Жол кайгуул кызматы инспекторун унаа капотунда сүйрөп кеткен айдоочунун аты-жөнүн тактады, бирок азырынча колго түшүрө элек
Жол кайгуул кызматы инспекторун капотунда сүйрөп барып таштаган BMWнын айдоочусун тапты.
Ал 22 жаштагы жаран болуп чыкты, азырынча аты-жөнү айтылбай эле.
Учурда ЖКК инспекторунун абалы канааттандыраарлык. Милиция унаасы айып унаа токтотуу жайына жөнөтүлгөн айдоочуну издеп жатат.
Окуя 28-январда болгон. ЖКК инспектору алдыңкы капталдагы айнектери караңгылатылган унааны токтотушуп, айдоочусунан документтерин жана айнектерин караңгылатууга берилген уруксат кагазын көрсөтүүнү өтүнүшкөн.
Бирок айдоочу алдыда турган ЖКК кызматкерин сүзүп, анын унаанын капотуна жармашып калганына карабастан өз жолун уланта берген.
Бул айдоочулар милиция өкүлдөрүнүн унаасынын капотуна жармашканына карабастан шаар аралап айдаган алгачкы учур эмес.
2014-жылдын февралында да ушуга окшогон окуя болгон. Анда «Мицубиси» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу документтерин талап кылган милиционерди капотуна жаткырган бойдон айдап кеткен.