Өкмөт башчысы Кубанычбек Кулматовдун өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызына кол койду. Мэрдин милдеттерин вице-мэр Айгүл Рыскулова аткарат. Кулматов башка мамлекеттик кызматка барат.

Бишкектин экс-мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова Kloop.kgнын кабарчысы менен болгон маегинде Кубанычбек Кулматовдун кызматтан кетүүсү боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, калаа башчысы кызматтан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган.

«Ал [Кулматов] мамлекеттин башка тармагында пайда келтирүү үчүн кызматтан кетүүдө. Мунун артында эч кандай саясий жашыруун сыр, чыр-чатактар жок», — деп белгиледи ал.

Мэрдин кеңешчиси калаа башчысынын жаңы кызматы тууралуу эч нерсе билдирген жок. Айтымында, «Кулматовго ал тууралуу өзүнүн айтканы жагымдуу болот».

Өкмөттүн басма сөз катчысы Бакыт Асанов Kloop.kgге өкмөт башчысы Кулматовдун арызына кол койгонун билдирди. Борбордун мэри шайланганга чейин анын милдеттерин вице-мэр Айгүл Рыскулова аткарат.

Кубанычбек Кулматов кызматтан кетүү тууралуу бүгүн өз каалоосу менен арыз жазган.

Кулматов 2014-жылдын ортосунда, ага чейин ал кызматты ээлеп турган Иса Өмүркулов кеткенден кийин Бишкектин мэри болгон.

Мэрди шайлоодо ал жалгыз талапкер болгон — анда Кулматовду колдоп Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 41и добуш беришкен.

Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында мэрдин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзө турганын айткан. Ага чейин өлкө башчысы Кулматовду Бишкектеги таштанды көйгөйүнө байланыштуу сынга алган болчу.