эртең абанын температурасы -3 градуска чейин көтөрүлүп, 17-19-январда абанын орточо температурасы -1,2ден -3,5 градуска чейин кармалып турат.

«Аба ырайы жана климат» сайтынын маалыматы боюнча, 21-январга чейин абанын температурасы минус көрсөткүчүн көрсөтөт. Бирок алдыңкы күндөрдө үч күн аралыгында күн жылып +1,5 градуска чейин көтөрүлөт.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Нурмухаммед Алимбаев