Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын чабуулчусу Иван Филатов Омандын жогорку лигасында ойногон «Сохар» клубу менен келишимге кол койду. Быйылкы сезондо клуб лидерден болгону үч упайга калуу менен үчүнчү орунда келе жатат.

Келишим быйылкы сезондун аягына чейин деп түзүлдү. Филатов жаңы клубунда 20 катар саны менен ойнойт.

Чабуулчу буга чейин «Алга» футболдук клубунда ойноп келген. Ал Кыргызстандын Футбол федерациясына курган маегинде Оман клубу интернеттеги анын гол киргизген учурлары тартылган видеолорду көрүп, ага өзү кайрылгандыгын айткан.

Жаңы клуб үчүн Филатовдун алгачкы оюну бүгүн болот, кыргыз футболчусу беттешке катыша турган оюнчулардын тизмесине киргизилген. «Сур» жана «Сохар» клубдарынын ортосундагы беттеш жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:30да өтөт.

Филатов кышкы трансфер терезесинде чет өлкөлүк клубга өткөн кыргыз курамасынын жалгыз оюнчусу эмес. Буга чейин чабуулчу Мирлан Мурзаев Бахрейндин премьер-лигасында ойногон «Аль-Ахли» клубу менен келишимге кол койгон.

UPD: Кыргызстан курамасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхард дагы Омандын жогорку лигасынын учурдагы чемпиону «Аль-Оруба» клубу менен келишимге кол койгон. Ага чейин ал Таиланд чемпионатынын Биринчи лигасындагы «Prachuap» клубунун курамында 18 беттеш өткөрүп, бир гол киргизген.

Ошентип, Кыргызстан курамасынын тогуз футболчусу чет өлкөлүк клубдарда ойноп калышты.

Гардиан британ гезити улуттук кураманын жетишкендиктери үчүн чет өлкөлүк клубдарда ойногон оюнчуларга басым жасаган башкы машыктыруучу Александр Крестининге ыраазычылык билдирүү керек деп эсептейт.

Учурда Кыргызстан Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 107-орунда. Кыргыз курамасынын мындай жетишкендигине анын 2018-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу беттештеринин алкагында Иордания курамасынын үстүнөн жеңишке жетиши себеп болгон. Анда Кыргызстан рейтингде дароо 16 позицияга жогорулаган.

Сүрөт: Кыргызстандын Футбол федерациясы