Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин бир тууган агасы 26-январда каза болгон. Мурдагы өлкө башчысынын өзү «бийлик тарабынан жасалышы мүмкүн болгон чагымдардан улам» агасына топурак салууга келбейт.

Премьер-министрдин мурдагы аппарат башчысы жана мурдагы президенттин үй-бүлөсүнүн жакын санаалаштарынын бири Бекболот Талгарбеков Kloop.kgге Аскар Акаев агасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына келбей тургандыгын айтты.

Талгарбековдун айтымында, азыркы учурда Аскар Акаев жумушчу сапары менен Францияда жүрөт.

«Ал келейин деп жаткан, бирок биз [жолдоштору менен жакын санаалаштары] аны менен байланышып, ага келбей турууну сунуштадык, анткени аны кармоо чараларын көрө турган Кыргызстандын бийлигинин өткөндөгүдөй чагымчыл аракеттерин күтүп жатабыз. Ошондуктан биз анын келбей туруусун өтүндүк, ал биздин айткандарыбызды туура деп тапты», — деди ал.

Экс-чиновниктин айтымында, маркумга топурак салууга Аскар Акаевдин кичүү уулу Илим келиши мүмкүн.

Акаевдин улуу баласы Айдардын келиши да күмөндүү. Анткени ага карата мамлекеттик каражатты жок кылуу, каржы алдамчылыктары жана коркутуу менен бирөөнүн мүлкүн тартып алуу айыптары тагылууда.

Асанкул Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Акаевдердин кичи мекени, Кеминде 28-январда болот. Экс-президенттин агасы 1939-жылы туулган. Кыргызстандын парламентинин Эл өкүлдөр палатасынын депутаты болгон.

2014-жылы туңгуч президенттин дагы бир агасы Болот Акаев каза болгон. Анда Аскар Акаев келүүнү пландаган, бирок акыркы учурларда келбей эле коюу чечимин кабыл алган.

Аскар Акаев Кыргызстандын президенттигинен 2005-жылдын мартында кетирилген. Анда массалык нааразычылыктардын пайда болушуна 2005-жылдын мартында өткөн Кыргызстандагы парламенттик шайлоолордун жыйынтыктары себеп болгон. Акаев анда жакындары менен бирге өлкөдөн чыгып кеткен болчу. Учурда туңгуч президент Москвада иштеп, ошол жакта жашайт.

Автор: Айдана Апазбекова