«Светофор» интернет-дүкөнүнүн кеңселеринин эшигинде «Салык кызматы тарабынан мөөр басылган» деп жазылган кагаздар чапталып турат. Мамлекеттик салык кызматы ага тиешеси бар экенин четке кагууда.
Салык кызматынын басма сөз кызматынан алардын инспекторлору рейддик салык көзөмөлүн жүргүзгөндүктөрүн, бирок дүкөндү жаап, мөөр баспагандыктарын билдиришти.
«Анда «бир аптадан бери салык кызматынын текшерүүсү болуп жаткандыгы» жазылган «Svetofor.kg» дүкөнүнүн эшигиндеги билдирүү чындыкка дал келбейт. 13-14-январь күндөрү өткөрүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө «Svetofor.kgнин» эки дүкөнүнүн (301чи жана 303-кеңсе) кызматкерлери тарабынан Салык кызматынын инспекторлорунун текшерүү жүргүзүүсүнө активдүү тоскоолдук кылуу аракеттери көрүлгөн, алар боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, дүкөндөрдүн сатуучуларынан түшүнүк каттары алынган», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.
Текшерүүнүн жыйынтыгында көзөмөл-кассалык аппараттын жоктугу аныкталган, деп белгилешти мекемеден.
«Өткөрүлгөн рейддин бардык материалдары мындан аркы чараларды көрүүсү үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилет. «Svetofor.kg» дүкөнүндө кассалык аппараттын жоктугу фактысы боюнча Салык кызматы тарабынан айып санкциялары көрүлөт», — деп белгилешти басма сөз кызматынан.
«Светофор» компаниясынан Kloop.kgге интернет-дүкөн штаттык режимде иштөөсүн улантып жатканын билдиришти. Svetofor Groupтун маркетинг боюнча менеджери Бурул Дүйшөбаева Kloop.kgге курган маегинде Салык кызматынын инспекторлору буга чейин эки жолу — ноябрда жана декабрда — дүкөндү текшеришкендигин, бирок эч кандай мыйзам бузуу таппагандыктарын айтты.
«Ушул аптада Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери Рамиз Алиев менен анын штаттан сырткаркы жардамчыларынын жетекчилиги алдында «Светофор» дүкөнүндө дагы текшерүү жүргүзүп жатышат. Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкерлеринин дайыма телефон аркылуу башка бирөө менен кеңешип жаткан Рамиздин айткандарын элпектик менен аткарып жаткандыктар ачык көрүнүп турду», — деди ал.
«Прецедент» юридикалык фирмасынын кызматкерлери Салык кызматынын инспекторлорунун болжолдуу түрдө «Светофордун» кеңселерин мөөр баспастан эле кагаз чапта жаап жаткандыктары тартылган видео жөнөтүштү.
«Рейддик салык текшерүүлөрүн өткөрүү тартиптери жана анын материалдарын бүткөн түргө келтирүү тууралуу» жобого ылайык, салык органынын кызматтык адамы имаратты же башка буюмдун качан, ким тарабынан, кимдин көзүнчө, кайсыл убакытка чейин мөөр басылып бекитилгендиги жазылган мөөр басып жабуу актысын түзөт. Бирок андай акты кызматкерлер тарабынан түзүлгөн эмес, бул болсо салык мыйзамдарынын талаптарын бузат», — деди «Прецеденттин» юристи Алев Мамытова.
Андан сырткары «Прецеденттен» билдиришкендей, Салык кызматынын инспектору Саматбек Жоробековдо гана «Берен Голд» соода борборунда рейддик салык текшерүүсүн өткөрүү тууралуу жазма буйрук бар болгон.
«[…] Руслан Жапаров менен Абай Сүйүмбаевдин жазма буйруктарында белгилүү бир аймак көрсөтүлгөн: Абдрахманов, Жибек-Жолу, Осмонкулов көчөлөрү жана Темир жол бекети. […] демек башка инспекторлордун келип, документтерди толтуруулары мыйзамсыз болгон», — деп жазылган юридикалык компаниянын пресс-релизинде.
Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков Kloop.kgге эгер чапталган кагазда мөөр жок болсо, анда «Светофордун» кызматкерлери ал кагазды алып, өз иштерин уланта берүүгө толук укуктуу экендиктерин билдирди.
Компаниянын юристтери Бишкектин Свердлов райондук Салык кызматынын башкармалыгы менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин аракеттери боюнча тиешелүү даттануулары менен укук коргоо жана сот органдарына кайрылышкан.
«Мөөрү жок ал кагаздар жараксыз. Каалаган эле адам антип «Мөөр басылган» деп жазып, кол коюп кое алат», — деди ал.
«Светофор» — 2004-жылдан бери иштеп келе жаткан Кыргызстандагы эң ири интернет-дүкөндөрдүн бири. Анда компаниянын бизнеси интернет аркылуу китеп сатуу менен башталган. Бир жарым жылдан кийин дүкөн уюлдук телефондорду да онлайн сатып баштаган.
Азыр онлайн-маркет негизинен электроникалардын чекене сатуучусу катары белгилүү, бирок компаниянын сатуусунда башка товарлар дагы, мисалы балдар оюнчуктары менен ич кийимдер да бар.
Интернет-дүкөндүн «Фэйсбуктагы» баракчасы Кыргызстандагы эң популярдуу баракчалардын бири болуп саналат, анын жазылуучуларынын саны 22 миңден ашык.