АКШ элчиси кыргыз парламентинин төрагасы менен болгон жолугушуусунда кызматташуу боюнча жаңы макулдашуу даярдалып жаткандыгы тууралуу билдирди. Эксперттер бул кыргыз-америка мамилелери үчүн кандай таасир этиши мүмкүндүгү боюнча өз пикирлерин билдиришти.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда кызматташуу боюнча жаңы макулдашуу даярдалып жатканын айтты.
«Соңунда америкалык дипломатиялык миссиянын башчысы Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы Кызматташуу тууралуу жаңы макулдашууну иштеп чыгуу боюнча тараптардын өкмөттөрүнүн деңгээлинде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди», — деп жазылган парламенттин билдирүүсүндө.
Буга чейинки макулдашуу АКШ Мамдепартаменти өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго өз сыйлыгын ыйгаргандан кийин Кыргызстан тараптап бир тараптуу бузулган.
Жаңы макулдашуунун деталдары белгисиз. Азырынча анын иштеп чыгуу баскычында экени гана белгилүү.
АКШнын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Жон Браун Kloop.kgге жөнөткөн катында «эки тараптын тең кызыкчылыктарын камтыган маселелер боюнча дайыма диалог жүргүзүү» тууралуу деген сөздөр менен гана чектелип, макулдашуунун чоо-жайы тууралуу билдирген жок.
«Биз ишенимдин, теңдиктин жана өз ара урматтоонун негизинде эки элдин кызыкчылыктарына жооп бере турган мамилелерибиздин андан ары өнүгүүсүнүн жолдорун табууга умтулабыз», — деп жазды элчиликтин басма сөз кызматы Браунга шилтеме жасап.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурлан Сүйөркулов Kloop.kgге жаңы макулдашуунун түзүлгөндүгүн ырастай да, төгүндөй да албай турганын айтты. Ал башка өлкөлөр менен кызматташууну калыбына келтирүү боюнча иштер дайыма жүргүзүлүп турарын белгиледи.
«Кайрадан баштоо» же «нормалдаштыруу»?
Kloop.kg тарабынан сурамжыланган эксперттер эки өлкө тараптан жасалып жаткан мындай кадамдар эмнени түшүндүрүшү мүмкүндүгү боюнча түрдүү пикирлерин билдиришти.
Саясат таануучу Марс Сариев АКШ кызматташууну токтотууга ниеттенбегендигин айтты — макулдашуулардын даярдалып жатышын ал «кайрадан баштоо» деп атады.
«Менимче кайрадан баштоо, гранттык долбоорлорду кайрадан карап чыгуу жана өкмөттүк эмес секторго жаңы мамилелер болот деп ойлойм. Мамлекеттик түзүмдү, административдик структураларды реформалоо боюнча абдан чоң долбоорлор болот», — деди ал.
Улуттар аралык мамилелер боюнча эксперт Медет Төлөгөнов кызматташууну калыбына келтирүү — бул «учурдагы мамилелерди нормалдаштыруу» деген божомолун айтты.
«Туруктуу нормативдик база зарыл, анткени АКШ — бул аймактагы ири оюнчу. Чынында бул кадыресе көп вектордуу саясат жүргүзүү аракети, башка мамлекеттердей эле Кыргызстан сыяктуу өлкө үчүн да бул нормалдуу көрүнүш», — деди Төлөгөнов.
Кыргызстан менен АКШнын жакындашуусу боюнча кадамдар кыргыз бийлигинин Нарын дарыясында ГЭСтерди куруу боюнча Орусия менен кызматташуудан баш тартышынын фонунда болууда.
Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Орусия «экономикалык кыйынчылыктардан» улам ГЭСтердин курулушун инвестициялай албайт. Кыргызстан азыр Орусияга $37 млн. кайтарып берип, жаңы инвесторлорду издеши керек.
Марс Сариев Орусия Кыргызстандын аракеттерине көңүл коюу менен көз салат деп эсептейт. Анын пикиринде, курамына Орусия дагы, Кыргызстан дагы кирген ЕАЭБ боюнча өнөктөштүктү эске алуу зарыл.
«Өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн болгон жарым миллиондон ашык мигрант бар, анан да Орусиянын ички баасы менен берилип жаткан күйүүчү-майлоочу май. Абалды туруксуздаштыруу абдан оңой. 2010-жылдагы революция эсиңерде болсо керек, анда күйүүчү-майлоочу майды дүйнөлүк баа менен берип коюу эле жетиштүү болгон», — деди саясат таануучу.
Төлөгөнов Орусия Кыргызстандын АКШ менен кызматташуусуна тыюу сала албайт деп эсептейт. Анын пикиринде, макулдашуу ансыз деле берилип жаткан жардамдарга байланыштуу болушу мүмкүн.
«Көптөгөн мекемелер, мамлекеттик түзүмдөр кызматташуулардын уланып, жардам алууларын улантууга кызыкдар. [...] Баары тең анча оор эмес деп ойлойм», — деди ал.
АКШ менен болгон келишимдин денонсацияланышы
Кыргызстан АКШ менен кызматташуу тууралуу базалык келишимди 2015-жылдын августунун аягында, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун АКШ Мамдепартаменти тарабынан сыйланышынан улам бузган.
Кыргызстандын бийлиги АКШ бийлигинин ал аракетин айыптап, өз кадамын укук коргоочунун сыйланышы улуттар аралык ынтымакты бекемдөө боюнча бийликтин аракеттерине доо кетириши мүмкүндүгү менен түшүндүргөн.
Өз кезегинде АКШ элчилиги кыргыз бийлигинин чечимине «капаланганын» билдирген. Бирок элчи Шейла Гуолтни журналисттер менен болгон жолугушуусунда Кыргызстандын чечимин «сыйлай турганын» айткан.
Кыргызстандын АКШ менен кызматташуусу 1993-жылы башталган. Анда Кошмо штаттар өлкөнүн көз карандысыздыгын тааныган алгачкы өлкөлөрдүн бири болгон.
Кызматташуу башталган 22 жыл ичинде АКШ Кыргызстанга 2 млрд. долларлык жардам көрсөткөн. Ал каражаттар «демократиялык кайра түзүүлөрдү колдоо менен бекемдөөгө» багытталган.