Футбол боюнча Кыргызстан курамасынын жарым коргоочусу Антон Землянухин таиланд премьер-лигасында ойногон «Сисакет» клубу менен келишимге кол койду.

Землянухин келишимди бир сезонго, марттан октябрга чейин деп түздү. Мурдагы сезондо «Сисакет» клубу чемпионатта ойногон 18 команданын ичинен 13-орунду алган.

Ал Кыргызстандын Футбол федерациясына курган маегинде жаңы клубда 20-катар саны менен ойной тургандыгын айткан. Землянухин улуттук курамада ойногон сүйүктүү 22-катар саны «Сисакетте» бош эмес болуп чыккан.

«Мени командага тааныштырышты. Балдар менен бирге машыгуу өткөрдүк. Мени абдан жакшы кабыл алышты», — деди Землянухин.

Футбол трансферлерине адистешкен transfermarkt.de сайтындагы маалыматка ылайык, Землянухин «Сисакеттин» эң кымбат оюнчусу болуп калды. Анын базардагы баасы 350 миң еврону түзөт.

Ал ошондой эле Кыргызстан курама командасынын да эң кымбат оюнчусу.

Оюнчунун баасына профессионалдык жана жеке мүнөздөмөлөрү сыяктуу көптөгөн факторлор таасир этет. Ал трансфердик баасынан — клуб футболчуну сатып алган баадан — айырмаланышы мүмкүн.

Буга чейин Землянухин Сербиянын «Раднички» клубунда ойногон. Анда ал 2015/2016 сезонунда 14 жолу оюн талаасына чыгып, 4 гол киргизген.

Землянухин — ушул трансфер терезесинде клубун алмаштырган Кыргызстан курамасынын төртүнчү оюнчусу.

Буга чейин мурда ойногон клубдарын Кыргызстан курамасынын чабуулчулары Мирлан Мурзаев («Аль-Ахли», Бахрейндин жогорку лигасы) менен Иван Филатов («Сохар», Омандын жогорку лигасы), ошондой эле жарым коргоочусу Эдгар Бернхард («Аль-Оруба», Омандын жогорку лигасы) алмаштырган.

Жалпысынан Кыргызстан курамасынын тогуз футболчусу чет өлкөлүк клубдарда ойношот.

Гардиан британ гезити улуттук кураманын жетишкендиктери үчүн чет өлкөлүк клубдарда ойногон оюнчуларга басым жасаган башкы машыктыруучу Александр Крестининге ыраазычылык билдирүү керек деп эсептейт.

Учурда Кыргызстан Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 107-орунда. Кыргыз курамасынын мындай жетишкендигине анын 2018-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу беттештеринин алкагында Иордания курамасынын үстүнөн жеңишке жетиши себеп болгон. Анда Кыргызстан рейтингде дароо 16 позицияга жогорулаган.