Өзбекстандын курчоосунда калып кеткен Барак айылынын тургундарынын жашоо шарты "жаман" болгондуктан, көпчүлүгү айыл өкмөтүнөн башка жер тилкелерин сурап жатышат. Ош облустук администрация бул маселе боюнча өкмөттүн токтому бир жылдан бери чыкпай жатканын билдирди.
Өзбекстандын курчоосунда анклап болуп калып кеткен Барак айылындагы жашоочулардын айтымында, жашоо шарты "абдан жаман абалда". Электроэнергиясы толук кандуу эмес, "күнүнө эки саат гана берилет". Өзбекстан каалаган мезгилде чек араны жаап, тургундарды сырт жак менен байланышуусуна "кысым көргөзөт". Ушул себептерден улам башка шарты бар жерлерди талап кылууда.
Бул маселе боюнча Ош облустук администрациясынын басма сөз кызматынын башчысы Канболот Тутуев "Клоопко" берген интервьюсунда, Кара-Суу районуна караштуу Сары-Колот айылдан 18 гектар жер бөлүнүп бериле тургандыгын, бирок өкмөттөн уруксат жоктугун айтты.
"Бул жер Жогорку Кеӊештен, анан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнөн токтом чыгыш керек экен. Ошол токтом чыкпастан бүгүнкү күндө турат",—деп айтты Тутуев.
Барак айылында 700гө жакын адам жашайт. Бирок анын баары эмес, арасынан «келечекте балдарыбызга мурас болуп калсын" дегендер гана үй салуу үчүн жер тилкесин талап кылууда.
Кара- Суу районунун башкы архитектору Кулназар Жутанов Тутуевтин сөзүнө кошулуп, облустук башкармалыкка барактыктар арыз менен кайрылышканын маалымдады.
"Эмне себептен бир жылдан бери каралбаганын билбеймин[...]. Биз бүгүнкү күндө генпланды даярдап койгонбуз. Бериле турган жердин генпланы да чийилген»,—деди Жутанов.
Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын президент аппаратынын саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров "маалыматым жок",—деп билдирди.
"Жаштарга жер бөлүнсүн"
Барак айылынын айыл башчысы Бурканбек Машировдун айтымында, 2010-жылдагы кыргыз-өзбек кагылышуусунан кийин Өзбекстан чек араны ошол маалда жаап салгандыктан айылдын тургундары сырт жак менен байланыша албай калган. Ошондой эле ал айыл өкмөтү бөлүп бере турган Сары-Колот аймагындагы жер тилкелери кайрак экендигин кошумчалады.
"[...]Мындайча айтканда ар бир үй-бүлөөгө, ар бир кожолукка бирден чек ажыратылып берилсе, жаштарды ошол жакка коюп,калган муун ушул жерде калып кыргыз жерин сактап калалы деген ой менен",—деди айыл башчы.
Бирок айыл тургундары Сары-Колотко көчүүгө макул эмес. Себеби Сары-Колотто "жашоого такыр шарты жок, ал жерге барып кыйналууну каалашпайт".
"Анклапта жашап кыйналганы аз келгенсип, булар ошо адырга барып,таптакыр шарты жок жерге барып кыйналалыбы?»,—деп суроо берди Маширов.
Ушул айылынын тургуну Мавлян Исабеков, өзүнүн жерин коргоп бул жерде калаарын билдирди. Бирок балдары үчүн башка жерден үй салаарын кошумчалады.
«Кимдир бирөөгө зарыл, мисалы мен үчүн зарылдыгы жок. Себеби менин ушул жерде 300 гектар жерим бар. Биз ошо өзүбүздүн жерди коргоп калышыбыз керек. Балдарыбызга гана чек берсе",—деди Исабеков.
Инимжан Эргешов да жерге зарылдыгын билдирди, анткени Өзбекистан Барак айылынын жашоочуларынан башка эч кимди өткөзбөстүгүн айтып кейиди.
«Эми той болсо, бала-чаканы үйлөсөң эки жерге той кылсаӊ, өлүм-житимде тууган уруктар өтө албаса жашоо болобу? [...]»,— деди Эргешов.
Ал эми Махабат Айдарованын айтуусунда, "жакшы айылды Өзбекстанга бербей сактап калуу керек".
«Биз азыр ошентип таштап кете берсек баарыбыз эле, анда Кыргызстан ансыз деле аз болсо, аз калк, аз жер болсок. Өзбекстан жөн эле алып коёт. Автоматтык түрдө таштап чыгып кете турган болсок. Ошол үчүн жерди да сактап калышыбыз керек да»,—деди Айдарова.
Редактор: Айзат Шакиева